Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:24

Беларус: экстремисттик деп табылган телеканалга бөгөт коюлду


"Белсат" каналынын журналисттери.
"Белсат" каналынын журналисттери.

Беларус соту польшалык “Белсат” телеканалын экстремисттик деп тапты. Шейшембиде Ички иштер министрлиги өлкөдөгү эң популярдуу маалымат булагы "Белсат" телеканалынын кабарларын соцтармактарда бөлүшкөн адам айып пул төлөйт же эркинен ажыратылат деген чечим чыгарды. Ошондой эле, телеканалдын сайты жана анын социалдык тармактардагы бардык аккаунттарына Беларустун аймагында бөгөт коюлат.

Өлкөнү чейрек кылымдан бери башкарып келген Александр Лукашенко ушул айда талаштуу президенттик шайлоонун бир жылдыгын утурлай өлкөнү активисттерден, маалымат каражаттарынан жана жарандык коомдон "тазалайм" деп эскерткен.

Буга чейин беларус бийлиги көз карандысыз маалымат каражаттарына жана жарандык коомго каршы басымды күчөткөн. Ушул айда эле активисттер менен журналисттердин кеңселери жана батирлери 200дөй жолу тинтүүгө алынганын "Весна" укук коргоо уюму билдирген.

Эскерте кетсек, Беларуста милиция кызматкерлери 16-июлда “Белсат” спутник каналынын жети журналистинин үйүн тинтишкен. Алардын ичинен алып баруучу Анна Галетанын үйүн тинтишкен соң, аны “массалык баш аламандык” беренеси боюнча кармап, суракка алып кеткен. Ошондой эле, “Белсаттын” кызматкери Игорь Ильяшты белгисиз жакка алып кеткенин орусиялык “Новая газета” басылмасы жазган.

Ошол эле күнү тергөө кызматтары Гомель, Гродно, Витебскидеги журналисттердин үйүн текшергени кабарланган.

Беларус бийлиги бул тинтүүлөрдү “калайман каршылык акцияларды каржылаган, укук коргоочулардын атын жамынып алган уюмдардын ишин текшерүү” аракети деп негиздеген.

Ал эми учурда темир тор артында 27 журналист отурат. Арасында "Белсаттын" эки журналисти Катерина Андреева жана Дарья Чулцова бар. Алар “коомдук тартипти бузууга багытталган калайман иш-чараларды уюштуруу” беренеси боюнча айыпталууда.

“Белсат” каналынын журналисттери Екатерина Андреева жана Дарья Чульцова cот залында.
“Белсат” каналынын журналисттери Екатерина Андреева жана Дарья Чульцова cот залында.

Тергөөнүн маалыматы боюнча, журналисттер нааразылык акциясын уюштуруп, ага көп адамдардын катышуусуна шарт түзгөн. Ал Минскидеги коомдук транспорттун кыймылына тоскоолдук жараткан. Андреева менен Чульцова күнөөнү моюнуна алган эмес.

Ал ортодо "Белсат" телеканалынын директорунун орун басары Алексей Дзикавицкий канал мындан ары да ишмердүүлүгүн улантарын билдирди.

"Беларуста бийлик уурдалган шайлоого, зомбулукка жана терроризмге каршы чыккандардын бардыгын экстремисттер деп атап жатат. Башкача айтканда, өз жарандарынын басымдуу көпчүлүгүн. Чындыгында миңдеген адамдарды кармап, түрмөгө камап, мекенинен кетүүгө мажбурлагандарды экстремисттер деп атоо керек. "Белсат" болсо өз ишин улантып, беларус тилинде жана көзкарандысыз маалыматты чыгара берет”, - деди Дзикавицкий.

"Белсат" телеканалынын директорунун орун басары Алексей Дзикавицкий.
"Белсат" телеканалынын директорунун орун басары Алексей Дзикавицкий.

Ал эми АКШда сапарда жүргөн оппозиция лидери Светлана Тихановская 27-июлда "Белсатты" колдой турганын билдирди.

"Журналисттер туура иш алып барып жатканын билишет жана өлкөбүздүн эркиндиги үчүн күрөшүп жатышат", - деди ал.

Светлана Тихановская.
Светлана Тихановская.

"Белсат" 2007-жылы Польшанын Тышкы иштер министрлиги менен мамлекеттик Telewizja Polska телерадиокомпаниясынын ортосунда түзүлгөн келишимдин негизинде ачылган телеканал. Негизинен беларус тилинде берүүлөрдү чыгарат. Ошондой эле, айрым телепрограммалары орус тилинде да даярдалат. Телеканал Беларустагы нааразылык акцияларын жигердүү чагылдырып келет. 2020-жылы "Белсаттын" журналисттери 162 жолу камакка алынган жана техникалык жабдыктары конфискацияланган.

Өлкөнү 1994-жылдан тарта башкарып келген Александр Лукашенко 2020-жылы августта болгон президенттик шайлоодо жеңүүчү деп жарыяланган.

Оппозиция добуш берүүнүн жыйынтыгын тааныган эмес. Ошондон тарта Беларустун ири шаарларында Лукашенконун кызматтан кетишин талап кылган он миңдеген адам катышкан калайман каршылык акциялары маал-маалы менен өтүп жатат.

Айрым оппозиция лидерлери куугунтук, зордук-зомбулуктан улам өлкөдөн чыгып кетүүгө аргасыз болушкан. Каршылык акциясына чыккандар арасында зомбулуктун айынан ажал тапкандар да катталган.

Александр Лукашенко шайлоо мыйзамсыз өткөнү тууралуу дооматтардын баарын четке кагып, жаңы шайлоо дайындоо, отставкага кетүү тууралуу оппозиция менен сүйлөшүүдөн баш тартып келет.

Европа Биримдиги, Кошмо Штаттары, Канада баштаган бир катар өлкөлөр Лукашенкону Беларустун мыйзамдуу лидери катары таануудан баш тарткан. Мындан улам Лукашенко баштаган жогорку бийликтеги бир катар аткаминерлерге санкция салынган.

  • 16x9 Image

    Элвира Будайчиева

    "Азаттык" радиосунун Стамбулдагы кабарчысы. Кыргыз-түрк "Манас" университетин жана Стамбулдагы Йедитепе университетинин магистратурасын бүтүргөн.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG