Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Сентябрь, 2021 шейшемби, Бишкек убактысы 04:49

Октябрдын тогузундагы тополоң, Атамбаевге коюлган айып


“Ала-Тоо» аянтындагы митинг. 9-октябрь, 2020-жыл.

Октябрь окуяларына байланыштуу абакта отурган оппозициячыл саясатчы Жеңиш Молдокматов 26-июлдан тартып ачкачылык жарыялады. Мунун алдында ага былтыр 9-октябрдагы тоз-тополоңдон улам дагы бир айып коюлган.

Ага чейин Ички иштер министрлиги (ИИМ) ушундай эле айыпты мурдагы президент Алмазбек Атамбаевге дагы угузган.

Соңку маалыматтар бийлик алмашуу менен аяктаган октябрь окуяларын тергеп-иликтөө тууралуу талаш-талкууга жем таштады.

Жеңиш Молдокматовго былтыр 9-октябрдагы тополоңго байланыштуу Жазык кодексинин 264-беренесинин 1-бөлүмүнө («калайман башаламандыкты уюштуруу») ылайык шектүү экени тууралуу кабарлама 26-июлда берилген. Анын жардамчысы, "Туран" партиясынын мүчөсү Эрлан Бекчоро уулу оппозициячыл саясатчы сурак протоколуна жана кабарламага кол койбогонун, ачкачылык жарыялаганын билдирди.

"Молдокматовду алгач камакка алганда УКМКын имаратына байланыштуу иш козгогон. Эч кандай факт жана аргументтер болбогондуктан булар беренени 264-беренеге алмаштырган, 5-6-октябрда "массалык башаламандыкты уюштурган" деп өзгөрткөн. Ал ушул берене менен үч ай камакта жатты. Буга чейин бир дагы тергөө болгон эмес. Кечээтен тартып тергөө башталганда, ал 9-октябрдагы окуяларга тиешеси бар деп, "калайман башаламандык уюштурган" деп кайра иш козгошту. Ал 9-октябрда эл менен кошо эле аянтта болгон. Ошол убакта саясатчынын баары эле жүрбөдү беле. Окуялар түз чагылдырылган да, алардын баары интернетте жүрөт. Ал жерден карашса деле тополоң тууралуу бир дагы чакырык кылган эмес. Анын эч кандай күнөөсү жок. Эптеп эле бир нерселерди илип камаш керек. Анткени 5-6-октябрга байланыштуу эч нерсе таба алышкан жок да. Ал убактагы чакырыкка байланыштуу өздөрүнүн деле сөзү бар да. Ошол эле УКМКнын жетекчиси Ташиевдин, Шыкмаматовдун, Финполициянын мурдагы жетекчиси Жапыкеевдин катуу чакырыктары бар. Алар тескерисинче бийликте отурат. Октябрь окуясын жалгыз эле Жеңиш Молдокматов кылгандай багытта кетип баратат. Октябрь окуясы болбосо азыркылар бийликке келмек эмес. Өздөрүнүн бийлигин таанышса анда Молдокматовго сыйлык беришсин, эгер ошол окуяларды Жеңиш байке кылган болсо".


ИИМ азырынча Молдокматовго коюлган соңку айып тууралуу комментарий бере элек. Саясатчы 6-майда кармалган. Ал өзүнүн камалышын саясий куугунтук катары баалап, президент Садыр Жапаровдун саясатын кескин сындап келет.

ИИМдин басма сөз өкүлү Адинай Шаршеева былтыркы 9-октябрдагы тополоңдон улам шектүү катары мурдагы президент Алмазбек Атамбаевге кабарлама 9-июлда берилгенин маалымдады.

"2020-жылдын 9-октябрында Бишкек шаарындагы Ала-Тоо борбордук аянтында ар кандай саясий партиялардын тарапкерлери жана лидерлери башка партиялардын тарапкерлерин жана лидерлерин укуктук талаага чакыруу максатында чогулган. Натыйжада пикир келишпестик жаралып, ок атуучу куралды колдонуу менен калайман башаламандыкка айланган. Ошол эле күнү бул факты Бишкек милициясында Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, Жазык кодексинин 264-беренесинин биринчи бөлүмү менен сотко чейинки өндүрүш башталган. 2021-жылдын 9-июлунда Алмазбек Атамбаевге ушул берене менен массалык башаламандыкка байланыштуу кылмыш жасоого шектелип жатканы тууралуу кабарлама берилген".


Буга чейин Атамбаевдин адвокаты Замир Жоошев шектүүгө берилген билдирүүнүн үзүндүсүн "Фейсбуктагы" баракчасына жазган. Анда "9-октябрда Атамбаев өзүнүн кылмыштуу планын ишке ашыруу үчүн Бабанов, Ниязов, Султанбеков, Сагымбаев жана башка адамдар менен сүйлөшүп алып, эл топтоп Ала-Тоо аянтына бийликти басып алууга максат кылган" деп айтылган.

Атамбаев кримтөбөл Азиз Батукаевдин түрмөдөн мыйзамсыз бошотулушуна байланыштуу 2019-жылы камалган. Былтыр бийлик алмашуу менен аяктаган окуяларда, 6-октябрда анын тарапташтары түрмөдөн бошотуп алган жана төрт күндөн кийин кайра эле камалган.

2020-жылы 9-октябрда Бишкектин Ала-Тоо аянтында Алмазбек Атамбаев, мурдагы премьер-министр Өмүрбек Бабановдун тарапкерлери жана айрым активисттер митингге чогулган. Садыр Жапаровдун колдоочулары болсо эски аянтка топтолгон. Көп өтпөй борбордук аянттагы акция үзгүлтүккө учурап, ага катышкандар Жапаровдун тарапташтарын айыптаган, алар дооматты четке каккан.


Ошол күнкү тоз-тополоңдо курал колдонулуп, ок атылган. Соцтармактарда Атамбаевдин автоунаасы аткыланганы тууралуу виделолор жарыялаган.

"Реформа" партиясынын лидери Клара Сооронкулова ошол күнү борбордук аянтта курал колдонгондор жана алардын артында кимдер турганы аныкталбай жатканына токтолду.

"Октябрь окуяларындагы кол салууларды атайын кызматтын жардамы менен Жээнбековдун бийлиги уюштурган деген жоромолдор айтылып жүрөт. Ошол убакта Жээнбеков бийликтен кете элек болчу. Бул ишти тергеш үчүн кол салган адамдарды табыш керек, алардын баары видеолордо жүрбөйбү. Тынч эле өтүп жаткан митингде башаламандыкты ошолор баштады. Видеодогу ошол адамдарды таап, суракка алышса эле алардын артында кимдер турганы билинмек. Эми аларды табуу кыйын деле эмес да. Аларды бирден суракка алып, артында ким турат десе эле баары ачыкка чыкмак. Менимче азыркы бийлик ачыгын билет, бирок башка жакка буруп кетип жатышат. Бул жерде жеке өч алуу дагы болушу мүмкүн".

Журналист Семетей Талас уулу калайман башаламандыктагы уюшма кылмыш топторуна байланыштуу жагдай териштирилиши керектигин билдирди.

"Ошол күнү Бабанов дагы, Атамбаев дагы аянтта трибунада сүйлөп жатканда аларга аркасынан келип бирөөлөр кол салган. Чыры-чуу башталып, кортежге ок атылган. ИИМдин уюшма кылмыш топтор тууралуу маалыматы, тизмеси бар да. Ошолордон карап эле министрлик жооп берип койсо аябай жакшы болот эле. Ок аткан баланы аныктап, коомчулукка билдирип койсо абдан жакшы болот эле. Себеби ал кайсы кылмыш тобуна таандык, кимдерди колдогону ачыкка чыгып калмак. Ал жерде криминалдык элементтер болгону баарыбызга эле маалым. Ал күндөрү бийлик толук орной элек болчу. Садыр Жапаров бир канча жолу шайланып жатып, араң премьер-министр болбоду беле. Азыр бийликте жүргөн Руслан Казакбаев, Алмамбет Шымаматовдор деле аянтта жүрбөдү беле. Жеңиш Молдокматов бийликке оппозиция болсо аны камап атканы туура эмес, калыстык болбой калды".


Президент Садыр Жапаров дагы, атайын кызматтын төрагасы Камчыбек Ташиев октябрь окуяларынын тергелишине байланыштуу сын-дооматтарга үн ката элек. Аларды дагы күбө катары суракка чакыруу талабына дагы комментарий беришкен эмес.

Жапаров ушул жылдын башында президенттик кызматка расмий киришип жатып, октябрь окуяларына "элдин улуу максаттарга умтулуусу, татыктуу жашоо тууралуу кыялдануусу" негиз болгонун билдирген.

"Калың эл түрө көтөрүлүп, парламенттик шайлоонун жыйынтыктарын жокко чыгарууга, мурдагы президенттин жана өкмөттүн бийликтен кетишине алып келди. Өлкөбүз башаламандыктын жана мыйзамсыздыктын чеңгээлинде калаарда, улуттук ынтымакты сактоо үчүн, 5-октябрь күнү элибиз аттанып, жапа тырмак талап кылган кыял-тилектин урматы үчүн чогуу-чаран жоопкерчиликти тайманбай өз моюнубузга алып, абалды турукташтыра алдык. Анын ичинде мен дагы жан таттуу экен деп отуруп алган жокмун".

Былтыр парламенттик шайлоого байланыштуу нааразылык чыгып, ал калайман башаламандык менен коштолгон жана бийлик алмашуу менен аяктаган. Бир адам мерт болуп, ондогон адамдын жараат алган окуяларга байланыштуу ошол күндөрү аянтта жүргөн Жогорку Кеңештин депутаттары, саясатчылар, коомдук ишмерлер жана жарандык активисттер күбө катары сурак берип чыккан.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG