Линктер

дүйшөмбү, 26-август, 2019 Бишкек убактысы 11:37

Орозбек Опумбаевдин кызмат жолу


Орозбек Опумбаев.

Кой-Таштагы УКМКнын ишке ашпай калган операциясы, подполковниктин өлүмү, аскерлердин барымтага алынып, жарадар болушунда төрага Орозбек Опумбаевдин жоопкерчилиги тууралуу маселе көп көтүрүлүп жатат.

Анын «атууга уруксат бербегеним үчүн өкүнүп жатам» деп парламент жыйынында айтканы коомчулуктун сынына кабылды. Опумбаев тергөөчүнүн рапортунун негизинде чечим кабыл алып, Кой-Ташка «Альфа» түзүмүнүн жоокерлерин жөнөткөнүн Бишкектеги басма сөз жыйынында билдирди. Башкы чекист Атамбаевди кармоо боюнча беш план түзүлүп, анын эң ыңгайлуусун тандап алышканын жана президент Сооронбай Жээнбеков мындан кабардар болгонун айтты. Мындан сырткары УКМКнын төрагасы Орозбек Опумбаев Атамбаевди «коёндой коркок» деп атап, каза болгон жоокердин өлүмү үчүн Атамбаевди күнөөлөдү.

56 жаштагы Орозбек Опумбаев Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы болуп ушул жылдын июнь айында дайындалган. Ал бул кызматта жетекчинин орун басары болуп иштеп туруп паспорт, тендер чырына байланыштуу кызматтан кеткен Идрис Кадыркуловдун ордуна келген. Жаңы дайындалган учурда депутаттар анын кесипкөйлүгүн жогору баалашкан.

УКМК.
УКМК.

Опумбаевдин эмгек жолуна көз чаптырсак 1992-жылы улуттук коопсуздук органдарында кенже ыйгарым укуктуу кызматкер болуп иштеген. 2002-жылга чейин атайын кызматтын башкармалыктарында жетекчилик кызматтарда эмгектенген. Төрт жыл Контрчалгын башкармалыгын жетектеп, Бишкек шаардык башкы башкармалыгынын жетекчиси, кийин атайын кызматтын төрагасынын орун басары болуп келген.

2006-жылдан 2010-жылга чейин УКМКнын Ош шаары жана Ош облусу боюнча башкы башкармалыгынын башчысы, Алмазбек Атамбаев президент болуп турганда анын аппаратынын коргоо жана коопсуздук бөлүм башчысынын орун басары болуп иштеген. Көптөгөн мекемелик сыйлыктарга жана «Даңк» медалына татыган.

Маалымат булактарында Опумбаевдин эмгек жолу менен өмүр баянында анын кандай опурталдуу операцияларга катышканы, кайсынысы ийгиликтүү бүтүп, кайсынысы ишке ашпай калганы тууралуу дээрлик маалымат жок.

Өзү парламентте маалымат берип жатып Ошто 2006-жылы жоочуларды кармоо операциясын жетектегенин, Кой-Ташта каза болгон подполковник Үсөн Ниязбеков ал жерден аман-эсен чыкканын айткан. Маалымат каражаттарындагы кабарларга караганда, 2006-жылы атайын операция учурунда өлтүрүлгөн эки киши Өзбекстан ислам кыймылынын мүчөлөрү болгон. Ошондо да операция 7-августка караган түнү кечки саат он чамасында ишке ашырылган.

Өзгөндө 2009-жылы атайын операция учурунда өрттөлүп кеткен Мамадалиевдердин үйү. Сүрөт "Кылым шамы" уюмунун архивинен алынды.
Өзгөндө 2009-жылы атайын операция учурунда өрттөлүп кеткен Мамадалиевдердин үйү. Сүрөт "Кылым шамы" уюмунун архивинен алынды.

2009-жылы Өзгөндө 27-июнда Өзгөн районуна караштуу Кош-Коргон айылында Кыргызстандын атайын кызматы белгисиз куралчан топту кармоого аракеттенген. Ошол учурда таратылган расмий маалыматта анда экинчи тарап ок атып, граната жардырганы, операция убагында Өзбекстан ислам кыймылынын төрт жоочусу жок кылынганы айтылган. Мында ата-бала Муктаржан жана Абдышүкүр Мамадалиевдердин үйү өрттөнүп, өздөрү 9-10 жылга кесилген.

Социалдык тармактарда мына ушул операциялардын уландысы Жалал-Абадда уланып, "пияз отоп жүргөн ага-ини Сатыбалдиевдер каза болуп, тогуз бала жетим калганын" да эстешти. Бул боюнча укук коргоочулар убагында мониторинг жүргүзүшкөн.

Кесиптештери анын 90-жылдары банк чөйрөсүндөгү, Финансы министрлигиндеги ири экономикалык кылмыштардын бетин ачууга катышканы карьералык өсүшүнө жол түзгөнүн айтышат. УКМКнын төрагасынын мурдагы орун басары, генерал Артур Медетбеков Опумбаевди экономикалык коопсуздук жагында көп жыл эмгектенген, тыкан кызматкер болгонун белгиледи:

Артур Медетбеков.
Артур Медетбеков.

«Орозбек Опумбаевди УКМКга келген алгачкы күндөрдөн баштап тааныйм. Экономикалык коопсуздук жагында көп жылдан бери эмгектенген. Мен билгенден, эң опурталдуу иштердин бири 90-жылдардын аягында банк чөйрөсүндө, Финансы министрлигинде экономикалык чоң кылмыштардын бети ачылып, ошондо көптөгөн министрлер кармалып, жумуштан алынган учурлары болгон. Ошондо Опумбаев өзүнүн ишмердигин, адистигин көрсөтө алган».

Учурда Орозбек Опумбаев мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо операцияларынан кийин өлкөдө эң көп айтылган ысымдардын бири болуп турат. Ишке ашпай калган операция, подполковниктин өлүмү, аскерлердин барымтага алынып, токмоктолушу, атайын кызмат өкүлдөрүнүн ар кандай жараат алышы боюнча анын жоопкерчилиги каралышы керек дегендер арбын.

УКМКнын төрагасынын мурдагы орун басары Марат Иманкулов Опумбаев СССР ыдырап, кадрлардын көбү Орусияга агылып жаткан учурда ишке алынган кызматкелерден экенин эске салды:

Марат Иманкулов.
Марат Иманкулов.

«Ошол жылдары бизден көп кадрлар кетип, орусча айтканда «кадрлык ачкачылык» башталган. Ошондо көп кызматкерлер кабыл алынып, Опумбаев да ошол учурга туура келсе керек. Ал өзү билимдүү, өз ишин билген, так аткарган адам. Жанталашып иштеген эле кесиптеш катары билем. Чогуу да иштегенбиз».

Опумбаев атайын кызматтын Бишкек башкы башкармалыгынын жетекчисинин кызматынан 2016-жылы кеткен. Ал убакта УКМКны Абдил Сегизбаев жетектечү. ИИМдин Тергөө кызматына сурак бериш үчүн барган Сегизбаев журналисттердин суроосуна жооп берип, аны кызматтан алган себебин айтты:

Абдил Сегизбаев.
Абдил Сегизбаев.

«Мен төрага болуп келсем Орозбек Опумбаев Бишкек шаардык башкы башкармалыгынын жетекчиси болчу. Тилекке каршы, ал кишинин пенсияга жашы келип калыптыр, ошол себептен аны мен жумуштан бошотком. Менин мамилем ошондой эле».

Кой-Ташта Атамбаевди кармоо операциясынын 1-күнү боюнча Жогорку Кеңеште маалымат берген Опумбаевдин «атууга уруксат бербегеним үчүн өкүнүп жатам» деп айтканы коомчулуктун сынына кабылды.

Эксперттер бул иш-чара алдын-ала пландалбай, кырдаал эске алынбай жасалган деп сындап жатышат. Жогорку Кеңештин депутаты Рыскелди Момбеков бул сөзү менен Опумбаев убакка чейинки топтогон кесипкөйлүгүн бир заматта чачып салды деп баалады:

Рыскелди Момбеков.
Рыскелди Момбеков.

«Опумбаевди көп жылдан бери жакшы билем. Кесиптик чеберчилигине кыпындай да жаман сөзүм жок. Кыраакы чекист. Кыргызстандагы атайын кызматтын тажрыйбага бай кызматкери деп эсептейм. Бирок кечээки окуяларда, өзгөчө парламентте «ок атууга буйрук бербегениме өкүнөм» деп өтө өкүнүчтүү сөздү айтып алды. Мурат Суталиновдун тагдыры кандай болгонун жакшы түшүнөбүз да. Аз жерден калды, эмоцияга алдырды го деп ойлойм. Бирок ошол сөзү менен мурдагы бай тажрыйбасынын бардыгын жоготуп алдыбы дейм».

УКМКнын жетекчиси Орозбек Опумбаев Кой-Таштагы окуяларга байланыштуу жоопкерчиликти сезип турганын, өзүнүн да күнөөсү бар экенин айтып, кызматтан кетүү ниетин президент Сооронбай Жээнбековго билдиргенин айткан. Акыркы кырдаал тууралуу парламентке келип сөз сүйлөгөн мамлекет башчы кызматтан кетүү жоопкерчиликтен качуунун эң оңой жолу экенин белгилеген. Ошол эле учурда кырдаал турукташканда күч түзүмдөрүнүн жетекчилеринин жоопкерчилиги караларын кыйыткан.

Антсе да Момбеков ал кызматтан кетиши керек деп эсептей турганын кайталады:

«Кой-Таштагы операцияны үзүлтүккө учуратканы үчүн, Кой-Таш коогалаңы боюнча ал кызматтан кетиши керек».

Опумбаев комитеттин төрагасынын биринчи орун басары болуп келген учурда өкмөттүк эмес уюмдар жөнүндө мыйзам кабыл алууга чакырып, алардын сынына кабылган.

Айрыкча ЛГБТга. Канча акча келип, кимге барып жатат, кандай акциялар болууда?

«Орусияда жана башка өлкөлөрдө кабыл алынган өкмөттүк эмес уюмдар жөнүндөгү мыйзам бүгүнкү күндө эң зарыл. Негизги маселе – каржылоо көзөмөлсүз жүрүп жатат. Айрыкча ЛГБТга. Канча акча келип, кимге барып жатат, кандай акциялар болууда? Ошол мыйзамды кабыл алсак, көзөмөл болсо, биз кайсы эл аралык уюм лобби кылып, кайсы чет өлкөлүктөр бул жакка келип жатканын, аларга кантип каршы туруш керек экенин билет элек. Бул маселени көтөрүп, чогуу чечишибиз зарыл», - деген Опумбаев.

Опумбаев бул тууралуу 8-мартта Бишкекте аялдардын тилектештик билдирген жүрүшүнө жана митингге байланыштуу айткан. Акцияда кыз-келиндердин укуктарын жактаган, феминисттик көз караштардан тышкары жыныстык азчылыкты колдогон плакаттар да болгон.

УКМК төрагасы Кой-Таштагы 7-8-августтагы окуялар боюнча күнөөлүүлөр камалгандан кийин кызматтан кете турганын 13-августтагы маалымат жыйында билдирди. Бул кызматтан кетүү менен эле чектелеби же башка чечимдер болобу, убакыт көрсөтөт.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Пикирлерди көрүңүз (53)

XS
SM
MD
LG