Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:27

COVID-19: тогуз бейтап көз жумду, оору 1198 адамдан аныкталды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда соңку бир күндүн аралыгында коронавирусту 1198 адам жуктуруп алып, тогуз бейтап ажал тапты. Ошентип ооругандардын жалпы расмий саны өлкөдө 134,5 миңге чамалады. COVID-19дан баш-аягы 2063 адам көз жумду.

Бир күндүн ичинде 10,5 миңдей ПЦР анализ алынды.

Ушул тушта ооруканаларда 4253 киши жатат жана 184 бейтаптын абалы оор. Коронавирус болгон 12 миңден көп адам үйлөрүндө дарыланып жатат.

Акыркы бир күндүн ичинде коронавирус 38 медицина кызматкеринен аныкталды жана оору жуктуруп алган дарыгерлердин жалпы саны 5682 болду.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG