Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:36

Мугалимдердин 70-80% коронавируска каршы эмделди


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстандын билим берүү тармагында иштегендердин 54-80% коронавируска каршы эмдөөдөн өттү. Бул тууралуу 2-августта Билим берүү жана илим министрлиги билдирди.

Мекеменин маалыматы боюнча, бала бакчалардын кызматкерлери арасында COVID-19га каршы вакцина алгандар бүгүнкү күндө 80%, мектептерде 70-80%, кесиптик билим берүү мекемелеринде 60%, жогорку окуу жайларда 54,5% жетти. Кээ бир мекемелерде эмделгендер жамааттын 100% түзүүдө.

Өлкөдө коронавируска каршы эмдөөдөн өткөндөрдүн жалпы саны 2-августка карата 574 миңден ашты. Ооруну жугузуп алгандардын расмий катталган саны 165 миңге, каза болгондор 2344 адамга жетти.

Учурда республиканын бардык аймактарында "Спутник V", Sinopharm жана AstraZeneca вакциналарын алууга шарт бар.

Мамлекеттик окуу жайлардын жана бала бакчалардын көбү, айрыкча Бишкектегилер коронавируска байланыштуу 2020-жылдын март айында жабылгандан бери ачыла элек. Окуу аралыктан жүрүп жатты.

Быйылкы жаңы окуу жылы кандай болору мугалимдердин “Август кеңешмесинде” чечилгени жатат.

Президент Садыр Жапаров 23-июлда Sinopharm вакцинасын алды. Ал элге кайрылып, эмдөөдөн өтүүгө, вакцинацияга байланыштуу жалган маалыматтарга ишенбөө чакырды. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG