Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:10

Токио-2020: Акжол Махмудов финалда күрөшөт


Акжол Махмудов чейрек финалда азербайжандык Рафиг Хусейновду 9:1 эсеби менен жеңди.
Акжол Махмудов чейрек финалда азербайжандык Рафиг Хусейновду 9:1 эсеби менен жеңди.

Токиодо өтүп жаткан Олимпиада оюндарында грек-рим күрөшү боюнча 77 килограмм салмакта кыргызстандык Акжол Махмудов армениялык атаандашы Карапет Чальянды жарым финалда 6:2 эсебинде жеңип, финалдык таймашка жолдомо алды.

Беттештин 1-айлампасында алгач бир упайды армян балбаны алды. Андан соң Махмудов катары менен упайларды алып, эсепти 6:1ге жеткирди. 2-айлампада армениялык бир упай алганга үлгүрүп, Махмудов артыкчылыгын бекемдеп андан ары эсепти өзгөртпөй сактап калды.

Махмудов буга чейин үч беттеш өткөргөн. Алгач тунистик Ламьед Маафини 11:0 эсеби менен уткан. Чейрек финалда азербайжандык Рафиг Хусейновду 9:1 эсеби менен жеңген. Алдыда алтын байге үчүн венгриялык Таман Лоринц менен күрөшөт. Финалдык таймаш 3-августта Бишкек убактысы боюнча саат 15:15те башталат.

Бул күнү күрөштүн ушул эле түрүнөн 97 килограмм салмактагы Үзүр Жусупбеков армениялык, учурдагы олимпиада чемпиону Артур Алексанянга утулуп калды.

Кыз-келиндер күрөшүнөн 68 килограмм салмакта катышып жаткан Мээрим Жуманазарова чейрек финалда нигериялык Блессин Оборудудуга 2:3 эсеби менен утулуп калды. Жуманазарова ага чейин болгариялык Мими Николова Христованы 7:5 эсебинде жеңип алган. Эгер нигериялык спортчу финалга чыкса Мээримге жооткотуучу беттешке чыгууга мүмкүнчүлүк бар.

Акжол Махмудов 22 жашта. Уландар (кадеттер) арасында Азиянын эки жолку, дүйнөнүн бир жолку чемпиону (2016-ж).

2017-жылы жаштар арасында Азия чемпиону аталып, дүйнө чемпионатынын күмүш байгесин алган. 2018-жылы чоңдор арасында Азия чемпиону болуп, Азия оюндарында күмүш медалын тагынды. Ушул эле жылы жаштар арасында дүйнө чемпионатында коло медал тагынган.

2019-жылы январь айында чоңдор арасында Кыргызстандын чемпионатын жеңип, бир айдан кийин сол тизесинен жаракат алып көп мелдештерге катыша албай калды. Жаракатына байланыштуу 2020-жылдагы Кыргызстандын чемпионатына катышкан эмес. Ал жылы декабрда Сербиянын Белград шаарында өткөн Дүйнө кубогунда алгачкы атаандашына жеңилип байгесиз калган.

2021-жылы Кыргызстандын чемпионатын жеңип, март айында Казакстандын Алматы шаарында өткөн Азиялык квалификациялык мелдеште алтын байге алып, Олимп оюндарына жолдомо алган.

Токиодо Олимпиада оюндары 23-июлда башталган. Ага кыргызстандык 16 спортчу катышууда. Мамлекет Олимп оюндарында алтын медаль уткан спортчуга 10 миллион сом, күмүш медалга 7 миллион сом, коло медалга 5 миллион сом сый акы берерин убада кылган.

Олимпиада оюндары 8-августта жыйынтыкталат.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG