Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:15

Евро-2020: Италия финалга чыкты


Лондондогу “Уэмбли” стадиону
Лондондогу “Уэмбли” стадиону

Италиянын футбол командасы Лондондогу “Уэмбли” стадионунда өткөн Испания менен беттешти жеңип, Европа чемпионатынын финалына чыкты.

Оюндун негизги убактысы 1:1 эсеби менен жыйынтыкталып, жеңүүчү пенальти менен (4:2) аныкталды. Италия курама командасы 33 оюндан бери утула элек.

Жарым финалдын экинчи оюну дагы “Уэмблиде” бүгүн, 7-июлда Англия менен Дания ортосунда өтөт.

Англия курама командасы акыркы жолу 1996-жылы Европа чемпионатынын жарым финалына чыккан эле. Ошондогу беттеш да Лондондогу стадиондо өтүп, бирок англичандар Германияга утулган.

Эми Англия курама командасы финалга чыгуу үчүн Дания менен күч сынашат. Оюн убактысы Кыргызстандын убактысы боюнча түнкү саат бирде башталмакчы.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG