Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:22

Төрага Талант Мамытов Ирандын жаңы президентинин инаугурациясына катышууда


Ибрагим Раиси.
Ибрагим Раиси.

Ирандын жаңы шайланган президенти Ибрагим Раисинин бүгүн, 5-августта өтө турган инаугурациясына Кыргызстандан Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов жетектеген расмий делегация катышат.

Парламенттин басма сөз кызматы кабарлагандай, делегациянын курамында депутаттар Каныбек Иманалиев, Замирбек Эсенаманов жана Ирандагы элчи Турдакун Сыдыков бар.

Тегеранга иш сапар алкагында кыргыз делегациясы Ирандын жетекчилиги жана иш-чарага катышып жаткан чет мамлекеттердин өкүлдөрү менен жолугушууларды өткөрөт.

Иранда 18-июндагы президенттик шайлоодо төрт талапкер ат салышып, Ибрагим Раиси жеңген. 60 жаштагы Раиси консерватор саясатчы катары белгилүү. Ал байистүү позицияны карманган Хасан Роуханиден президенттик ыйгарым укукту бүгүн өткөрүп алат.

Кыргызстандын Иран менен түз чек арасы жок. Экономикалык жактан алганда эки өлкөнүн соодасынын көлөмү 11 миллион доллардын тегерегинде экени айтылат. 22-июлда Бишкекте Кыргызстан-Иран бизнес форуму өткөн. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG