Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 14:35

УКМК: Аскар Акаев Бишкекке жеткирилип, тергөө тобуна өткөрүлүп берилди


Аскар Акаев. Архивдик сүрөт.
Аскар Акаев. Архивдик сүрөт.

Кыргызстандын мурдагы президенти Аскар Акаев “Кумтөр” долбоорун ишке ашыруудагы коррупция фактылары боюнча кылмыш ишин иликтөө алкагында 2-августта Бишкекке жеткирилип, ишти тергеп жаткан мекеме аралык тергөө тобуна өткөрүлүп берилди. Бул тууралуу 2-августта Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) билдирди.

Мекеме “Азыркы тапта Аскар Акаев УКМКнын имаратында. Анын катышуусу менен тийиштүү тергөө аракеттери жүрүп жатат” деп билдирди.

УКМКнын маалыматына караганда, "Акаев мурдагы жогорку кызматтагы адамдар менен катар 1992-жылы "Кумтөр" долбоору боюнча башкы макулдашууну түзүүдөгү, ага 1994-жылы өзгөртүү киргизүүдөгү жана 2003-жылы "Камеко" компаниясы менен башкы макулдашууну реструктуризациялоодогу коррупция фактысы боюнча кылмыш жообуна тартылган. Тергөө Акаев президент болуп турган кезде "Кумтөр" долбоорун ишке ашыруудагы коррупцияга тиешеси бар бардык адамдарга юридикалык баа берген".

Бирок Аскар Акаев менен жакын байланыштагы адамдар мурдагы президент Кыргызстанга өзү келгенин билдирип, УКМКнын маалыматын четке кагууда.

Акаев Кыргызстанды 1990-2005-жылдары башкарган. 2005-жылкы март окуясында бийликтен кулатылгандан кийин үй-бүлөсү менен Орусияга чыгып кеткен, ошондон бери мекенине келе элек.

Өлкөнүн азыркы бийлиги Кумтөр алтын кени боюнча эл аралык соттук териштирүүдө “Центерра Голд” мурдагы мамлекет башчыларын "сатып алганын" далилдөөгө аракет жасай турганын билдирип, буга байланыштуу мурдагы президенттер Аскар Акаевге, Курманбек Бакиевге жана Алмазбек Атамбаевге карата кылмыш иши козголгонун маалымдаган. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG