Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:43

Чүйдө көл жырылып, куткаруучулар күчөтүлгөн тартипте иштөөдө


Окуя болгон жер.
Окуя болгон жер.

Чүйдө көл жырылып, сел суусу айрым жерлерди каптады, жайлоодо жана суу боюнда жашагандар коопсуз жерлерге чыгып жатышат. Бул тууралуу 2-августта саат 14тө Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ) басма сөз кызматы билдирди.

Мекеменин маалыматына караганда, Чүй облусунун Сокулук районундагы бийик тоолуу Акпай көлү жырылды. Сел жүрүп, Сокулук – Төш-Булак – Шаркыратма жолунун 37-чакырымында 400 метрлик жолду жаап калды.

Окуя болгон жерден тартылган сүрөт.
Окуя болгон жерден тартылган сүрөт.

Сел аккан жайлоодон куткаруучулар сегиз малчыны үй-бүлөсү менен кошо көчүрүп чыгышты.

Сокулук – Шаркырытма автоунаа жолу жабык турат.

Сокулук суусунун нугунда суунун көлөмү болжол менен 20 куб болуп агууда.

Окуя болгон жер.
Окуя болгон жер.

Суунун боюндагы жашоочулар учурга жараша үйүнөн алыс жайларга чыгып кетүүдө.

Чүй облусунун Жарандык коргонуу күчтөрү жана Сокулук районунун ӨКМнин куткаруучулары күчөтүлгөн режимде иштөөгө өтүштү.

Кыргызстанда 2 миңдей көл бар, алардын көбү бийик тоолордо. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG