Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:19

Светлана Тихановская АКШнын мамлекеттик катчысы менен жолукту


АКШнын мамлекетти катчысы Энтони Блинкен менен Светлана Тихановская
АКШнын мамлекетти катчысы Энтони Блинкен менен Светлана Тихановская

Беларус оппозициясынын лидери Светлана Тихановская 19-июлда Вашингтондо АКШнын мамлекетти катчысы Энтони Блинкен жана мамлекеттик катчынын саясий маселелер боюнча орун басары Виктория Нулланд менен жолукту. Мамлекеттик департамент жолугушууда Беларустагы Лукашенконун режиминин оппозиция жана жарандык коомго карата репрессиясын токтотуу, саясий туткундарды бошотуу тууралуу сөз болгонун кабарлады. Ошондой эле, саясий диалогду баштоо менен эл аралык коомчулуктун байкоосу астында жаңы президенттик шайлоону өткөрүү да талкууланган.

Тихановская Кошмо Штаттардын бийлигинен Беларустагы көз карандысыз маалымат каражаттарына, жарандык коом жана саясий туткундардын жакындарына жардам берүү пакетин кабыл алууну суранган.

20-июлда Светлана Тихановская Ак үйдүн өкүлдөрү жана сенаторлор менен жолугат. Анда Кошмо Штаттардын улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси Жейк Салливан, Сенаттагы демократтар жана республикачылар менен сүйлөшүүлөрдү өткөрөт. Тихановскаянын президент Жо Байден менен жолугушуусу каралган эмес.

Беларуста соңку бир жылдан бери Александр Лукашенконун кызматтан кетишин талап кылган иш-чаралар токтобой келет.

Бийликти сындаган саясий ишмерлерди, жарандык активисттерди, журналисттерди камакка алуу уланууда. Былтыр августтагы президенттик шайлоодо оппозициянын атынан талапкер болгон Светлана Тихановская чет өлкөгө чыгып кетүүгө аргасыз болгон. Ал оппозициянын атынан Батыштагы бир катар өлкөлөрдүн жетекчилери менен жолуккан. Европадагы айрым өлкөлөр беларус оппозициясынын расмий өкүлчүлүгүн ачууга уруксат берди.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG