Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 18:13

Аскар Акаев Кыргызстанга келе жатканы кабарланууда


Аскар Акаев. 2010-жыл.
Аскар Акаев. 2010-жыл.

Кыргызстандын биринчи президенти Аскар Акаев бүгүн, 2-августта Бишкекке келери кабарланды. Бул тууралуу жергиликтүү жалпыга маалымдоо каражаттары жазып жатышат. Маалыматты “Азаттыктын” жеке булактары да тастыкташты.

Акаев Кыргызстанды 1990-2005-жылдары башкарган. 2005-жылкы март окуясында бийликтен кулатылгандан кийин үй-бүлөсү менен Орусияга чыгып кеткен, ошондон бери мекенине келе элек.

Өлкөнүн азыркы бийлиги Кумтөр алтын кени боюнча эл аралык соттук териштирүүдө “Центерра Голд” мурдагы мамлекет башчыларын "сатып алганын" далилдөөгө аракет жасай турганын билдирип, буга байланыштуу мурдагы президенттер Аскар Акаевге, Курманбек Бакиевге жана Алмазбек Атамбаевге карата кылмыш иши козголгонун маалымдаган. (RK)

XS
SM
MD
LG