Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 00:09

Эл аралык Олимп комитети: Беларус күчтөп алып кетүүнү көздөгөн спортчу коопсуз жерде


Кристина Тимановская
Кристина Тимановская

Беларус күч менен чыгарып кетүүгө аракет кылган жеңил атлетчи Кристина Тимановская учурда Токиодо “коопсуз жана ишенимдүү жерде” турат. Бул тууралуу Эл аралык Олимпиада комитети 2-августта кабарлады.

24 жаштагы жөө күлүк Тимановская Олимп оюндарында 100 жана 200 метрлик жарышка катышуу үчүн Токиого келген. Ал бир нече күн мурун "Инстаграмдагы" баракчасынан беларустун спорттук аткаминерлери анын макулдугусуз 400 метрлик эстафетага катыштырууну чечишкенин айтып, сынга алган эле.

Мындан соң 1-августта эртең менен беларус бийлиги спортчуну шашылыш түрдө Токиодон чыгарып кетүүгө аракет кылып, Ханэда аэропортуна алып келген. Аэропорттон Тимановская бийлик күч менен өлкөсүнө кайтарууга аракет кылып жатканын айтып, учакка отуруудан баш тарткан.

Ал Эл аралык Олимпиада комитетине видео кайрылуу жолдоп “Бийлик мага басым кылып, менин макулдугумсуз күч менен алып кеткени жатышат” деп билдирген. Мындан соң Эл аралык Олимпиада комитетинин өкүлдөрү спортчуга жолугуп, аны колдоорун жарыялаган.

Оппозициячыл спортчуларды колдогон Беларус спорттук тилектештик фонду Кристина Тимановская Германия же Австриядан саясий башпаанек суроого ниеттенип жатканын билдирди.

Ал тапта Чехия жана Польшанын бийликтери беларус спортчусуна башпаанек берүүгө даяр экенин айтышты.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG