Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:13

АКШ президенти кибер чабуулдардын чоо-жайын талкуулайт


АКШнын президенти Жо Байден.
АКШнын президенти Жо Байден.

АКШ президенти Жо Байден менен вице-президент Камала Харрис 7-июлда Кошмо Штаттардын коопсуздук кызматтарынын кибер чабуулдарга каршы туруу аракеттерин талкуулаганы жатат.

Ак үйдүн басма сөз катчысы Жен Псаки бул жыйын Орусиядан жасалганы болжонуп жаткан үчүнчү ири кибер чабуулга жооп иретинде өткөрүлүп жатканын 6-июлда билдирди. Ал АКШ менен Орусиянын президенттеринин өткөн айдагы саммитинде маселе тууралуу сөз болгонун белгилеп, президент Байдендин позициясын кайталады.

"Эгер орус өкмөтү Орусиядагы кылмышкерлерге каршы чара көрө албаса же көрбөй турган болсо, биз чара көрөбүз же өз алдынча кадам таштоо укугубузду сактап калабыз", - деди Псаки.

Бирок АКШ кандай чара көрө аларын ачык билдире элек. 6-июлда президент Байден хакердик чабуулдардан америкалык ишкаларга анчейин көп зыян келбегенин, бирок жакынкы күндөрү бул тууралуу билдирүү жасай турганын айткан.

2-июлда Кошмо Штаттардагы Kaseya аттуу IT кызматтарын сунуштаган компания кибер чабуулга кабылган. Анын кесепети дүйнөнүн кеминде 17 өлкөсүндөгү 1500дөй ишканага тийген. Хакерлер жабырлануучулардын санарип маалыматына бөгөт коюп, андай чектөөнү алып салыш үчүн 70 миллион доллар талап кылган. Эксперттер бул чабуулдун артында орусиялык REvi хакерлер тобу турганын айтып жатышат. Орус бийлиги хакердик чабуулдарга тиешеси жок экенин билдирип келет.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG