Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 17:24

Олимпиада: Орусия 25 жылда биринчи жолу сууда сүзүүдөн алтын алды


Токио-2020: орусиялык суучулдар - алтын медал ээси Евгений Рылов менен күмүш медал тагынган Климент Колесников.
Токио-2020: орусиялык суучулдар - алтын медал ээси Евгений Рылов менен күмүш медал тагынган Климент Колесников.

Орусиялык суучулдар Евгений Рылов менен Климент Колесников Токиодогу Олимп оюндарында 100 метрлик аралыкка аркасы менен сүзүү боюнча мелдеште катары менен алтынга жана күмүшкө ээ болушту.

Коло медалды үчүнчү болуп келген америкалык Райана Мерфи тагынды.

Орусия акыркы жолу мындан 25 жыл мурун, тагыраагы 1996-жылы Атлантадагы Олимп оюндарында сууда сүзүү боюнча биринчиликти алган болчу.

Токиодогу Олимп оюндары пандемиянын шарты боюнча көрүүчүлөрсүз жана спортчулар үчүн атайын чектөөлөр менен өтүүдө. Башкача айтканда алар мелдештен сырткары убакта жана сыйлануу учурунда беткап тагынууга милдеттүү.

Суучул Евгений Рылов суудан чыкканда мышыктын сүрөтү бар бет кап менен болуп, ал эми сыйлоо учурунда кадимки беткапчан чыкты. Спортчунун айтымында, уюштуруучулар ага мышыктын сүрөтү тартылган беткап менен чыгууга уруксат беришкен эмес.

Токиодогу Олимп оюндарына орусиялык курама Орусиянын Олимпиада комитетинин желеги астында чыгууда. Допинг чырына байланыштуу Орусия 2022-жылга чейин эл аралык мелдештерде мамлекеттик символиканы пайдалана албайт.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG