Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-сентябрь, 2020 ишемби, Бишкек убактысы 18:15

Кой-Таш окуясынын таасири жана сабагы


Кой-Таштагы Атамбаевдин үйүндөгү бир көрүнүш.

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин тарапкерлери менен күч кызматкерлери кагылышкан Кой-Таш окуясына бир жыл болду.

Учурдагы пандемия шартында мындан бир жыл мурдагы Кой-Таш окуяларын эстеп, аны талдоого көп деле көңүл бурулган жок.

Азыркы тапта бул окуя боюнча камакка алынган мурдагы президент Алмазбек Атамбаев менен анын тарапкерлеринин үстүнөн уланып жаткан сот жараяны боюнча гана маалымат таратылбаса, бул окуяга көңүл буруу басаңдады.

Алгач Кой-Таш окуясына себеп болгон жагдайлар жана аны териштирүү боюнча учурдагы абалга абай салалы.

Бир жыл мурун эмне болду эле?

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди тергөөгө күбө катары күч менен алып келүү боюнча операция 2019-жылдын 7-августунда уюштурулган. Ага Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) «Альфа» ыкчам тобунун аскерлери тартылган.

Саясатчыны Кой-Таш айылындагы үйүнөн кармап кетүү маалында анын тарапкерлери менен күч кызматкерлери кагылыша кетип, «Альфа» тобунун командиринин орун басары Үсөн Ниязбеков курман болгон.

Мындан сырткары 100гө жакын адам ооруканага кайрылган. Алардын ичинде башынан катуу жараат алган Чүй облустук милициясынын башчысы Самат Курманкулов Москвага чейин барып дарыланды. Мындай кырдаалда операция оңунан чыкпай, эртеси күнү гана Алмазбек Атамбаев кармалып, камакка алынган.

Кой-Таш окуясы боюнча Жазык кодексинин «Киши өлтүрүү», «Адам өмүрүнө кол салуу», «Барымтага алуу», «Жапырт башаламандык», «Бейбаштык», «Бийлик өкүлдөрүнө коркунуч келтирүү жана зомбулук» беренелеринин негизинде кылмыш иши козголгон.

ИИМдин Тергөө кызматы Атамбаев баштаган 19 адамга айып койгон, 14 айыпталуучунун иши сотко өтүп, калган беш адамдын иши тергөө менен кызматташууга макул болгону үчүн өзүнчө тергелип жатат

Сотко иши өткөн 14 айыпталуучунун ичинен Алмазбек Атамбаев УКМКнын тергөө абагында, ал эми Фарид Ниязов, Равшан Жээнбеков, Мээрбек Мискенбаев, Канат Сагымбаев, Фархат Баабиев, Канат Осмоналиев Бишкектеги №1 тергөө абагында камакта.

Парламент депутаттары Ирина Карамушкина, Асел Кодуранова, Атамбаевди колдогон КСДПнын расмий өкүлү Кундуз Жолдубаева үй камагында.

Буга чейин Кой-Таш окуясын иликтөө боюнча мамлекеттик комиссия түзүлүп, Кой-Таш окуясына Алмазбек Атамбаев жана анын тарапташтары жооптуу деген тыянакка келген. Бул комиссиянын корутундусуна анын мүчөсү, юрист Клара Сооронкулова башка пикирде экенин айтып, кол коюудан баш тарткан болчу.

Азыркы тапта бул окуя боюнча ишти Бишкектин Биринчи май райондук соту жабык карап жатат. Азыр соттук акт менен таанышуу жараяны уланууда. Ал эми 23-июнда Биринчи май райондук соту Атамбаевди "Батукаевдин иши" боюнча өзүн жана жакындарын мүлкүнөн ажыратуу менен 11 жыл, эки айга кескен. Бул ишти ушул тапта Бишкек шаардык соту карап жатат.

Бир жыл мурун дал ушундай нукта өнүккөн Кой-Таш окуясы боюнча укуктук териштирүү аягына чыга элек.

Кандай сабак алдык?

Бирок бул окуянын саясий сабагы эмне болду жана өлкөдөгү саясий абалга кандай таасирин тийгизди деген суроо актуалдуу бойдон турат.

Камакка алынган мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин тарапкерлери Кой-Таш окуясы боюнча нааразылыгын билдирип, анын жоопкерчилигин азыркы бийликке жүктөөгө аракет кылып жатышат.

Мындай маңыздагы билдирүүнү алар Кой-Таш окуяларынын бир жылдыгына арнап, 7-августта да тарашты. Анда былтыр Атамбаевдин тарапкерлеринин топтолушуна «УКМКны куралсыз адамдарга каршы ок аттырган бийлик» жооптуу экени, соттун жабык өтүп жатканы бийликтин «чындык жалпы коомчулукка белгилүү болуп кетет» деп коркконунун белгиси экени айтылды.

Билдирүүгө кол койгондор Кой-Таш окуясын «президент Сооронбай Жээнбековдун саясий оппоненттерин жок кылууга шарт түзгөн чагым» деп баалашты.

Бул кайрылуу Кой-Таш окуясына байланыштуу соттолуп жаткан Фарид Ниязовдун, Равшан Жээнбековдун, Мээрбек Мискенбаевдин, Канат Сагымбаевдин, Асел Кодуранованын, Ирина Карамушкинанын, Кундуз Жолдубаеванын, Фархат Баабиевдин, Рыспек Карыпбек уулунун жана Канат Осмоналиевдин атынан жарыяланды.

Замир Жоошев.
Замир Жоошев.

Сотто Атамбаевдин кызыкчылыгын коргоп жаткан адвокат Замир Жоошев мындай нааразылык ириде Кой-Таш окуясы боюнча тергөө жана сот калыс жүрбөй жатканынан чыгып жатат деп эсептейт.

«Бул ойлор, мындай пикирлер жөндөн-жөн эле чыккан жок, - деди ал. - Себеби, ага аябай көп негиз болуп жатат. Тергөөдө, сотто ишти жаап-жашырып, элге маалымат берилбей жатат. Көптөгөн мыйзам бузулган учурлар ачык эле болуп атат. Элден жашырбай, калыс караш керек болчу. Ошондо актаганбы же соттогон өкүм болсо да бул маселе кайрадан көтөрүлбөйт эле. Азыр болсо ынамдуу болгон жок».

Бирок коомчулукта бир жыл мурунку окуяны башка таризде чечмелегендер да кездешет.

Маселен, Кой-Таш окуясы боюнча мамлекеттик комиссиянын мүчөсү болгон генерал Артур Медетбеков ал окуялар өлкөдө мыйзамдын талабына баш ийбей, өз билемдик кылам дегендерге жооп болгонун айтты:

«Биринчиден, Алмазбек Атамбаев өлкөнү алты жыл башкарган, эки жолу өкмөттү жетектеген адам катары мыйзамдын талаптарын аткарышы керек эле. Бирок ал тергөөгө чакырса барбай, үч жолу чакыруу алып баргандарды кубалып жибергени кызык болгон. Ошондуктан укук коргоо органдары мыйзамга ылайык күч менен алып кетиш үчүн барганда чатак чыкпадыбы.

Артур Медетбеков.
Артур Медетбеков.

Экинчиден, Атамбаев Кой-Таштагы үйүнө туруп алып, «президенттик аппаратка барабыз» деп, жаш балдарды уюштуруп жатпадыбы. Ар кандай башаламандыктын алдын алыш керек болчу. Биз бүгүн бул окуялардан төмөнкүдөй сабак алышыбыз керек. Өлкөдө ар кандай кызматты ээлеген адамдар топ-топ болуп чогулуп, өз тарапкерлерин жыйнап алып, талаптарын коё берсе мамлекеттүүлүгүбүзгө доо кетиши мүмкүн. Ошондуктан Кой-Таш окуялары мыйзамдуулукту сакташ керек, анын алдында баары тең болуш керек жана ага жараша жооп бериши керек деген сабак болду».

Борбор Азияда алгачкы жолу мурдагы президент камакка алынды

Бир жыл мурун Кыргызстандын тарыхында алгачкы жолу мурдагы президент мыйзам бузду деген жүйө менен камакка алынды. Буга чейин бийлик эки жолу күч менен алмашкан өлкөдө эки жетекчи четке чыгып кетсе, Атамбаевдин камакка алынышы Борбор Азияда саясий прецедент болуп калды. Соңку он жылда таасирдүү фигура болуп келген Алмазбек Атамбаевдин саясий талаадан четтеп, ал негиздеген Кыргызстан социал-демократиялык партиясы (КСДП) экиге бөлүндү. Анын жакындары жана балдары жаңы партия түзүп, шайлоого катышууга аракет кылса да Атамбаевдин саясатка кайтып келишине мүмкүнчүлүк түзөрү белгисиз.

Экинчиден, адистер Кой-Таш окуялары Сооронбай Жээнбековдун жоопкерчилигин мурдагыдан да күчөткөнүн белгилешет. Анткени буга чейин Атамбаев менен тирешип, анын аты тоскоол болгон фактор катары айтылып келсе, мурдагы президенттин камалышы менен Жээнбеков үчүн актанууга себеп азайды.

Президент Сооронбай Жээнбеков өзү буга чейин мурдагы мамлекет башчы Алмазбек Атамбаевди кармоого, Кой-Таштагы чырга баа бере албай турганын айткан:

«Атамбаевге күбө катары бир нече жолу чакыруу берилген. Келбей койду. Мыйзамга баш ийген жок. Кой-Таш боюнча комиссия иштеп жатат. Мен азыр ал окуяга баа бербейм. Баа бере турган парламент, комиссия, сот бар. Ошолор чечим чыгарат. Алдын ала эч нерсе айта албайм».

Дал ушул жагдайды эске салган «Үмүт 2020» кыймылынын мүчөсү, активист Нурсултан Акылбек акыркы окуялар саясатчылардын жоопкерсиздигин көрсөттү деген пикирде.

Нурсултан Акылбек.
Нурсултан Акылбек.

«Кой-Таш окуясы болобу же башка акыркы окуялар болобу, саясатчылар үчүн элдин кызыкчылыгына караганда өз кызыкчылыгы жогору экенин көрсөттү. Ал окуялар абдан чоң чатакка айланышы толук мүмкүн болчу. Ал бир күндө эле чыккан жок, ага чейин бир топ нерселер болбоду беле. Ошондуктан, бул окуянын бир жагынан өз кызыкчылыгын жогору коюуга байланыштуу болсо, экинчи жагынан өч алуу сыяктуу көрүнүп калды. Мамлекеттик кызыкчылык жөнүндө сөз болгон жок», - деди ал.

Жогорку Кеңештин депутаты Анвар Артыков азырка тапта бул окуяларга баа берүү эртелик кылат деген ойдо. Анын пикиринде, саясий кызыкчылыкты четке таштап, объективдүү тергөө жана сот жүрбөсө, бул маселе утур-утур көтөрүлө бериши мүмкүн.

Анвар Артыков.
Анвар Артыков.

«Мезгил өткөндөн кийин тарых буга баасын берет, - деди саясатчы. - Бүгүн болсо ошол ишти уюштургандар өздөрү тергеп, өздөрү соттоп жатпайбы. Алар «мен ката кетиргем» деп күнөөнү мойнуна албайт. Убагы келгенде бул маселеге кайра кайрылып, баа берилет деп ойлойм».

Чынында эле Кой-Таш окуясы боюнча Алмазбек Атамбаев жана анын тарапкерлери жоопко тартылган сыяктуу кармоо операциясын уюштургандардын да жоопкерчилигин кароо маселеси көтөрүлө калып жүрөт. Буга чейин парламентте УКМКнын төрагасы Орозбек Опумбаевдин жоопкерчилиги боюнча маселе коюлган эле. Ал кезде Опумбаев операцияны аягына чыгарган соң жумуштан кетүү боюнча арыз берерин айткан болчу. Андан бери бир жыл өтсө да УКМКнын төрагасы өз кызматында иштеп жатат.

Ошол эле кезде Атамбаевди кармоо операциясына катышкан ички иштер министринин орун басары Курсан Асанов жумуштан бошотулуп, кийин кылмыш иши козголду.

Асановго «кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган» деген айып тагылып, учурда сот болуп жатат. Бирок Асанов жана анын тарапкерлери бул иштерди саясий куугунтук катары мүнөздөшүүдө.

Кой-Таштагы операциянын хронологиясы
please wait

No media source currently available

0:00 0:04:50 0:00

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

Пикирлерди көрүңүз (18)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
XS
SM
MD
LG