Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Июнь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:23

Токио-2020: серфинг жана скейтбординг боюнча жарыштар башталууда


Токиодо жайкы Олимп оюндарынын экинчи күнү уланууда. 25-июлда спорттун 10 түрү боюнча 18 алтын медаль ойнотулду. Алардын арасында спорттун олимпиадалык түрү катары жаңыдан таанылган серфинг жана скейтбординг боюнча да мелдештер башталды. Серфинг боюнча жарыш аба ырайынын шарты ыңгайлуу болсо өтөт. Ал эми скейтборд боюнча алгачкы олимпиадалык медалдар ыйгарылат. Мындан сырткары дүйнөдөгү таанымал спортчулар катышкан аялдар арасында теннис, гимнастика жана баскетбол боюнча мелдештер башталууда.

Пандемиядан улам бир жыл кечигип өтүп жаткан Олимпиада COVID-19дан улам чочулоо менен коштолууда. 24-июлга карата Олимп оюндарына тиешеси бар 127 адамдан вирус аныкталды. Алардын көпчүлүгү оюндарды уюштуруу үчүн тартылган кызматкерлер болсо, үчтөн бери башка мамлекеттердин жарандары.

Ооруп калгандардын арасында коронавируска каршы эмдөөдөн өтпөгөндөр бар. Алардын айрымдары мурда ооруп чыкканы үчүн вакцина албаганын түшүндүрсө, кээ бир спортчулар мелдеш алдында эмдөөдөн өтүүнү каалабаганын айтышкан.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG