Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:17

Өзгөндөгү кармаш боюнча сот аяктады


Кош-Коргон айылындагы окуядан кийин.28-июнь, 2009-жыл.
Кош-Коргон айылындагы окуядан кийин.28-июнь, 2009-жыл.

Өзгөн райондук соту быйылкы жайдагы куралчан топ менен болгон атышуу боюнча ишти жыйынтыктап, кечээ бул окуяга тиешеси бар делинген 5 адамды куралчан топторду уюштурган, террорчулук жана бандиттик аракеттерди жасаган деген айыптар менен алдын он эки, артын үч жылга эркинен ажыратты. Бирок соттолгондордун жактоочулары тергөө начар жүргүзүлгөн, райсоттун бул өкүмүн бузуу зарыл деп эсептешет.

Өзгөн райондук сотунун төрагасы Кушчубай Султанов төрагалык кылган жараян дээрлик бир жарым айга созулду. Соңунда айыпталуучуларга акыркы сөз ыйгарылды.

Өзгөн окуясына экөөнүн тең бирдей тиешеси бар деп шектелген ата-бала Мухтаржан жана Абдышүкүр Мамадалиевдер Кош-Коргондогу террордук актыга катыштыгы жоктугун ырасташты. Мухтаржан Мамадалиев, тескерисинче, укук коргоо органдарынын шалаакылыгынан үйү жардырылып, турак жайынан ажырагандыгын жарыя кылды.

- Үйүбүз жок кылынды. Өзүбүз көчөдө калдык. А укук коргоо органдары “уурусу күчтүү болсо, ээси доого жыгылат” кылып атат. Эми бул акмакчылык да. Биздин кымындай айыбыбыз жок, - деп тызылдады Мухтаржан Мамадалиев.

Террорчу деп шектелгендердин бири Зайитжан Тохтар уулу да ак жеринен күйүп жаткандыгын белгиледи.

- Эгерде күнөөмдү далилдешсе, мен атууга да ыраазымын. Тилекке каршы, андай болбой жатпайбы. Бирок канткен күндө да, ак ийилип сынбасына ишенем.

Ал эми темир тордо олтургандардын дагы бири Талипжан Салиевдин өлкөнүн атайын кызматы репрессия жолоюна түшкөндүгүн айтып, мунун акыры жакшылык менен бүтпөстүгүн эскертти.

- Мындай жалган демократиянын кимге кереги бар? Адам укугун сыйлаган өлкөбүз деп төш какканыбыз түккө арзыбай калды. Жок дегенде кылмышка кичине илинчегибиз болсо, анан камашпайбы?

Жогорудагы кыргыз атуулдарынан айырмаланып чек ара эрежесин бузган, террочулардын жоруктарын жаап-жашырган деп айыпталып жаткан Өзбекстандын жараны, жети айлык боюнда бар келин Манзура Юлчиева төмөнкүлөргө токтолду.

- Күйөөмдү сүрүштүрбөй туруп атып салышты. Эми айыптын бардыгын өлгөн адамга шылтап жатышат. Чындыгында, жолдошум экөөбүздүн жана бүгүн соттолуп жаткандардын Ханабаддагы жардырууга дегеле тиешеси жок. Мандикерлик кылып эки баламды эптеп багып жаттык эле. Көрүп турасыңар, саламатчылыгым жайында эмес. Белим катуу ооруп атат. Бул абалда мага түрмөдө жатканга мүмкүн эмес!

Мындан тышкары жактооочу Сонунбү Аманбаева кылмыш иши чала бүткөрүлгөндүгүн белгилеп, аны кайра тергөөгө жөнөтүүнү өтүндү:

- Бул жерде тергөө амалдары абдан начар жүргүзүлгөн.

Ошол эле учурда мамлекеттик айыптоочу Алмазбек Маматжакып уулу буга каршылыгын туюндуруп, төрт эркекти өмүр бою, жалгыз аялды беш жылга абакка кесүүнү талап кылды.

Тыныгуудан кийин төрагалык кылуучу Өзгөн райондук сотунун жетекчиси Кушчубай Султанов төрт эркек терракт учурунда милиция кызматкерин өлтүргөн деген факты гана аныкталбагандыгына басым жасап, өкүмүн угузду.

- Булар оор кылмыш жасаган кишилерге шериктеш болгондугу териштирүүнүн жүрүшүндө далилденди деп сот эсептейт, - деген Кушчубай Султанов Мухтаржан Мамадалиев – 10, Абдышүкүр Мамадалиев – 9, Зайитжан Тохтар уулу – 10, Талипжан Салиев – 12 жылга күчөтүлгөн режимге, Манзура Юлчиева 3 жылга жатак абакка кесилгендигин жарыя кылды.

Жактоочулардын бири Айсалкын Карабаева угузулган өкүмгө макул эместигин, эмдиги жумада облустук сотко даттанаарын маалымдады: - Саясий буюртмага окшоп жатат, ошондуктан райсоттун өкүмүн бузуу абзел.

Ал эми «Кылым шамы» укук коргоо борборунун башчысы Азиза Абдурасулова террорчу деп шектелгендер атайын долбоор үчүн садага чабылды деп эсептейт.

- Укук коргоо органдары Ноокат окуясынан кийин Өзгөндө, Кара-Сууда террочулар, Хизб-ут-тахрирчилер, экстремисттер тутулду деп эле ызылдап атышканынан күмөнүм бар эле, ушунун артында бир долбоор турган жокпу деп. Мына, Бишкекте терррорго каршы күрөшүү борбору ачылды. Америка социалдык-экономикалык багыттагы жардамдарын кыскартып, терроризмге берген каражатын көбөйттү. Мейли, бирок акча алыш максатында эле бир байкуштун баласын терррочу деп камап, ак жеринен күнөөлөй берсе, ушул терроризмге каршы күрөш болуп эсептелеби? Эми муну дагы окшотуп, эл нааразы болбогудай жасашса болбойбу? - деди кепке тартканыбыда Азиза Абдурасулова.

Быйыл 27-июнда Өзгөн районуна караштуу Кош-Коргон айылында Кыргызстандын атайын кызматы белгисиз куралчан топту кармоого аракеттенген. Ошол учурда таратылган расмий маалыматта анда экинчи тарап ок атып, граната жардырганы, операция убагында Өзбекстан ислам кыймылынын төрт жоочусу жок кылынганы айтылган.

XS
SM
MD
LG