Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 16:30

HRW: маалымат мыйзамы сөз эркиндигине шек келтирет


"Хюман Райтс Уотч" уюму Кыргызстандагы маалымат мыйзамы тууралуу 5-августта билдирүү таратты. Анда президент Садыр Жапаровго бул мыйзамга вето коюуга чакырык ташталган.

"Бул мыйзам Кыргызстандын сөз эркиндигине, маалымат каражаттарынын эркиндигине олуттуу коркунуч келтирип, мамлекеттик цензурага жол ачып, өлкөнүн адам укуктары боюнча эл аралык милдеттенмелерине карама-каршы келет", - деп белгилейт "Хюман Райтс Уотч" уюму.

28-июлда Жогорку Кеңеш “Жалган жана анык эмес маалыматтан коргоо жөнүндө” мыйзам долбоорун кабыл алган. Ага ылайык, өкмөт "жалган же анык эмес маалымат" тууралуу жеке адам, уюм тарабынан жазылган арыздын негизинде ал маалыматты тараткан интернет сайтты жаап кое алат.

Маалымат бирөөнүн кадыр-баркына шек келтирип, көлөкө түшүргөн учурда бул мыйзам колдонулат.

Жаңы мыйзам баардык интернет колдонуучулардын өз ысымы менен катталышын, маалыматтар интернет провайдер компаниялары тарабынан мамлекеттик бирдиктүү системага киргизилишин талап кылат.

XS
SM
MD
LG