Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:48

Токио-2020: дзюдочу Владимир Золоев мелдештен четтеди


Дзюдочу Владимир Золоев.
Дзюдочу Владимир Золоев.

Кыргызстандык дзюдочу Владимир Золоев 27-июлда Токиодо өтүп жаткан Олимпиада оюндарында дзюдо боюнча мелдешке чыкты. Ал 81 килограммга чейинки салмакта күрөшүп, алгачкы беттешинде орусиялык балбан Алан Хубецовго жеңилип, мелдештен четтеп калды.

Беттештин негизги бөлүгүндө Владимир Золоев пассивдүү күрөшкөнү үчүн эки эскертүү алды. Негизги убакытта жеңүүчү аныкталбай, балбандарга кошумча (биринчи упайга же биринчи эскертүүгө чейинки кошумча бөлүк) убакыт берилди. Кошумча убакыт бүтөрүнө аз калганда калыс Золоевге дагы бир эскертүү берип, жеңишти орусиялык спортчуга ыйгарды.

Дзюдонун эрежеге ылайык, беттеште балбан үч эскертүү алганда жеңиш атаандашына ыйгарылат.

Токиодо олимпиада оюндары 23-июлда расмий ачылды. 8-августа жыйынтыкталат. Оюндарда спорттун 33 түрүнөн 339 медалдар топтому ойнотулуп жатат. Мелдештерге дүйнөнүн 207 өлкөсүнөн 11300 спортчу катышууда.

Олимп оюндарына Кыргызстандан16 спортчу катышып жатат. Буга чейин кыргызстандык спортчулар Каныкей Кубанычбекова, Денис Петрашов жана Роман Петров мелдешке чыгып, атаандаштарына жеңилип, мелдештен четтеп калган. (GT)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG