Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 08:15

Акжол Махмудов: Олимпиадада бүгүн болбосо дагы качан күрөшөм, качан утам!


Акжол Махмудов армениялык атаандашы Карапет Чальянды жарым финалда 6:2 эсебинде жеңди.
Акжол Махмудов армениялык атаандашы Карапет Чальянды жарым финалда 6:2 эсебинде жеңди.

“Дүйнөлүк олимпиадада күч сынашуу мүмкүнчүлүгү ар кимге бериле бербейт, эртеңки таймашта да болгон күч-аракетимди жумшайм” деп билдирди 2-августта “Азаттык” радиосунун казак кызматына Токиодо жарым финалда атаандашын утуп, финалга чыккан кыргызстандык спортчу Акжол Махмудов:

“Ар бир таймаш, ар бир секунда жана минута маанилүү болду. Анткени бүгүн болбосо дагы качан күрөшөм мен Олимпиадада! Бүгүн утпасам дагы качан утушум мүмкүн!? Мындай мүмкүнчүлүк ар дайым эле ар кимге бериле бербейт. Ар бир секунда сайын мен Кудайдан суранып жаттым. Мен эч качан мээнетиме таянбайм, баары Алла Тааладан. Эртеңки таймашта да болгон күч-аракетимди жумшайм”.

Махмудов: оюмдун баары Олимпиада болчу
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:27 0:00
Түз линк

Токиодо өтүп жаткан Олимпиада оюндарында грек-рим күрөшү боюнча 77 килограмм салмакта кыргызстандык Акжол Махмудов 2-августта армениялык атаандашы Карапет Чальянды жарым финалда 6:2 эсебинде жеңип, финалдык таймашка жолдомо алды.

Алтын байге үчүн венгриялык Таман Лоринц менен күрөшөт. Финалдык таймаш 3-августта Бишкек убактысы боюнча саат 15:15те башталат.

Акжол Махмудов 22 жашта. Уландар (кадеттер) арасында Азиянын эки жолку, дүйнөнүн бир жолку чемпиону (2016-ж).

2017-жылы жаштар арасында Азия чемпиону аталып, дүйнө чемпионатынын күмүш байгесин алган. 2018-жылы чоңдор арасында Азия чемпиону болуп, Азия оюндарында күмүш медалын тагынды. Ушул эле жылы жаштар арасында дүйнө чемпионатында коло медал тагынган.

Токиодо Олимпиада оюндары 23-июлда башталган. Ага кыргызстандык 16 спортчу катышууда. Мамлекет Олимп оюндарында алтын медаль уткан спортчуга 10 миллион сом, күмүш медалга 7 миллион сом, коло медалга 5 миллион сом сый акы берерин убада кылган. (Ruslan Medelbek)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG