Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:55

Азербайжан менен Армениянын чек арасында ок атылды


Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

Азербайжан менен Армениянын аскерлери чек арада бир нече саат атышты. Эки өлкө ок атууну баштады деп бири-бирин айыптап жатышат. Окуя 19-июль күнү кечинде Армениядагы Ерасх жана Азербайжандагы Нахчиван аймагындагы чек арада болгон. Азербайжандын Коргоо министрлиги армян аскерлери Нахчивандын Садарак районуна ок чыгарып, бир офицер жараат алганын кабарлады. Ал эми Армениянын Коргоо министрлиги азери аскерлери Ерасх аймагына биринчи ок атканын, соңку окуя үчүн бардык жоопкерчилик Азербайжанда деген билдирүү таратты.

Эки өлкө тең 20-июлда эртең менен чек арада абал тынч экенин маалымдады. Соңку ок атуу азери-армян чек арасындагы жаңжалдан беш күн өтпөй орун алууда. Анда армян аскери мерт болуп, азербайжандык бир жоокер жараат алганы кабарланган.

Былтыр күзүндө эки өлкө Тоолуу Карабак аймагы үчүн алты жумадай согушкан. 6900дөн ашык адамдын өмүрүн алган жаңжал Армения, Азербайжан жана Орусия кол койгон келишимден кийин басылган. Ага ылайык, Ереван этникалык армяндар ондогон жылдан бери көзөмөлдөп келаткан жерлерди Азербайжанга кайтарган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG