Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:53

Кыргызстанда саясий кризис курчуду


7-август, 2019-жыл
7-август, 2019-жыл

Түндө мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди Кой-Таштагы үйүнөн кармап кетүү операциясы ишке ашпай калды.

Бүгүн Алмазбек Атамбаев тарапкерлерин түштөн кийин «Форум» ишканасынын алдына чогулууга чакырды. Кой-Ташта турган 300дөй тарапкеринин алдында сүйлөп жатып «Форумдан» кийин Ак үйдүн алдына барышарын, бул митинг мөөнөтсүз болорун билдирди.

Алмазбек Атамбаев Кой-Ташта жарадар болуп каза болгон жоокердин өлүмү үчүн жоопкерчилик мамлекет башчысы Сооронбай Жээнбековдун абийиринде деп эсептейт.

«Аны ушундай ыплас ишке жөнөткөндөр, Сооронбай Жээнбеков баштаган бийлик күнөөлүү» деди Атамбаев.

Бүгүн, 8-августта Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков Коопсуздук кеңешинин жыйынын өткөрдү. Мамлекет башчысы «Алмазбек Атамбаев Кыргыз Республикасынын Конституциясын жана мыйзамдарынын талаптарын одоно түрдө четке кагып, тергөө иштерин мыйзам алкагында аткарууга катуу куралдуу каршылык көрсөттү» деп билдирди.

Мамлекет башчысы Коопсуздук кеңешинин мүчөлөрүнө кайрылып, «тез арада чара көрүү зарылдыгына байланыштуу мыйзамдуулукту, өлкөдөгү тынчтыкты жана коопсуздукту сактоо боюнча бардык иш-чараларды аткаруу» керек экенин белгиледи.

Кой-Таштагы операциянын хронологиясы
please wait

No media source currently available

0:00 0:04:50 0:00

УКМК төрагасы Орозбек Опумбаев, ички иштер министри Кашкар Жунушалиев, башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов түзүлгөн кырдаал боюнча маалымат беришти. Жыйындын жыйынтыгында тийиштүү чечим кабыл алынганы айтылды.

Президент Сооронбай Жээнбеков Ысык-Көлдөгү эс алуусун токтотуп, кечээ Бишкекке кайтып келген.

Жалпысынан кечээ күнкү окуяда жабыркаган элүүдөн ашуун адам ооруканага кайрылды, бирөө курман болду. Курман болгон адам күч органынын кызматкери экени белгилүү.

Кой-Таштагы операциядан аскер каза тапты
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:35 0:00

Кой-Ташта мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясы учурунда жараат алган Чүй милициясынын башчысы Самат Курманкулов кайрадан операцияга жаткырылды. Мындай чечимди 8-августта эртең менен дарыгерлер Курманкуловдун абалын кайрадан текшерип чыгып, томограмманын жыйынтыгынан кийин кабыл алышты.

Буга чейин Самат Курманкулов башынан жаракат алып, ооруканада операция жасалган. Курманкулов мээсинен оор жаракат алган. Ал Кой-Ташта милиция менен Атамбаевдин тарапташтары бири-бирин таш менен урганда башына таш тийип, жаракат алганы кабарланган.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG