Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:21

«Талибан» өкмөт өкүлдөрүнө каршы чабуулдарды күчөтөрүн эскертти


Ооганстандын коргоо министринин милдетин аткаруучу Бисмиллах Хан Мухаммадиге жасалган талибдердин чабуулунда сегиз киши өлдү. 4-август, 2021-жыл.
Ооганстандын коргоо министринин милдетин аткаруучу Бисмиллах Хан Мухаммадиге жасалган талибдердин чабуулунда сегиз киши өлдү. 4-август, 2021-жыл.

«Талибан» кыймылы Ооганстан өкмөтүнүн жогорку даражалуу өкүлдөрүн бутага алган чабуулдарды күчөтөрүн эскертти. Буга чейин талибдер Кабулда коргоо министринин милдетин аткаруучу Бисмиллах Хан Мухаммадиге кол салууга аракет жасашкан.

Кыймылдын расмий өкүлү Забиулла Мужахид 4-августта билдиргендей, бул кол салуу «өлкөнүн ар кайсы аймактарында чабуулдарга жана бомбалоолорго буйрук берип жаткан Кабул администрациясындагы жетекчилерге жооп катары жасалган аракеттердин башталышы гана».

Мухаммадини бутага алган чабуулда сегиз киши жан таслим болуп, 20дан ашууну жаракат алган. Ички иштер министрлиги кабарлагандай, аткаминерге кол салган төрт жоочу тең жок кылынды.

Лашкар-Гах, Герат, Кандагар шаарларында талибдер менен өкмөттүк күчтөрдүн ортосунда салгылашуулар уланып жатат.

4-августта Бириккен улуттар уюму карапайым тургундар арасында өлүм көбөйгөнүн жана ооруканага түшкөн жарадарлардын саны өскөнүн маалымдады.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG