Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:38

Муфтий коронавируска байланышкан эрежелерди сактоого үндөдү


Муфтий Замир Ракиев.
Муфтий Замир Ракиев.

Кыргызстан мусулмандарынын муфтийи Замир Ракиев кыргызстандыктарды Курман айт майрамы менен куттуктады. Муфтий бул күн сооп табууга, муктаждардын үй-бүлөсүнө кубаныч тартуулоого, жашоодон жапа чеккендерге, жетим-жесирлерге, колунда жокторго көмөктөшүүгө эң ыңгайлуу күн экенин билдирди.

Ракиев коронавирус пандемиясынан улам бул жылы да ажылык сапары болбой калганын айтты. Кыргызстанда эпидемиологиялык кырдаал дагы деле курч экенин белгилеп, дарыгерлер көрсөткөн эрежелерди так сактоого чакырды.

Курман айт: муфтият эреже сактоого чакырды
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:29 0:00

Дүйнө мусулмандары 20-июлда Ислам дининдеги чоң майрамдардын бири – Курман айтты белгилешүүдө. Коронавирус пандемиясынан улам эки жылдан бери Сауд Арабия падышалыгы өзүнүн жарандарына гана ажылык амалдарын аткарууга уруксат берген.

Кыргызстанда айт намазы салт болуп калгандай борбордук аянттарда эмес, мечиттерде гана окулду. Жарандардын кол алышып, кучакташып көрүшүүсүнө тыюу салынды.

Дүйнө калкынын 1,7 миллиардын мусулмандар түзөт.

Кыргызстанда Курман айт майрамына байланыштуу 20-июль – дем алыш деп жарыяланган. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG