Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:43

Патриарх Кирилл Ысык-Көлдө сабалган баланы Москвага чакырды


Патриарх Кирилл.
Патриарх Кирилл.

Орусиянын патриархы Кирилл Кыргызстандын Ысык-Көл облусунда спорттук машыгууда жүрүп токмок жеген тогуз жаштагы орус улутундагы баланын үй-бүлөсүнө кат жөнөттү. Бул тууралуу патриархтын басма сөз кызматы билдирди.

Катта бала улуту жана туткан дини үчүн ур-токмокко алынганы жазылган. Патриарх жабыркаган балага көңүл айтып, Москванын православдык ыйык жерлерине зыярат кылып, ишенимин бекемдөөгө чакырды.

Июль айынын башында Ысык-Көл облусундагы дзюдо секциясынын машыгуусуна барган бала сабалганы белгилүү болгон. Соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгы менен анын ден соолугуна жеңил зыян келтирилгени аныкталган.

Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов бул окуяны көзөмөлгө алып, териштирүүнү тапшырган.

Орусиянын Кыргызстандагы элчилиги "Твиттердеги" расмий баракчасына токмок жеген баланын абалын байкоого алганын жазган. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG