Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:31

Оор атлетчи Бакдөөлөт Расулбеков Таиландда жеңишке жетти


Иллюстрация.
Иллюстрация.

Кыргызстандык оор атлетчи Бакдөөлөт Расулбеков Таиландда өтүп жаткан эл аралык турнирде алтын медаль утуп алды.

Олимпиада оюндарына тандоо алкагында өтүп жаткан квалификациялык "EGAT's Cup-2019" турниринде Расулбеков 102 кг салмак арасында мелдешке чыкты. Ал 157 кг оордукту булкуп көтөрсө, түртүп көтөрүүдө 202 кг салмакты багындырды.

Жыйынтыгында Бакдөөлөт Расулбеков жалпысынан 347 кг оордукту көтөрүп, биринчи орунду алды.

Бул турнирде дагы бир кыргызстандык Иззат Артыков 67 кг салмакта мелдешке чыгып, 4-орунду алган.

Оор атлетикадагы жаңы эрежелерге ылайык, спортчулар квалификациялык турнирлерде упайларды топтошуп, көп упайга жеткен спортчулар 2020-жылы Жапонияда өтө турган Олимпиада оюндарына жолдомо алышат. (SDz)

XS
SM
MD
LG