Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Сентябрь, 2021 шейшемби, Бишкек убактысы 03:30

Камактагы Молдокматов ачкачылык кармоону токтотту


Жеңиш Молдокматов (ортодо).

Бишкекте милициянын убактылуу кармоочу жайында отурган оппозициячыл "Туран" партиясынын лидери Жеңиш Молдокматов 10 күндөн кийин ачкачылык акциясын токтотту. Мунун алдында медициналык кароодон өтүп, жүрөгүн текшерткен эле.

Саясатчынын тарапташтары, Акыйкатчы институту ал дарыгерлердин жардамына муктаж экенин айтып чыгышкан. Молдокматов май айында камалган жана ага бийлик алмашуу менен аяктаган октябрь окуяларынан улам айып коюлган.


Жеңиш Молдокматов 5-августта Бишкектеги Улуттук кардиология жана терапия борборунда кароодон өттү. Мунун алдында саясатчы милициянын убактылуу кармоочу жайынан кайра №1 тергөө абагына которулары айтылган.

Акыйкатчы институтунун аппарат башчысы Аскат Азарбеков ага бир канча жолу кирип чыгышканын билдирди.

"Жеңиш Молдокматовду ИВСтен СИЗОго алып келишкен. Ал жакта кабыл алып жатканда жүрөгү ооруп жатканына арызданган. Мындан улам СИЗО "эгер жүрөгү ооруп жатса, карантин болсо, эртең бир нерсе болсо жооп бере албайбыз" деп кабыл албай койгон. ИВСтин кызматкерлери аны кайра алып келишип, "Тез жардам" кызматы менен Кардиология борборуна алып барышкан. Буга чейин дарыгердин корутундусунда "тамак ичпей жатканына байланыштуу ден соолугу начарлайт" деп жазылган. Молдокматов бөйрөгү, ашказаны ооруй баштаганын айткан. Биз сунуш бергенбиз. Төрт-беш күн мурда эле анализдери текшерилиши керек болчу. Булар катты бири-бирине жөнөтүп коюшту. Биз дагы кат жолдодук".

"Туран" партиясынын мүчөсү Эрлан Бекчоро уулунун "Азаттыкка" билдиришинче, Молдокматов тарапташтарынын, Акыйкатчы институтунун өкүлдөрүнүн өтүнүчүнөн улам ачкачылык акциясын токтотту.

"Буга чейин депутаттар, саясатчылар, коомдук ишмерлер, журналисттер ачкачылыкты токтотууну өтүнүп келишкен. Пикирлердин басымдуу бөлүгү алдыдагы саясий күрөштө ден соолугу бекем болуп турушу шарт экенин баса белгилешкен. Молдокматов 12 күн абактан адилеттүүлүктү талап кылып, ачкачылык кармап турду".


Молдокматовду милиция май айында камаган. Алгач былтыркы октябрь окуяларында "УКМКнын имаратын басып алууга аракет кылган" деген айып коюлган. Көп өтпөй берене өзгөртүлүп, "октябрь окуяларында калайман баш аламандык уюштурган" деген кине тагылган.

Мындан он күндөй мурун саясатчыга дагы бир айып коюлганы белгилүү болгон. Тактап айтканда, 9-октябрдагы тополоңго байланыштуу Жазык кодексинин 264-беренесинин 1-бөлүмүнө ("калайман башаламандыкты уюштуруу") ылайык шектүү экени тууралуу кабарлама 26-июлда берилген. Ага чейин ИИМ ушундай эле айыпты мурдагы президент Алмазбек Атамбаевге дагы угузган.

Атайын кызматтын генерал-майору Артур Медетбеков октябрь окуяларынын тергелип-иликтенишин "мыйзам талаасына кайтуу аракети" катары сыпаттады.

"Кыргызстанда үч жолу төңкөрүш болду, бирок биз баары бир мамлекет катары мыйзам талаасына келип жатабыз. Эми баары мыйзам чегинде чечилиши керек. Эгер биз "жок, биз анархия менен, охлократия менен, же болбосо өзүм билемдик менен кетебиз" десек, анда мыйзам бузуу, карама-каршылык күчөй берет. Укук коргоо органдары таза, күчтүү болсо ушуга окшогон башаламандыктар болбойт".

Былтыр, 9-октябрда Бишкектин Ала-Тоо аянтында Алмазбек Атамбаев, мурдагы премьер-министр Өмүрбек Бабановдун тарапкерлери жана айрым активисттер митингге чогулушкан. Президент Садыр Жапаровдун колдоочулары болсо эски аянтка топтолгон. Көп өтпөй борбордук аянттагы акция үзгүлтүккө учурап, ага катышкандар Жапаровдун тарапташтарын айыптаган, алар дооматты четке каккан.

Ошол күнкү тоз-тополоңдо курал колдонулуп, ок атылган. Соцтармактарда Атамбаевдин автоунаасы аткыланганы тууралуу видеолор жарыяланган.


Талас облусундагы өкмөттүн мурдагы ыйгарым укуктуу өкүлү, жарандык активист Айбек Бузурманкуловдун пикиринде, октябрь окуяларын атайын комиссия иликтеши керек.

"Мамлекеттик, депутаттык же коомдук комиссия түзүлүшү керек да. Бардык саясий күчтөрдү кошуп, калыс болушу үчүн оппозиция, бийлик баары бир үстөлгө отурушу керек. Бул тарых үчүн өтө маанилүү, тарыхый баа берилиши керек. Көз карандысыз эксперттер, ошол окуяга катышкандар болушу керек. Келип чыккан себеби, саясатчылар эмне максат көздөгөн, ниети кандай болгон, баары иликтенип-талданып, баа берилиши керек".

Президент Садыр Жапаров дагы, атайын кызматтын төрагасы Камчыбек Ташиев октябрь окуяларынын тергелишине байланыштуу сын-дооматтарга үн ката элек. Аларды дагы күбө катары суракка чакыруу талабына дагы комментарий беришкен эмес.

Бир аптадай мурун Жапаров "Фейсбуктагы" баракчасына саясий куугунтукка убакыт коротпой турганын жазган.

Деген менен талдоочу Айданбек Акматов Молдокматовго байланыштуу окуяларды бийликке сын айткандарга каршы басым-кысым деп атады.

Айданбек Акматов.
Айданбек Акматов.

"Октябрь окуяларын революция деп да, төңкөрүш деп дагы айтканга болбойт. Бул бир кызыктай окуя болгон. Шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгон эл көчөгө чыккан. Муну пайдаланган кээ бир күчтөр, ошол кездеги президент Сооронбай Жээнбеков, Ташиевдер жана башкалар өз ара сүйлөшүп, түрмөдөн Садыр Жапаровду чыгарып, бийликке келип, андан кийин ошол бийликке сын айткан адамдарга куугунтукту күчөттү. Буга Жеңиш Молдокматовдун окуясы далил десе болот. Эми ал окуяларга баары эле катышып жүргөн да. Ошолордун арасынан бийликти ким сындаса ошону кармап алып куугунтуктоо бул - кара өзгөйлүк. Бул нерсеге жол берилбеши керек эле. Молдокматов жалгыз өзү аянтка чыгып, төңкөрүш жасап, ошону уюштургандай камап отурушат. Азыркы бийликтин тушунда октябрь окуяларына эч кандай саясий баа берилбейт. Ошол кездеги эски парламент иштеп жатат. Өздөрүнө өздөрү бир күндүн ичинде соттон кантип акталып чыкканын айта алабы? Азыркы парламенттин мөөнөтүн мыйзамсыз узартып алышканын айта алабы?".

Былтыр парламенттик шайлоого байланыштуу нааразылык чыгып, ал калайман башаламандык менен коштолуп, бийлик алмашуу менен аяктаган. Бир адам мерт болуп, ондогон адамдын жараат алган окуяларга байланыштуу ошол күндөрү аянтта жүргөн Жогорку Кеңештин депутаттары, саясатчылар, коомдук ишмерлер жана жарандык активисттер күбө катары сурак берип чыккан.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG