Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:41

Мурдагы президент Атамбаев кармалды


Алмазбек Атамбаев.
Алмазбек Атамбаев.

Кыргызстандын мурдагы президенти Алмазбек Атамбаев кармалганын анын штабы да ырастады. "Азаттык" радиосуна келип түшкөн видеолордон Атамбаевди Кой-Таштагы үйүнөн ички иштер министринин орун басары Курсан Асанов баштаган күч органдары алып чыгып кетип баратканын көрүүгө болот. Маалыматтарда Атамбаев сүйлөшүүлөрдөн кийин колго түшүп берүүгө макул болгон. Аны Кой-Таштан Кант аркылуу Бишкекке алып келишти. Акыркы маалыматтарда ал Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетке алынып келинди.

Алмазбек Атамбаевди кармаган учурдагы видео
please wait

No media source currently available

0:00 0:06:52 0:00

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясы бүгүн, 8-августта саат 16ларда башталган. Милиция темир дарбазаны чопкутталган машине менен сүзүп кирип, Атамбаевдин тарапташтарын короодон сыртка сүрүп чыгарган. Анда кулак тундуруучу, көздөн жаш агызуучу каражаттар колдонулганын «Азаттыктын» кабарчысы окуя болгон жерден кабарлаган.

7-августта мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясы ишке ашпай калган. Операция учурунда күч органдары менен мурдагы президенттин тарапкерлери кагылышып, бир нече киши жабыркады. Алардын арасында атайын кызматтын аскерлери жана милиция кызматкерлери бар. Кагылышта башына таш тийип, оор жараат алган Чүй милициясынын башчысы Самат Курманкуловго эки жолу операция жасалды. Азырынча ал эсине келе электигин дарыгерлер билдирип жатышат. Күч түзүмүнүн бир өкүлү курман болду.

Башкы прокуратура Кой-Таштагы окуя боюнча Жазык кодексинин алты беренесинин негизинде («Массалык башаламандык», «Бейбаштык», «Киши өлтүрүү», «Киши өлтүрүүгө аракет кылуу», «Бийлик өкүлдөрүнө карата зомбулук» жана «Туткунга алуу») кылмыш ишин козгоп, ИИМ сотко чейинки тергөө амалдары башталганын билдирди. (КЕ)

XS
SM
MD
LG