Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:07

Атамбаевдин макамы жана укугу


Алмазбек Атамбаев.
Алмазбек Атамбаев.

Жогорку соттун Конституциялык палатасы мурдагы президент Алмазбек Атамбаевден экс-президент деген макамды алуунун Баш мыйзамга ылайыктыгын карай баштады.

Алгачкы соттук отурум Жогорку Кеңештин юридикалык бөлүмүнүн өтүнүчү менен Конституциялык палатанын судьясы Эркинбек Мамыровдун катышуусуз өттү.

Конституциялык палата 23-октябрдагы отурумунда Алмазбек Атамбаевди экс-президент макамынан ажыратуунун мыйзамга шайкештиги жана мыйзамдын артка иштөө тартиби боюнча талаш-талкууга байланыштуу эки маселени карады.

Атамбаевдин кызыкчылыгын коргогон тарап соттук жыйындын башында эле Конституциялык палатанын жетекчиси, сотко төрагалык кылуучу Карыбек Дүйшеевди бул ишти караган коллегиянын катарынан чыгаруу өтүнүчүн берди.

Жактоочу Нурбек Токтакунов буга негиз катары Дүйшеев 2013-2014-жылдары Жогорку Кеңештин ал кездеги төрагасы Асылбек Жээнбековдун кеңешчиси болгонун, ал эми Асылбек Жээнбеков президент Сооронбай Жээнбековдун иниси экенин айтып, кызыкчылыктар кагылышы болорун жүйө кылды. Коллегия анын өтүнүчүн канааттандырган жок.

Ал эми Жогорку Кеңештин юридикалык бөлүмүнүн башчысы Чыңгызбек Бердимуратовдун Конституциялык палатанын судьясы Эркинбек Мамыровду соттук курамдан чыгаруу сунушу канааттандырылды.

Буга Мамыровдун быйыл февралда «Кыргыз Республикасынын президентинин ишмердигинин кепилдиги жөнүндө» мыйзам боюнча «жоопкерчиликти күчөткөн жана чектөөлөрдү киргизген мыйзам артка иштебейт» деп айтканы себеп болду.

Мамыров ал мыйзамга комментарий бербегенин, болгону Баш мыйзамдагы принцип нормаларына гана токтолгонун айтты.

КСДПнын юристи Нурбек Касымбеков быйыл «Президенттин ишмердигинин кепилдиги жөнүндө» мыйзамга киргизилген өзгөртүүлөрдүн негизинде Атамбаевдин кол тийбестиги алынганын, бирок аталган мыйзам мурдагы президенттин бир катар укугун чектеп койгонун санап берди.

Нурбек Касымбеков.
Нурбек Касымбеков.

- Мыйзамдагы беренелер экс-президенттердин шайлануу укугун чектеп жатат. Анткени Жогорку Кеңештин депутаты саясий кызмат болгондуктан ал парламентке шайланып келе албайт. Ушунун негизинде экс-президент бардык жарандардай эле мамлекеттик кызматка баруу укугунан ажырады. Адам укуктарынын жалпы декларациясында «Ар бир адам өз өлкөсүндө мамлекеттик кызматка орношууда бирдей укукка ээ. Эмгектенүүгө, өзү каалаган жумушту тандоого укуктуу» деп турат.

Сөз болуп жаткан мыйзам 27-майда күчүнө кирген. Ага ылайык, экс-президенттер мамлекеттик бийлик органдарында саясий, мамлекеттик кызматтарды ээлей албайт, саясий партияларда жетекчи болууга же башка партиялык иштерге аралашууга акысы жок.

Бул милдеттерди аткарбаган шартта экс-президент мыйзамда каралган бардык кепилдиктерден ажыратылат, республикалык бюджеттин эсебинен материалдык жана башка камсыздоосу токтотулат. Мындай аракет башкы прокурордун сунуштамасынын негизинде президенттин актысы менен ишке ашат.

Бул мыйзам күчүнө кирердин алдында Алмазбек Атамбаев өзү жетектеп келген Кыргызстан социал-демократиялык партиясынын (КСДП) төрагалыгынан жана курамынан убактылуу кеткен.

Сотто жооп берүүчү тарап, Жогорку Кеңештин өкүлү Алмазбек Молдобаев жаңы мыйзамда экс-президенттерге коюлган талаптар орундуу болгонун айтып, аны мындайча негиздеди.

- Экс-президент деген статусту алып жүргөн адам белгилүү бир артыкчылыктарга ээ. Эгерде ал кандайдыр бир саясий кызматка баргысы келсе, анын макамы ага шайкеш келбей калат. Ал саясатка барууну кааласа, анда башкалардан артыкчылыгы болушу керек.

Конституциялык палатанын коллегиясы.
Конституциялык палатанын коллегиясы.

Экинчи маселе «Президенттин ишмердигинин кепилдиги жөнүндө» мыйзамдын Алмазбек Атамбаевге колдонулушунда болуп жатат.

Мурдагы президенттин кызыкчылыгын коргогондор Атамбаев экс-президент деген макамды 2017-жылы алганын, ал эми аталган мыйзам 2018-жылы кабыл алынганын жүйө кылышууда. Алар Конституциянын 6-беренесинде «жаңы милдеттерди же оорлотуучу жоопкерчиликти белгилөөчү мыйзамдар өткөн мезгилге карата колдонулбайт» деп жазылып турганын айтып келишет.

Ал эми Конституциялык палатадагы президенттин өкүлү Латип Жумабаев Конституцияга ылайык «мыйзам алдында баары бирдей» экенин жүйө кылып, буларга токтолду.

- Конституция боюнча мыйзамдын, соттун алдында баары бирдей. Бирок бир эле кишиге, экс-президентке артыкчылык берилип калган. Укуктук, демократиялык мамлекетте бир да кишиге артыкчылык берилбеши керек. Эгерде кимдер бирөөгө өзгөчө макам берсек анда фараондордун дооруна кайтып барышыбыз керек.


«Президенттин ишмердигинин кепилдиги жөнүндө» мыйзамга өзгөртүү киргизилгенден кийин Жогорку Кеңеш Алмазбек Атамбаевди экс-президент деген макамдан ажыраткан. Парламенттин мындай чечимин Атамбаев таануудан баш тартып, анын тарапташтары ушул жылдын июнь айында Конституциялык палатага кайрылган.

Ал Конституциялык палата чечим чыгармайынча кримтөбөл Азиз Батукаевдин иши боюнча тергөөгө күбө катары барбай турганын билдирип, суракка чакырууну мыйзамсыз деп айткан.

Бул окуялар өнүгүп отуруп, 7-8-августта мурдагы президентти тергөөгө күч менен алып келүү аракети башаламандык менен коштолгон. Анын жыйынтыгында УКМКнын «Альфа» атайын тобунун бир кызматкери курман болуп, 175 киши жаракат алып ооруканага кайрылган.

Конституциялык палата Атамбаевдин кызыкчылыгын коргоп жаткан жактоочу Нурбек Токтакунов Конституциялык палата арызды эртерээк карагандай Кой-Таш окуясы болмок эмес деген пикирде.

Нурбек Токтакунов.
Нурбек Токтакунов.

- Конституциялык палата бул ишти төрт айдан кийин гана карап жатат. Негизи алар арызды учурдагы саясий кризистин алдын алып, Кой-Ташта кан төгүлгөнгө чейин эле карашы керек болчу. Мыйзам боюнча Конституциялык палата арызды беш айдын ичинде караш керек. Бирок сөзсүз эле беш ай өткөндө караш керек дегенге жатпайт да.

Конституциялык палата 23-октябрда тараптардын жүйөлөрүн угуп, кийинки отурумду 24-октябрга белгиледи.

Ал эми 8-августта Кой-Таштагы үйүндө операция учурунда кармалган мурдагы президент Алмазбек Атамбаев УКМКнын тергөө абагында жатат. Ага жана мурдагы бир катар аткаминерлерге Батукаевдин түрмөдөн мыйзамсыз бошотулушуна байланыштуу айып коюлду. Бул боюнча кайра жанданган кылмыш иши тергелип бүтүп, Бишкектин Биринчи май райондук сотуна өткөрүлүп берилген. Негизги ишти кароо 15-ноябрда башталат.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG