Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:58

Ирандын жаңы президенти Ибрахим Раиси ант берет


Ирандын жаңы президенти Ибрахим Раиси. 15-май, 2021-жыл.
Ирандын жаңы президенти Ибрахим Раиси. 15-май, 2021-жыл.

Ирандын жаңы президенти Ибрахим Раиси 5-августта парламент алдында ант берип, кызматка киришүү боюнча эки баскычтан турган инаугурация аяктайт.

Раиси Ирандын экономикасы АКШ санкцияларынан улам начарлап, саламаттык сактоо тармагындагы кризис курчуп, 2015-жылкы өзөктүк келишим боюнча дүйнөлүк державалар менен оор сүйлөшүүлөр жүрүп жаткан маалда мамлекет башына келди.

Анын инаугурациясына Кыргызстандан Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов жетектеген расмий делегация катышты.

Парламенттин басма сөз кызматы кабарлагандай, делегациянын курамында депутаттар Каныбек Иманалиев, Замирбек Эсенаманов жана Ирандагы элчи Турдакун Сыдыков бар.

Ирандын сот системасынын мурдагы жетекчиси Раиси адам укуктары жаатындагы кырдаал үчүн Батыштын сынына кабылып келген. Ага миңдеген саясий туткундарды өлүм жазасына тартууга катыштыгы жана сот системасында ролу үчүн АКШ санкция киргизген.

3-августта Ирандын жогорку руханий лидери аятолла Али Хаменеи Раисини президенттикке бекитти. Бул деген бийлик байистүү деп саналган буга чейинки мамлекет башчы Хасан Роуханиден Раисиге өттү дегенди айгинелейт. Роуханинин бийликте турган маалындагы эң жогорку жетишкендиги катары дүйнөлүк державалар менен түзгөн өзөктүк келишими саналат. Бул үчүн Тегерандан бир катар санкциялар алынып салынган.

2018-жылы АКШнын президенти Дональд Трамп аталган келишимден чыгып кеткенден кийин экономикалык чектөөлөр кайра калыбына келтирилиши Иран экономикасына олуттуу сокку болуп калды.

Раисинин алдында экономикалык көйгөйлөрдү чечүү жана өзөктүк келишимди жандандыруу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү сыяктуу маанилүү иштер турат.

Facebook шеринеси

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG