Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:07

Апта: Атамбаев кармалды, Бабанов кайтты


Кой-Таш.
Кой-Таш.

Узаган аптанын негизи окуяларына сереп (5-11-август, 2019-жыл).

Атамбаевдин камалышы

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев 8-августта камакка алынды. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) ага «Кылмышка кошо катышуу» жана «Коррупция» беренелери боюнча айып койду. 9-августта сотто Атамбаевдин бөгөт чарасы каралып, 26-августка чейин тергөө абагында камоо тууралуу өкүм чыкты жана тергөө иштери башталды.

Атамбаевди кармаш үчүн анын Кой-Таштагы үйүнө 7-8-август күндөрү эки жолу чабуул коюлду. Анда мурдагы президенттин тарапташтары менен күч органдары кагылышты.

8-августта президентке караштуу Коопсуздук кеңеши жана Жогорку Кеңеш чукул жыйынга чогулду. Президент Сооронбай Жээнбеков парламентте сөз сүйлөп, Атамбаев эми кылмышкер катары жоопко тартыларын эскертти:

«Айрым күчтөр бул процессти Жээнбеков менен Атамбаевдин жеке тирешүүсү деп жатышат. Бул эки адамдын тиреши эмес. Бул - коррупциянын туу чокусу болгон бардык кылмыштуу иштерди ачууга, тергөөнүн мыйзам чегинде таза жүрүшүнө, соттук процесстердин адилеттигин камсыз кылууга каршы жасалып жаткан күрөш. Бул - мыйзамдуулук менен өзүм билемдиктин, өз кызыкчылыгын мамлекеттен өйдө коюунун тиреши! Кан төгүлбөсүн деп желим ок колдонулду. Бийликтин кадыр-баркы төгүлсө да, мекендештерибиздин каны төгүлбөсүн дедик. Кечээги күнгө чейин Атамбаев тергөөгө күбө катары чакырылып келсе, эми ал оор кылмышка шектүү катары чакырылат».

Алмазбек Атамбаев камалганга чейин Кой-Ташта тарапташтарынын алдында билдирүү жасаган. Ал ок атуучу курал өзүнүн гана колунда болгонун айткан. Атамбаев атайын даярдыктагы бир кызматкердин өлүмү менен аяктаган окуялар үчүн жоопкерчиликти Сооронбай Жээнбековго жүктөгөн:

«Аны ушундай ыплас ишке жөнөткөндөр, Сооронбай Жээнбеков баштаган бийлик күнөөлүү. Кечээ булар «суракка алып кеткени келдик» дешкен жок, бандиттей болуп келип, элди ата баштады. Мен «бирөө менин үйүмө келсе каршылык көрсөтөм, керек болсо атам» деп бир-эки айдан бери айтып келе жатам. Менин сыйлыкка берилген куралым, тапанча, винтовкам бар. Бул жерде курал менде гана. Мен үчүнчү кабатта отуруп, өзүм туруштук берип жаттым. Аны да силерге бирөө түртпөсүн. Карапайым элде колунда балким таш болду, бирок бирөөндө да ачакей (рогатка) да болгон жок. Кечээги болгон окуя үчүн, элге жана атайын бөлүккө жасалган зомбулук үчүн жоопкерчиликтин бардыгы Сооронбай Жээнбеков баштаган азыркы бийликте болот. Анткени бийлик».

Жээнбеков менен Атамбаев бири-бирин айыптады
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:46 0:00

УКМКнын «Альфа» түзүмүнүн кызматкери, подполковник Үсөнбек Ниязбеков октон жарадар болуп, ажал тапты. Жаңжалда башына таш тийген Чүй облустук ички иштер башкармалыгын жетекчиси Самат Курманкуловдун абалы оор, ооруканада эсине келе албай жатат. Жалпысынан жүздөй адам жаракат алды.

Айтор, Атамбаевди кармоо операциясы, анын адам өлүмү менен аякташы күч түзүмдөрүнө карата сын-дооматты күчөттү. УКМКнын төрагасы Орозбек Опумбаев кызматтан кетүү тууралуу арыз жазганын, бирок президент Сооронбай Жээнбеков аны кабыл албаганын ачыкка чыгарды:

«Мен Коопсуздук кеңешинин жыйынында Сооронбай Жээнбековго кызматтан кетүү ниетимди билдирди. Чындыгында бул жерде менин да күнөөм бар. 3,5 миң кызматкердин бардыгын алып чыкканда мындай болбойт беле? Атайын кызматтын кызматкерлери аскердик эмес курал менен операция жүргүзүштү. Атамбаевдин тарапташтары куралдуу каршылык көрсөтүштү. Бул мыйзамсыз. Атамбаев тараптан снайпер аркылуу ок атуу болду. Бул куралдан биздин алты кызматкер жабыркады. Барымтадагы кызматкерлерди шылдыңдашты».

Алмазбек Атамбаевди кармаган учурдагы видео
please wait

No media source currently available

0:00 0:06:52 0:00

Атамбаев камалгандан кийин Кой-Таштагы окуяларга байланыштуу анын айрым тарапташтары, КСДПнын мүчөлөрү, Жогорку Кеңештин депутаттары Ирина Карамушкина, Асел Кодуранова, саясатчы Равшан Жээнбеков жана башкалар күбө катары ИИМдин тергөөчүлөрүнө сурак берип чыгышты. Саясатчылар тергөөнүн купуялыгын сактоо тууралуу кол коюп беришкендиктен сурактын майда-баратын айта албай турганын белгилешти. Ага чейин мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин уулу Сейитбек Атамбаев суракка кирип-чыккан.

«Адилет» укуктук клиникасынын директору Чолпон Жакупова Кой-Ташта 7-8-августта болуп өткөн окуялардын укуктук жагына байланыштуу «Азаттыктын» суроолоруна жооп берди. Анда мурдагы президентти мажбурлап алып келүүгө «Альфанын» аралашканын мыйзамсыз деп баалады:

«Опумбаев мырза мажбурлап алып келүү тууралуу чечимди тергөөчү чыгарганын айтып жатат. Эгер чын эле ошондой болсо, бул күлкү гана келтирерлик. Ар бир нормалдуу мамлекетте, эгер мурдагы президентти мажбурлап алып келиш керек болуп жатса, чечимди жогорураак деңгээлде кабыл алышат. Тергөөчү, албетте, өз алдынча процессуалдык жак болуп эсептелет, бирок кеп эң жогорку рангдагы мурдагы саясатчы жөнүндө болуп жатпайбы. Ошондуктан «мажбурлап алып келүү жана атайын операция жүргүзүү тууралуу буйрукту УКМКнын төрагасы да, Коопсуздук кеңешинин катчысы да, президент да берген эмес» деп бизди канчалык ынандырууга аракет кылышпасын, буга эч ким ишенбейт. Бирок эгер чынында эле ошондой болсо, абал жарандар шектенип жаткандан да чатагыраак. Демек, мамлекет башкаруусуз калды. Кеп мамлекеттин мурдагы жогорку кызмат адамы тууралуу болуп жатат да!».

Экс-президент Роза Отунбаева азыркы жагдай президент Сооронбай Жээнбеков үчүн сыноо экенин эскертти:

«Алмазбек Атамбаев «курал менде эле болчу, мен аттым» деп күнөөнү мойнуна алды. Эл аралык басылмалардын баары эле «Атамбаев өзүнө өзүнө өмүрүнүн акырына чейинки өкүм чыгарды» деп жазып жатат. Эл бир нерсеге канааттанбаса, анын баары ушундай учурда чыгат экен. Бизде экономика жагынан жылыш болбогондуктан эл эки жакты тең айыптап, «ушул экөөнүкү өттү» деп жатпайбы. Биз мындай сөздөрдү көп эле угуп жатабыз. Азыр президент Сооронбай Жээнбековду сынаган учур болуп жатат. Өкмөт өзүнүн ишин көрсөтүшү керек. Реформа, жыйынтык болбосо президенттин аракеттеринин баары текке кетет».

АКШнын мамлекеттик катчысынын Түштүк жана Борбор Азия маселелери боюнча жардамчысынын милдетин аткаруучусу Элис Уэллс Кыргыз Республикасындагы кырдаал тууралуу пикирин билдирди. Анда Уэллс айым бардык тараптарды тынчтыкты орнотууда Кыргызстандын Конституциясына жана демократиялык салтына ылайык иш алып барууга үндөгөн.

«Кыргызстандагы акыркы окуялар боюнча, биз шайланган демократиялык институттарга жана мыйзамдын үстөмдүгүн карманууга туруктуу колдообузду билдире турганыбызды баса белгилеп кетебиз. Бардык тараптарды тынчтыкты орнотууда Кыргызстандын Конституциясына жана демократиялык салтына ылайык иш алып барууга үндөйбүз», деп айтылат Элис Уэллстин билдирүүсүндө.

Алмазбек Атамбаевдин кызы Алия Шагиева 9-августта атасын колдоп бир канча билдирүү жасады. Соңку билдирүүсүндө ал бийликти калайман жаңжал уюштуруу боюнча айыптады:

Алия Шагиева.
Алия Шагиева.

«Менин атамды кримтөбөл Батукаевдин Кыргызстандан чыгарылышына байланыштуу ойго келбеген, токулган иш боюнча суракка алууга аракет кылышты. Бирок чындыгында атамды башка өнөктөштөрүндөй эле оппозициялык ишмердиги үчүн гана камакка алууну каалашкан. Атайын кызматтар атамдын үйүнө мурдагы күнү кечинде чабуул коюшту. Ошол маалда атам күн сайын аны колдоп келгендерге жарым саатка чыгат. Чабуул ушул жарым сааттын ичинде сүрөткө түшкөнү келген аялдар менен балдар келген маалда жасалганы бир топ адамдардыкын кыжырын кайнатты. Башкача айтканда, бул убакытты бийлик калайман жаңжыл жаратыш үчүн, мыйзамсыз чабуулду уюштуруу үчүн тандап алан».

Социалдык тармактарда Алия Шагиеваны колдогондор да, сындагандар да бар.

«Кастан сакта»...

Эки жылга жетпеген убакыт мурун Сооронбай Жээнбеков ант берип президенттик кызматка киришип жатканда Атамбаевди көкөлөтө мактаган эле жана өлкө башчысы катары Атамбаевге «Кыргыз Республикасынын Баатыры» наамын берген:

«Атамбаев Алмазбек Шаршенович зор эрки менен өлкөбүздө жаңы саясий маданиятты калыптандырды, кийинки муундарга үлгү болгон кадам жасады. Көптөгөн башка мамлекеттерге кыргыз элинин эркиндикке болгон умтулуусун даңазалап, чыныгы демократ, улуу инсан экендигин дагы бир ирет дүйнө жүзүнө далилдеди. Өз тарыхыбызга, маданиятыбызга, каада-салттарыбызга, элдин ишенимине таянган бийликти түптөдү. Мекенине ак эмгегин арнаган, Кыргызстанды өнүгүү жолуна алып чыккан, урматтуу Алмазбек Шаршеновичке таазим кылып, элибиздин атынан терең ыраазычылык билдирем! Сиз баштап берген кыргыз көчү өз жолун улайт! Кыргызстаныбызга, элибизге аруу тилек, адал мээнет менен өтөп берген ак кызматыңыз, эрдигиңиз, акылман-көрөгөчтүгүңүз үчүн Сиз «Кыргыз Республикасынын Баатыры» эң жогорку артыкчылык даражасы, «Ак шумкар» өзгөчө белгисине татыктуусуз. Мамлекетибиздин бул эң жогорку сыйлыгын Сизге элибиздин атынан чоң сыймык менен тапшырам деген үмүттөмүн. Президенттик кызматка киришкенден кийинки биринчи дарлыгым ушул болот».

Анда Алмазбек Атамбаев Жээнбековду «досум» деп атаган жана «жаныңда жүрүп кас болгондон сакта» деген осуятын айткан:

«О, Жараткан!

Кыргыздын жаңы ажосун

Кырсыктын балаасынан сакта,

Душмандын жалаасынан сакта!

Дос көрүнүп, кас болгондон сакта,

Жаныңда жүрүп, өч болгондон сакта!

Соке, досум!»

«Апрелдин» кеңсеси жабылды

Ал арада Алмазбек Атамбаевге таандык «Форум» имаратындагы «Апрель» телеканалынын кеңесеси жабылды. Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы соттун чечими менен «Медиа Форум» ишканасынын жана «Апрель» телеканалынын мүлкү камакка коюлганын билдирди.

Каналдын жетекчиси Дмитрий Ложников «Форум» имаратына келген күч органдарынын өкүлдөрү телеканалдын жетекчилигине эч кандай документ көрсөтпөгөнүн, журналисттерге жеке буюм-тайымдарын алып кетүүгө уруксат бербегенин айтты.

«Үч күндөн бери Кыргызстандын бардык аймагында «Апрель» телеканалынын эфири көрсөтүлбөй жатат. Бизди ар кайсы жерде ар кандай себеп менен өчүрүп коюшту. Мен мындай болуп кетет деп күткөн эмесмин. Телеканалдын мүлкүн, имаратты камакка коюу менен гана аяктайт деп ойлогом», - деди Ложников.

Ал 9-августтун кечинде болгон окуяларды сөз эркиндигин тебелөө аракети катары мүнөздөп, канал Интернет аркылуу эфирге чыга берерин кошумчалады.

Күч түзүмдөрү “Апрель” телеканалын жапты
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:55 0:00

Бабановдун келген кези

9-августта «Республика» партиясынын лидери Өмүрбек Бабанов Москвадан Бишкекке учуп келди. Аны аэропорттон жүздөгөн тарапкери тосуп алды.

Бабанов тарапташтарынын алдына чыгып сүйлөгөн кыска сөзүндө баарына ыраазычылык билдирип, Кыргызстанга тынчтык керек экенин айтты.

- Мени эч ким тосуп текшерген жок. Мен дайыма мыйзам жолунда жүргөм, - деген Бабанов Бишкекке жөнөп кетти.

Конституциялык палатанын мурдагы судьясы Клара Сооронкулова «Республика» партиясынын лидери Өмүрбек Бабанов Бишкекке камалбай турганына көзү жетип келди деп эсептейт. Сооронкулованын пикиринде, Бабанов бийлик менен сүйлөшкөндү билет, андыктан кепке келишет. Себеби саясий атаандаштыкты күчөтүү бийликке упай алып келбейт.

«Бабановду кармашса анын тарапкерлери чыкмак, саясий кырдаал кайра курчумак. Бийлик араң-араң түзөп келаткан аброю түшүп кетмек. Ал кырдаалды сезип, камалбасын билип туруп келди. Азыр камалбайт го», - деди ал.

2017-жылы күзүндө Өмүрбек Бабанов президенттикке талапкер болгон кезинде өзбек улутундагы жарандар жыш жашаган Ош облусунун Он-Адыр айылында шайлоочулар менен жолугушууда «тизелеп жашаганча тике туруп өлгөн артык», «эч кимден коркпогула» деген мазмундагы сөздөрдү айткан.

Буга байланыштуу ошол жылдын аягында Башкы прокуратура «конституциялык түзүлүштү күч менен алмаштырууга ачык чакырган», «улут аралык кастыкты козуткан» деген айып менен кылмыш ишин козгогон. Бабанов жыл жаңырар алдында саясаттан биротоло кеткенин күтүүсүз жарыялап, депутаттык мандатын тапшырып чет өлкөгө чыгып кеткен жана бул кадамын «мындай кырдаалдагы жападан-жалгыз туура чечим» деп атаган.

Бабановдун үгүт маалындагы сөзүн талдаш үчүн эксперттик топ түзүлгөн. Бул топ «Бабанов улут аралык кастыкка чакырган эмес» деген корутунду чыгарган. Кийинчерээк эксперттер тобунун айрым мүчөлөрүн УКМК суракка алганы ачыкка чыккан.

2018-жылы жазында УКМК Өмүрбек Бабановго «бийликти күч менен басып алууга даярдык көргөн» деген берене менен козголгон экинчи кылмыш ишин тергеп жатканы белгилүү болгон.

Бабанов быйыл апрель айында Москвадан кайтып келерин жарыялаган, аны тосуп алыш үчүн жер-жерлерде миңдеген адамдар топтолорун маалымдаган. Бирок азыркы бийлик Бишкекте жана башка аймактарда Бабановдун тарапташтарына башкы аянттарды берүүдөн баш тарткан. Натыйжада Бабанов кайтып келүү тууралуу оюнан кайткан.

«Солкулдаган» Солтон-Сары

Нарын облусундагы Солтон-Сары кенинин айланасындагы жагдай туңгуюкка кептелди. Өкмөт кенди иштеткен «Zhong Ji Mining Company» компаниясынын ишмердүүлүгүн токтотту. Айрым жергиликтүү тургундар кенди биротоло жаап салууну талап кылып, нааразылык акциясына чыгып жатышат.

9-августта Кара-Чий айылынын тушундагы кенге кетчү жолдун боюнда үч жүздөй адам чогулду. Анда өлкө президентине кайрылуу кабыл алынды. Оттук айылынын тургуну Адилбек Жунусов кайрылуунун мазмунун чогулгандарга окуп берди:

«Солтон-Сарыдан башка Нарын облусунун аймагында жайгашкан Кум-Бел, Байболот деген сыяктуу алтын кендерин иштетип жаткан компаниялар ишин токтотсун. Алтын кендерин иштетүүгө Нарын облусу боюнча мораторий жарыялансын».

Солтон-Сары: бийликке кайрылуу жолдонот
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:55 0:00

Кенди иштетүүгө каршы чыгып жаткандар Кара-Чий айылынын тушундагы жолго 5-6-август күндөрү да чогулган. Анда кытайлык компаниянын кызматкерлери менен кагылышкан жергиликтүү тургундарга чара көрүлбөсүн деген талап айтылган.

Солтон-Сарыга вице-премьер-министр Кубатбек Боронов 6-августта барган. Боронов анда «мыйзамсыз аракеттерге барган жарандар жооп берет» деп эскерткен. Мындан улам чогулгандар эми камалбастын айласында өкмөттүн Нарындагы өкүлү Аманбай Кайыповдон кепил болуп берүүсүн талап кылууда. Бирок Кайыпов да бул талапты аткара албай турганын айтып жатат. Оттук айылынын тургуну Адилбек Жунусов эгер камала турган болсок элди нааразылыгы токтобойт деген оюн айтты:

«“Чет элдин жарандарына кол салган жана бирөөнүн автоунаасын уруксаты жок айдап жөнөшкөн” деп азыр кылмыш иши козголуп калыптыр. Ошол керек беле бизге? Убагында айтканды укпагандар, “мен эле кыйынмын” дегендер жоопко тартылат экен. Эми суракка барышыбыз керек. Мен да жооп берем. Бирок бирөө да камалбайт, кесилбейт. Азыр жыйналышка УКМКнын өкүлү, облустук милициянын башчысы да келди. Биз аларга «эгер балдар камала турган болсо, элден жакшылык күтпөгүлө» деп түз эле айттык. Анда биз элди токтотпойбуз, токтото да албайбыз деп эле айттык».

Солтон-Сарыдагы соңку окуяларга байланыштуу бул аймакка Бишкектен кошумча күч тартылды. Нарын облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Кундуз Эсенгулованын айтымында, 5-августтагы окуя Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды. Ал кайсы берене экенин тактаган жок:

«6-августта Солтон-Сары алтын кенининдеги «Жоң Жи Майнинг» компаниясында иштеп жаткан 75 кытай жарандары Бишкек шаарына жеткирилген. Бул окуя Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине каттоого алынды».

Солтон-Сарыдагы кен комбинатын куруп жаткан кытайлык компанияга каршы жүздөгөн адамдын нааразылыгы бир жумадан бери токтой элек. Чыккан чырдан 50дөй кытай жараны жана бир жергиликтүү тургун жабыркаган. 7-августта өкмөт компаниянын кендеги иши убактылуу токтогонун билдирди.

Солтон-Сары: эл эмнеге нааразы?
please wait

No media source currently available

0:00 0:45:49 0:00

Солтон-Сары кениндеги абал тууралуу 8-августта Жогорку Кеңештин кезексиз жыйынында да сөз болду. Анда премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев маалымат берди.

Кытайдын Кыргызстандагы элчилиги 6-августта Солтон-Сары кениндеги окуя боюнча билдирүү тараткан. Анда бул жаңжалда кытай компаниясынын кызматкерлери жаракат алып, компаниянын мүлкү жабыркаганын билдирген. Элчилик кыргыз өкмөтүн кытайлык ишканалардын жана кытай жарандарынын укугун коргоп, коопсуздугун камсыз кылууга чакырган.

Ошондой эле Кытайдын Бишкектеги элчилиги Солтон-Сарыдагы окуя боюнча өз версиясын маалымдаган. Ага ылайык, 5-август күнү жүздөгөн жергиликтүү тургундар «Zhong Ji Mining» компаниясына барышкан. Чогулгандардын айрымдары ишкананын аймагына мыйзамсыз кирип келип, кызматкерлерди ур-токмокко алган. Андан ондогон кытай жарандары жаракат алып ооруканада жатат.

Кытай элчилиги өз билдирүүсүндө көптөгөн жылдардан бери кытайлык компаниялар Кыргызстанга инвестиция кылып, эки өлкө алакасын чыңдап келатканын белгилеген. Кытай өкмөтү ишмердүүлүгүн чет өлкөдө жүргүзгөн ишканаларынан дайыма жергиликтүү мыйзамдарды сактоону талап кылаарын кошумчалаган.

Андан мурдарак Кыргызстандын вице-премьер-министри Жеңиш Разаков Кытайдын Кыргызстандагы толук жана ыйгарым укуктуу элчиси Ду Дэвэнь менен жолугуп, кендеги окуяны талкуулаган.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG