Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:14

Абакта ачкачылык кармаган Молдокматовду ооруканада текшерүүдөн өткөрүп жатышат


Жеңиш Молдокматов. Архивдик сүрөт.
Жеңиш Молдокматов. Архивдик сүрөт.

Дээрлик он күндөн бери камакта ачкачылык кармап отурган саясатчы, "Туран" партиясынын лидери Жеңиш Молдокматовду ушу тапта Улуттук кардиология жана терапия борборунда жүрөгүн текшертип жатышат. Бул тууралуу “Азаттык” радиосуна 5-августта өлкөнүн акыйкатчысынын аппарат башчысы Аскат Азарбеков билдирди:

“Жүрөгүн каратып, текшерүүдөн өткөрүп жатышат азыр. Төрт-беш күн мурда жолукканымда Молдокматов чыйралып, жакшы эле турган. Бирок дарыгер “Тамак ичпей жаткандыктан мунун ден соолугу начарлайт” деп айткан. Молдокматов өзү бөйрөгү, ашказаны ооруй баштаганын билдирген”.

4-августта саясатчыны Бишкек милициясынын убактылуу кармоочу жайынан №1 тергөө абагына которушкан.

Жеңиш Молдокматов 26-июлда кургак ачкачылык жарыялаган. Аны Ички иштер министрлиги 6-майда кармаган. 2020-жылдагы октябрь окуяларында "УКМКнын имаратын басып алууга аракет кылган" деген айып тагылган. Кийин берене өзгөртүлүп, "октябрь окуяларында жапырт башаламандык уюштурган" деген кине коюлган.

Молдокматов президент Садыр Жапаровдун саясатын кескин сындап, камалышын саясий куугунтук катары баалап келет.

Бир катар саясатчылар жана жарандык активисттер Молдокматовду ачкачылыкты токтотууга чакырууда. Мамлекеттик жаза аткаруу кызматы анын жагдайына байланыштуу азырынча комментарий бере элек. (EBM/RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG