Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:37

Талгарбеков: Акаев УКМКнын сунушунан улам өзү келди


Коомдук ишмер Бекболот Талгарбеков
Коомдук ишмер Бекболот Талгарбеков

Мурдагы президент Аскар Акаевдин учурунда бир катар чоң кызматтарда иштеген коомдук ишмер Бекболот Талгарбеков "Азаттыкка" анын Кыргызстанга келиши тууралуу маек курду.

Атайын кызмат Акаев “Кумтөр” долбоорун ишке ашыруудагы коррупция боюнча кылмыш ишинин алкагында Бишкекке жеткирилип, ишти тергеп жаткан мекеме аралык тергөө тобуна өткөрүлүп берилгенин билдирди. Санаалаштары мурдагы президент өз эрки менен келгенин айтып жатышат.

- Бекболот мырза, бүгүн Кыргызстанга өлкөнүн мурдагы президенти Аскар Акаев келди. УКМК ага козголгон кылмыш ишинин алкагында алып келингенин, жакындары ал өз каалоосу менен келгенин айтып жатат. Акаевдин Кыргызстанга келишинин жагдайы сизге белгилүүбү?

- Чындык ортосунда деп айтсак болот. УКМК тарабынан “келип, биздин “Кумтөр” боюнча суроолорубузга жооп берсеңиз” деген сунуш болду. Демилге УКМК тарабынан көтөрүлдү. Акаев бул сунушту кабыл алды. “Бардыгы мыйзам чегинде болобу?” деп сурады. УКМК баары мыйзам чегинде болорун айткандан кийин ал Кыргызстанга келди.

- Бийлик менен сүйлөшүүлөр болдубу же кайсы бир шарттын негизинде келдиби деген сыяктуу суроолор коомчулукту кызыктырып жатат. Бул боюнча маалыматыңыз барбы?

- Бул жерде сүйлөшүп алуу жөнүндө сөз да болушу мүмкүн эмес. Болгон сүйлөшүү жогоруда айткандай эле болду. УКМК мыйзам чегинде суракка аларына кепилдик берди. Ошондуктан, Акаев өзүнүн актыгына ишенип, келип отурат. Ал бийликтин “Кумтөр” маселесин көтөрүп жатканын колдорун жарым жыл мурда эле билдирген. “Эл үчүн иштесин деп жатасыңар. Кандайдыр бир деңгээлде менин да жардамым тийер”, - деген ой менен келди. Бул жерде саясий интриганын кереги жок.

- Ал киши Кыргызстанда канча болот? Бул жакта эмне кылганы жатат? Программасы, максаты боюнча маалыматыңыз барбы?

- Кыргызстанга келгенинин эки максаты бир. Биринчиси, УКМКнын сунушуна макул болуп, коюлган суроолорго жооп берүү. Экинчиси, мурдагы бийликтин тушунда эки агасы дүйнөдөн өткөн. Ошолорго топурак салып, куран окута алган эмес. Мына ошол агаларына куран окутуу. Андан кийин кайра эле Москвага кайтып, өз ишин улантат. Ал Москва университетинде профессор. Андан тышкары, Санкт-Петербургда Акаевдин атайын институту ачылган болчу. Ал жерде жетекчи.

- Демек, жакынкы күндөрү Бишкекте, кичи мекени Кеминде болот экен да?

- Ооба, 4-5 күндөн кийин кайра кетет.

- Акаевдин Кыргызстанга келиши өлкөдөгү саясий абалга кандай таасирин тийгизиши мүмкүн?

- Менин көз карашымда, Акаевдин Кыргызстанга келиши өлкөдөгү саясий абалга эч кандай таасирин тийгизбейт. Себеби, анын саясаттан кеткенине 16 жыл болду. Саясий күчтөр менен байланышы жок, шайлоого катышайын деген ою жок. Ошондуктан, саясий жактан алганда, анын келиши эч кандай таасир этпейт. Бирок кыргыз элинин ынтымагынын чыңалышына, айкөлдүгүн көрсөтүп, мурдагы президенттерин алып келишине, улуттук биримдикке сөзсүз салымы болот.

- Анын артынан Бакиев дагы келиши мүмкүн деп жатышпайбы. Чын эле ага жол ачылышы мүмкүнбү?

- Жол ачылышы мүмкүн. Менин пикиримде, бийлик Бакиевке дагы сунуш кылса жакшы болмок.

- Бирок анын жагдайы башка да?

- Келип жооп берсе, эки варианты болушу мүмкүн да. Акталат же соттолот. Соттолгон күндө дагы соттоп, кайра мунапыс берүүгө неге болбосун? Элибиздин ынтымагы үчүн... А күнөөлөрү болсо, жазасын тартышты да. Бул менин пикирим. Бакиев боюнча эч нерсе айта албайм. Бирок Акаев келгенден кийин ага да жол ачылат деген тезиске мен кошулам.

- Бүгүн Аскар Акаев УКМКда сурак берип жатканы кабарланууда. Аны камап коюу коркунучу жокпу?

- Камап койсо бул бийлик тарабынан туура эмес чечим болуп калат. Себеби, баары мыйзамдын чегинде болот дешкен. Биз Акаевдин “Кумтөр” боюнча жеп алганы жок экенин билебиз. Балким, келишимдерден ката кеткендир. Бирок ал кыргызга атайын жасалган душмандык, чыккынчылык эмес. Андай нерсе Акаевдин аракетинде болгон эмес. Ошондуктан, өзүнө ишенгени үчүн келип жатат. Эгер баш тартса, “күнөөсү болгон үчүн качып жатат” деп айтсак болмок да.

  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттык Медианын" директору. "Эксперттер талдайт" программасынын алып баруучусу. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. 

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG