Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 22:01

Минскинин куугунтугунан качкан Тимановская Польшага барды


Беларус спортчусу Кристина Тимановская. 5-август, 2021-жыл. Варшава.
Беларус спортчусу Кристина Тимановская. 5-август, 2021-жыл. Варшава.

Беларус бийлигинин куугунтугунан кооптонуп, башка мамлекеттерден башпаанек сураган жөө күлүк Кристина Тимановская Польшага жетип, «коопсуз жана бактылуу экенин» билдирди. Ал Токиодогу Олимп оюндарына катышып жаткан жеринен, машыктыруучуларын социалдык тармактарда сынга алганы үчүн Беларуска мөөнөтүнөн мурда жиберилерден мурун качып кеткен.

5-августта Варшавада уюштурулган маалымат жыйында ал Польшага ыраазычылыгын билдирип, кайсы бир убакта «эркин» Беларуска кайтарына үмүтү бар экенин айтты.

«Мен аны саткан жокмун, Беларус менин мекеним», - деди Тимановская.

Ага чоң апасы чалып, жергиликтүү медиалар жаманатты кылып жатканын айтып, Беларуска кайтпоого кеңеш бергенин маалымат жыйында билдирди. Тимановскаянын күйөөсү да Беларустан Украинага чыгып кеткен. Ушул тапта ал Варшавага баратканы кабарланды.

Беларуста бир жылдан бери саясий кризис уланып келет. Александр Лукашенконун администрациясы бөлөкчө ойлонгондордун баарын камап, куугунтуктоосун токтото элек.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG