Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:10

Садыр Жапаров Акжол Махмудов менен Айпери Медет кызын куттуктады


Садыр Жапаров, президент.
Садыр Жапаров, президент.

Президент Садыр Жапаров Токио Олимпиадасына катышып жаткан балбандар Акжол Махмудовду жана Айпери Медет кызын куттуктады.

Мамлекет башчысы куттуктоосун "Инстаграмдагы" баракчасына жазды:

"Бүтүндөй өлкө демин ичине катып, Акжол чечүүчү күрөштө ийгиликке жетишсе экен деп жан дили менен тилеп отурушат! Ошондой эле, Айпери Медет кызын дагы Олимпиадада ийгиликтүү күрөшкөндүгү менен куттуктайм. Бул жолку күрөштөр ал үчүн чоң тажрыйба жана келечектеги Олимпиадалык медалдардын башталышы болот деп ишенем!
Алга, Кыргызстан!".

2-августта грек-рим күрөшү боюнча 77 килограмм салмакта кыргызстандык Акжол Махмудов армениялык атаандашы Карапет Чальянды жарым финалда 6:2 эсебинде жеңип, финалга жолдомо алды. Махмудов алтын байге үчүн 3-августта күрөшөт. Атаандашы - венгриялык Таман Лоринц.

76 килограмм салмакта килемге чыккан Айпери Медет кызы коло байге үчүн күрөштө түркиялык Ясемин Адарга жеңилип, 5-орунду ээледи. Медет кызы таймаштарын 1-августта баштаган.

3-августта Айсулуу Тыныбекова менен Атабек Азисбеков беттештерин баштайт. Мээрим Жуманазарова менен Үзүр Жусупбеков жооткотуучу мелдешке чыгышат. Эгер утса, коло медаль үчүн күч сынашууга жолдомо алышат.

Кыргызстанда Токио Олимпиадасына 16 спортчу аттанган. Мамлекет алтын медал алгандарга 10 миллион сом, күмүшкө жети миллион сом, коло үчүн беш миллион сом сый акы убада кылган.

23-июлда расмий ачылган Олимп-2020 мелдештери 8-августта жыйынтыкталат. (SE)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG