Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 01:27

Түркмөнстанда 18 жоокер белгисиз жагдайда мерт болду


Түркмөнстанда белгисиз жагдайда 18 аскер каза болду. Алардын кеминде экөө офицерлер. Лебаптык алты аскердин сөөгүн 18-июлда жерге берүү үчүн туулган жерине алып келишкен. Бул маалыматты "Азаттыктын" түркмөн кызматына эки булак ырастады.

Лебаптагы "Азаттыктын" кабарчысы каза болгон эки жоокердин айылдарына барып, маркумдардын сөөгү 19-июлда жерге берилгенин кабарлады. Каза болгондордун жакындарына бийлик органдары аскерлер Ашхабадга жакын жерде автокырсыкка кабылганын айтышкан, бирок "Азаттыктын" булактары буга ишенбей турушат. Себеби, маркумдардын сөөгүн түркмөн-ооган чек арасындагы Мары аймагынан алып келишкен. Ошондой эле, каза болгон жоокерлердин сөөгүн табытка салып келип, жакындарына аны ачууга тыюу салышкан.

Ооганстан менен чектешкен Мары аймагында Серхетабад жана Тахтабазар чек ара бекеттери жайгашкан. Соңку мезгилде Ооганстандагы кырдаал курчуп кеткендиктен түркмөн бийлиги аталган бекеттерге кошумча күчтөрдү тартып жаткан. "Азаттыктын" кабарчылары 18 жоокердин өлүмүнүн жагдайларын жана чынында эле автокырсыктан каза болгонун тактай элек.

Авторитардык режим өкүм сүргөн Түркмөнстанда бийлик жарандардан маалыматтарды жашырып келет.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG