Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:27

Аскар Акаев: Тергөөгө жардам бергени келдим


Кыргызстандын мурдагы президенти Аскар Акаев, 2021-жыл, 2-август.
Кыргызстандын мурдагы президенти Аскар Акаев, 2021-жыл, 2-август.

Кыргызстандын мурдагы президенти Аскар Акаев бүгүн, 2-августта Бишкекке келди. Ал ушул эле күнү президент Садыр Жапаров менен жолугуп, УКМКда "Кумтөр иши" боюнча сурак берди. Бул тууралуу ал сурактан чыккандан кийин журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып билдирди.

Мурдагы президент Кыргызстанга бийлик менен кызматташуу максатында келгенин айтты.

"Мен кызматташууга, көмөктөшүүгө келдим. Билесиздер, "Кумтөр" долбооруна байланыштуу мага дооматтар бар. "Кумтөр" менин учурумда түптөлгөн. Мен Улуттук коопсуздук комитетинин төрагасына ырааазчылык билдирем. Мени жакшы кабыл алышты. Албетте, суроолор бар. Алгачкы суракка кирип чыктым. Мен "Кумтөрдү" кантип, эмне үчүн түптөгөнүбүз тууралуу чын жүрөктөн айтып берүүгө келдим".

Акаев Президент Садыр Жапаров менен мамлекеттик резиденцияда жолукканын, Кыргызстанга келүүгө жол ачып бергени үчүн рахмат айтканын да кошумчалады.

2-августта Аскар Акаев уулу Илим менен чогуу Бишкекке келе жатканы кабарланып, аны “Азаттыктын” жеке булактары да ырастаган болчу.

Кийинчерээк Улуттук коопсуздук комитети Акаев “Кумтөр” долбоорун ишке ашыруудагы коррупция фактылары боюнча кылмыш ишин иликтөө алкагында Бишкекке жеткирилгенин жарыялады.

“КР УКМК А.Акаевди республиканын аймагына алып келүү менен кылмыш жоопкерчилигине тартуу жагынан тарыхый адилеттүүлүктү калыбына келтирүүгө багытталган тергөө учурунда активдүү иштерди жүргүзгөн. Ошентип, УКМК тарабынан көрүлгөн чаралардын натыйжасында 2021-жылдын 2 -августунда экс-президент Аскар Акаев Бишкекке жеткирилген, андан кийин дароо Ведомстволор аралык тергөө тобуна которулган. “УКМК тарабынан аткарылган чаралардын жыйынтыгында, 2021-жылдын 2-августунда мурдагы Президент Аскар Акаев Бишкек шаарына алынып келинди жана ведомстволук аралык тергөө тобуна өткөрүлүп берилди. Азыркы учурда А.Акаев УКМКнын имаратында, ал жерде Кумтөр кени боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында керектүү тергөө иш -аракеттери жүргүзүлүүдө”, - деп билдирген атайын кызмат саат кечки 4кө жакын тараткан маалыматында.

Бирок Аскар Акаев менен жакын байланыштагы адамдар мурдагы президент Кыргызстанга өзү келгенин билдиришкен.

Социалдык тармактарда Акаевдин учактан өзү түшүп келе жаткан сүрөтү жана видеосу жарыяланды.

Акаев Кыргызстанды 1990-2005-жылдары башкарган. 2005-жылкы март окуясында бийликтен кулатылгандан кийин үй-бүлөсү менен Орусияга чыгып кеткен, ошондон бери мекенине келе элек.

Өлкөнүн азыркы бийлиги Кумтөр алтын кени боюнча эл аралык соттук териштирүүдө “Центерра Голд” мурдагы мамлекет башчыларын "сатып алганын" далилдөөгө аракет жасай турганын билдирип, буга байланыштуу мурдагы президенттер Аскар Акаевге, Курманбек Бакиевге жана Алмазбек Атамбаевге карата кылмыш иши козголгонун маалымдаган.

Айыптоолордо коррупцияга жол берилип, Кыргызстандын кызыкчылыгы тебеленип, пайданын көбү чыгым катары көрсөтүлгөнү, көз жумду мамиленин айынан экологияга олуттуу зыян келтирилгени белгиленди. Кыргыз сотунда, андан ары эл аралык соттордо мурдагы үч президенттин кайсыл аракеттери үчүн жоопкерчилик каралышы мүмкүн?

“Кумтөр” алтын кен долбоорун иликтеген соңку мамлекеттик комиссиянын тыянагына таянган мекеме аралык тергөө тобу канадалык компания менен түзүлгөн келишимдердин бардыгын “Кыргызстандын кызыкчылыгына каршы түзүлгөн” деп тапты. Алардын арасынан биринчи президент Аскар Акаевдин учурунда кол коюлган “Кумтөрдү” реструктризациялоо боюнча 2003-2004-жылы бекитилген макулдашуу мамлекетке эң ири зыян алып келген деп мүнөздөлгөн.

Мурдагы президент Аскар Акаевдин учурунда бир катар чоң кызматтарда иштеген коомдук ишмер Бекболот Талгарбеков "Азаттыкка" анын Кыргызстанга келиши тууралуу маек курду.

Атайын кызмат Акаев “Кумтөр” долбоорун ишке ашыруудагы коррупция боюнча кылмыш ишинин алкагында Бишкекке жеткирилип, ишти тергеп жаткан мекеме аралык тергөө тобуна өткөрүлүп берилгенин билдирди. Санаалаштары мурдагы президент өз эрки менен келгенин айтып жатышат.

- Бекболот мырза, бүгүн Кыргызстанга өлкөнүн мурдагы президенти Аскар Акаев келди. УКМК ага козголгон кылмыш ишинин алкагында алып келингенин, жакындары ал өз каалоосу менен келгенин айтып жатат. Акаевдин Кыргызстанга келишинин жагдайы сизге белгилүүбү?

- Чындык ортосунда деп айтсак болот. УКМК тарабынан “келип, биздин “Кумтөр” боюнча суроолорубузга жооп берсеңиз” деген сунуш болду. Демилге УКМК тарабынан көтөрүлдү. Акаев бул сунушту кабыл алды. “Бардыгы мыйзам чегинде болобу?” деп сурады. УКМК баары мыйзам чегинде болорун айткандан кийин ал Кыргызстанга келди.

- Бийлик менен сүйлөшүүлөр болдубу же кайсы бир шарттын негизинде келдиби деген сыяктуу суроолор коомчулукту кызыктырып жатат. Бул боюнча маалыматыңыз барбы?

- Бул жерде сүйлөшүп алуу жөнүндө сөз да болушу мүмкүн эмес. Болгон сүйлөшүү жогоруда айткандай эле болду. УКМК мыйзам чегинде суракка аларына кепилдик берди. Ошондуктан, Акаев өзүнүн актыгына ишенип, келип отурат. Ал бийликтин “Кумтөр” маселесин көтөрүп жатканын колдорун жарым жыл мурда эле билдирген. “Эл үчүн иштесин деп жатасыңар. Кандайдыр бир деңгээлде менин да жардамым тийер”, - деген ой менен келди. Бул жерде саясий интриганын кереги жок.

- Ал киши Кыргызстанда канча болот? Бул жакта эмне кылганы жатат? Программасы, максаты боюнча маалыматыңыз барбы?

Коомдук ишмер Бекболот Талгарбеков
Коомдук ишмер Бекболот Талгарбеков

- Кыргызстанга келгенинин эки максаты бир. Биринчиси, УКМКнын сунушуна макул болуп, коюлган суроолорго жооп берүү. Экинчиси, мурдагы бийликтин тушунда эки агасы дүйнөдөн өткөн. Ошолорго топурак салып, куран окута алган эмес. Мына ошол агаларына куран окутуу. Андан кийин кайра эле Москвага кайтып, өз ишин улантат. Ал Москва университетинде профессор. Андан тышкары, Санкт-Петербургда Акаевдин атайын институту ачылган болчу. Ал жерде жетекчи.

- Демек, жакынкы күндөрү Бишкекте, кичи мекени Кеминде болот экен да?

- Ооба, 4-5 күндөн кийин кайра кетет.

- Акаевдин Кыргызстанга келиши өлкөдөгү саясий абалга кандай таасирин тийгизиши мүмкүн?

- Менин көз карашымда, Акаевдин Кыргызстанга келиши өлкөдөгү саясий абалга эч кандай таасирин тийгизбейт. Себеби, анын саясаттан кеткенине 16 жыл болду. Саясий күчтөр менен байланышы жок, шайлоого катышайын деген ою жок. Ошондуктан, саясий жактан алганда, анын келиши эч кандай таасир этпейт. Бирок кыргыз элинин ынтымагынын чыңалышына, айкөлдүгүн көрсөтүп, мурдагы президенттерин алып келишине, улуттук биримдикке сөзсүз салымы болот.

- Анын артынан Бакиев дагы келиши мүмкүн деп жатышпайбы. Чын эле ага жол ачылышы мүмкүнбү?

- Жол ачылышы мүмкүн. Менин пикиримде, бийлик Бакиевке дагы сунуш кылса жакшы болмок.

- Бирок анын жагдайы башка да?

- Келип жооп берсе, эки варианты болушу мүмкүн да. Акталат же соттолот. Соттолгон күндө дагы соттоп, кайра мунапыс берүүгө неге болбосун? Элибиздин ынтымагы үчүн... А күнөөлөрү болсо, жазасын тартышты да. Бул менин пикирим. Бакиев боюнча эч нерсе айта албайм. Бирок Акаев келгенден кийин ага да жол ачылат деген тезиске мен кошулам.

- Бүгүн Аскар Акаев УКМКда сурак берип жатканы кабарланууда. Аны камап коюу коркунучу жокпу?

- Камап койсо бул бийлик тарабынан туура эмес чечим болуп калат. Себеби, баары мыйзамдын чегинде болот дешкен. Биз Акаевдин “Кумтөр” боюнча жеп алганы жок экенин билебиз. Балким, келишимдерден ката кеткендир. Бирок ал кыргызга атайын жасалган душмандык, чыккынчылык эмес. Андай нерсе Акаевдин аракетинде болгон эмес. Ошондуктан, өзүнө ишенгени үчүн келип жатат. Эгер баш тартса, “күнөөсү болгон үчүн качып жатат” деп айтсак болмок да.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG