Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:33

Октябрь окуялары: эки генералга иш козголгон эмес


Кыргызстан - УКМКнын башчысы Орозбек Опумбаев, ИИМ министри Кашкар Жунушалиев. 19-июнь, 2019-жыл
Кыргызстан - УКМКнын башчысы Орозбек Опумбаев, ИИМ министри Кашкар Жунушалиев. 19-июнь, 2019-жыл

Октябрь окуяларында кызмат ордун таштап, өлкөдөн качып кеткен мурдагы ички иштер министри Кашкар Жунушалиев менен Улуттук коопсуздук комитетинин экс-төрагасы Орозбек Опумбаевге кылмыш иши козголбогону белгилүү болду.

Бул тууралуу башкы прокурор Курманкул Зулушев парламентте отчет берип жатканда билдирди. Буга чейин президент Садыр Жапаров эки генерал изделип жатканын айткан эле.

Башкы прокурор Курманкул Зулушев 21-апрелде парламентте былтыркы жыл үчүн отчет берип жатып, Кашкар Жунушалиев менен Орозбек Опумбаев тууралуу депутат Рыскелди Момбековдун суроосуна жооп берди. Анда октябрь окуяларына байланыштуу гана иш козголгонун айтты:

Курманкул Зулушев
Курманкул Зулушев

“Мурдагы ички иштер министри менен улуттук коопсуздук комитетинин башчысынын козголгон кылмыш иши жок, бирок 5-октябрь боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында булар дагы тергелип жатат, юридикалык баа берилет”.

Октябрь окуяларынан улам козголгон кылмыш ишин Улуттук коопсуздук комитети (УКМК) тергеп жатат. Атайын кызматтын тергөө башкармалыгынын башчысы Сагынбек Самидин уулу атайын каражаттарды колдонуунун мыйзамдуулугуна байланыштуу иш козголгонун, азыр бир дагы кызмат адамына айып коюлбаганын билдирди.

Сагынбек Самидин уулу
Сагынбек Самидин уулу

“Бизде бир кылмыш иши тергелүүдө. Бул кызмат адамдарынын үстүнөн атайын каражаттарды колдонуунун мыйзамдуулугун текшерүү үчүн. Адамга айыбын угузуу үчүн далил табыш керек. Ал адамдын өлгөн себебин изилдеп жатабыз. Экспертизалар дайындалган”.

Президент Садыр Жапаров былтыр ноябрда Баткенде эл менен жолугушуу учурунда Опумбаев менен Жунушалиевге издөө жарыялаганын айткан.

Таасирлүү түзүмдөрүн жетектеп турган эки генерал кайда экенине кызыккан депутат Рыскелди Момбеков кызмат ордун таштай качкандарга кылмыш ишинин козголбогонун мурдагы жана азыркы бийликтин элге белгисиз келишими менен байланыштырды.

Рыскелди Момбеков
Рыскелди Момбеков

“Өзүңүздөргө белгилүү, президенттик шайлоонун учурунда Садыр Жапаров эл менен жолугушкандаа мурдагы ИИМдин жана УКМКнын башчыларына издөө жарыяланып, изделип жатат деп ишенимдүү айткан эле. Ошол сөз канчалык деңгээлде чын экен деп суроо берсем Интерпол аркылуу издөөгө негиз жок, анткени аларга кылмыш иши козголгон эмес деп айтты. Бул эмнени билдирет? Бул азыркы бийлик менен мурдагы бийликтин ортосунда тымызын байланыштар бар экенин ачыкка чыгарды”.

Курманкул Зулушев “Азаттыкка” курган маегинде эки генералдын кайда жүргөнү аныкталып жатканын айткан жайы бар. Анын алдында башкы прокурор басма сөз жыйынында Жунушалиев менен Опумбаевдин жоругуна юридикалык баа берилерин айткан.

Бишкекте 5-октябрдагы тоз-тополоңдо көзүнө ок тийип, бир көзүнөн ажыраган Талант Бейшеев адилетсиз бийликке каршы чыгып майып болуп калганын кейиди. Ал бийликке келген адамдар күнөөлүүлөрдү жазага тарт деп талап кылганга жеткирбей иштебегенин сынга алды.

“Негизи биз талап кылып отурбашыбыз керек болчу да. Азыр бийликте отургандар башында бир сөз айтып, келгенден кийин экинчи сөздү айта баштады. Кечээ парламентте Опумбаев менен Жунушалиевге иш козголбогону айтылды. Экөөнүн жоопкерчилиги каралышын талап кылабыз. Эл эмне бири-бири менен уруштубу? Чындык деп чыккан болчу”.

Мурдагы коргоо министри Абибилла Кудайбердиевдин пикиринде, эки генералга ошол күнү эле кылмыш иши козголуш керек эле.

Абибилла Кудайбердиев
Абибилла Кудайбердиев

“Булар аскер адамы. Аскер адамы болгондон кийин иштеген жериңди таштап кетсең бир статья, андан кийин бир айдан өткөн болсо дезертирлик деп эсептелет. Албетте иш козголуш керек болчу”.

Атайын кызматтын отставкадагы полковниги Таалай Жумадылов алдыда мындай окуялар кайталанбаш үчүн объективдүү иликтөө зарылдыгына токтолду.

Таалайбек Жумадылов
Таалайбек Жумадылов

“Опумбаев менен Жунушалиевди кылмыш жоопкерчилигине тартуу маселеси кеңири каралышы керек. Башкы прокуратура октябрь окуяларына байланыштуу объективдүү, толук иликтөө жүргүзүш керек. Эмнеге? Себеби, отуз жылдан бери бийлик үч жолу күч менен алмашты. Юридикалык тил менен айтканда, конституциялык түзүлүшкө үч жолу күч менен шек келтирилди. Үчөөндө тең күнөөлүүлөр жоопко тартылган жок. Алдыда мындай окуя кайталанбасын десек, күч түзүмдөрүнүн башчыларын гана эмес, баарын жоопко тартыш керек. Ал эми Опумбаев менен Жунушалиевдин жоругу – аскердик кылмыш”.

Атайын кызматтын генералы Артур Медетбеков "Азаттыкка" комментарий берип жатып, Жунушалиев менен Опумбаевдин окуясы күч түзүмдөрүнүн кызматкерлерин моралдык жактан аксатканын белгиледи.

Артур Медетбеков
Артур Медетбеков

“Жазылбаган мындай мыйзам бар. Эгер кеме чөгүп жатса, капитаны эң акыркы болуп чыгыш керек. Ал эми бул жагдайда күч түзүмдөрүнүн жетекчилери эч жакка качпай, кандай болгон күндө да аягына чейин аскерлер менен турушу керек болчу. Жоопкерчиликти дагы жетекчилер тартышы керек. Тилекке каршы, алардын жоголуп кеткени күч түзүмдөрүн моралдык жактан аксатты. Эл арасында өлкөнүн, күч түзүмдөрүнүн жетекчилери "тополоң болсо эле акчасын жыйнап алып качып кетет", деген түшүнүк пайда болуп калды. Аскер кызматкерлерине, укук коргоо органдарында иштегендерге өтө чоң сокку болду”.

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Туратбек Мадылбеков укук коргоо органдарынын жоопкерчилигинен мурда, саясий жетекчиликтин жоопкерчилигин кароо керек деп эсептейт.

“Дайыма ызы-чуу болгондо эле милицияны салып берип коет. Ал эми аларды башкарып турган саясий жетекчилер бар. Алардын жоопкерчилиги каралбайт. Ошол үчүн сөзсүз түрдө бийликте турган президент, премьер-министр, президенттик аппараттагылар жооп бериши керек да. Дайыма кордукту милиция көрүп калып жатат. Мурдагы революция учурунда да ушундай болгон”.

60 жаштагы Жунушалиев менен 58 жаштагы Опумбаев Орусиянын аймагында экени айтылып келет. Алар Кыргызстанда бийлик алмашууга алып келген октябрь окуяларынан бери үн катып, өздөрү тууралуу сын-дооматтарга жооп бербей келет.

Кой-Таштагы "ийгиликсиз" операция

Орозбек Опумбаев атайын даярдыктагы “Альфа” ыкчам тобунун аскерлери менен 2019-жылы 7-августта суракка келүүдөн баш тарткан мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясын башкарган. Ал операциясы ийгиликсиз аяктап, командирдин орун басары Үсөнбек Ниязбеков каза болуп, алты жоокер барымтада калган. 200дөн ашуун адам жабыркаган.

Атамбаевди кармоо операциясы эртеси, 8-августта уланып, аны Кашкар Жунушалиев башкарган ички иштер министрлиги өткөргөн. Ал күнү мурдагы президент ички иштер министринин орун басары Курсан Асановго колго түшүп берген. Анын алдында Жунушалиев дагы Атамбаев менен сүйлөшүү жүргүзгөнү белгилүү болгон.

Атамбаевди кармоо учурунда жараат алган Кой-Таш айылынын тургуну Сыргакбек Медетбеков атайын операция уюштурган жана ага буйрук бергендерди жоопко тартуу үчүн арыз чогултулуп жатканын айтат.

“Азыр Кой-Таш окуясында жабыркагандар кайрадан арыз чогултуп жатабыз. Эки жыл мурун документтин баарын чогултуп арызданганбыз, акыйкатчыга бергенбиз. Акыйкат чечим болот, комиссия түзүлдү деп убада берип, ошону менен жок болду. Баягы эле жомок”.

Кой-Таштагы окуядан улам Курсан Асанов жумуштан бошотулуп, кийин кылмыш иши козголгон. Ага "кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган" деген айып коюлуп, учурда соту аяктай элек. Асанов жана анын тарапкерлери бул иштерди саясий куугунтук катары мүнөздөп келет.

Былтыркы бийлик алмашуу менен аяктаган октябрдагы тоз-тополоңдо жүздөгөн адам түрдүү жаракат алган. Алардын отузга жакынын көзүнө ок тийип, сегизи бир көзүнөн айрылган.

19 жаштагы Үмүтбек Алтынбек уулу кулак тундуруучу жардыргычтан улам катуу жараат алып каза болгон. Элди кууп таркатуу учурунда милиция желим ок, жаш агызган газ, кулак тундуруучу жардыргычтарды колдонгон.

  • 16x9 Image

    Марат Тагаев

    Марат Тагаев – “Азаттык” радиосунун кабарчысы. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин, Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы Башкаруу академиясында магистратураны бүтүргөн.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG