Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 22:02

УКМК: 15 вебкам-студияны иштетип турган адам кармалды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Бишкекте “вебкам-студия иштетип, кылмыштуу киреше табуу менен алектенген” деген шек менен негизги уюштуруучу катары бир адам кармалды. Бул тууралуу 5-августта Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) расмий өкүлү Назгүл Кыдыралиева билдирди.

Ал адам, Кыдыралиеванын айтымында, борбор калаада 15тен ашуун вебкам-студия уюштуруп, көмүскө киреше тапкан туруктуу топту жетектеп турган, азыр бул мыйзамсыз ишмердүүлүкө катыштыгы бар башка да адамдарды аныктоо аракети көрүлүүдө.

"Белгилей кетсек, акыркы жылдары вебкамера индустриясы тездик менен күч алып, чоң өлчөмдөгү кирешеси менен жаш муунду өзүнө тартып жатат. Жаштар кылмыш ишин уюштуруучулардын барымтасында калууда".

Кылмышка кыргызстандыктардан тышкары КМШ өлкөлөрүнүн жараны болгон адамдар да аралашканы, алар кыздарды алдап, көп маяна убада кылып, интернет аркылуу интимдик кызмат көрсөттүрүп турганы, бир аптада эле бир студиянын кирешеси 90-100 миң долларга жетип, анын 5-10% гана кыздарга төлөнүп келгени айтылды.

Кылмышка шектүү адам 3-августта кызматкерлерине маянасын бөлүштүрүп жаткан кезде кармалганы, тинтүү учурунда жанынан 27 миң доллар табылганы маалым болду.

Быйыл 27-июлда “Азаттык” радиосу “Кыргызстандагы вебкам-студиялардын караңгы дүйнөсү” деген иликтөөсүн жарыялаган. "Анда Кыргызстандагы чоң каражат айланган вебкам-студияларда талкаланган тагдырлар, "Телеграм" топтордогу ормон опуза иликтенген. (RK)

Кыргызстандагы вебкам-бизнеси: шантаж, зордук, суицид
please wait

No media source currently available

0:00 0:31:32 0:00

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG