Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 22:49

Тергөө менен кызматташуу - жазадан качуубу?


Жаңы кодекстер.
Жаңы кодекстер.

Кийинки убакта чуулгандуу кылмыш иштеринде «тергөө менен кызматташуу» деген механизм пайда болуп, бул саясий кызыкчылык үчүн куралга айланганы тууралуу сын пикирлер айтыла баштады.

Дегеле бул кандай берене, кимдерге жана кандай учурда пайдаланылат? Тергөө менен кызматташкан учурда шектүүнүн жазасы жеңилдейби? Бул суроолорго юрист-эксперт Аслан Кулбаев жооп берди.

«Азаттык»: - Азыркы кодекстерге ылайык кылмыш иштерин тергөөдө «тергөө менен кызматташуу» механизми пайда болду. Бул Жазык-процессуалдык кодекстин 492-беренеси («Кызматташтык жөнүндө процессуалдык макулдашуу») эмеспи. Шектүү кайсы учурда жана кандай кылмыштарда бул укугун пайдалана алат?

Кулбаев: - Негизи бул институттун максаты - өтө оор кылмыштардын бетин ачуу, далилдерди топтоо үчүн тергөөгө болгон жардам. Жазык-процессуалдык кодексте жазылган 20га жакын беренеге карата тергөө менен кызматташтык институту колдонулат. Айрыкча уюшкан топ менен жасалган кылмыштардын бетин ачууга багытталган.

«Азаттык»: - Тергөө менен кызматташуу кантип ишке ашат? Шектүү сунуш кылабы же тергөө органдарыбы?

Кулбаев: - Эң биринчи шарт - шектүү адам жактоочусу менен кеңешкенден кийин өз ыктыяры менен прокурорго кайрыла алат. Прокурор шектүү менен кызматташууда тергөөнүн көп маселеси чечилет деп эсептесе гана өтүнүч канааттандырылат. Бул боюнча макулдашуу түзүлөт. Ал эми тергөөчү да шектүүнүн өтүнүчүнө пикирин айтууга укугу бар. Бирок баарын прокурор чечет.

«Азаттык»: - Кайсы учурда бул процессуалдык макулдашуу ишке ашпайт?

Кулбаев: - Жашы жетпегендерге жана психикалык жактан ооругандарга бул берене пайдаланылбайт. Ошондой эле жогоруда айтып өткөн 20 беренеден башка беренелерге колдонулбайт. Адам укуктарын сакташ үчүн макулдашуунун кепилдигин тергөө судьясы бекитиши керек.

«Азаттык»: - Тергөө менен кызматташкан учурда шектүүгө кандай жеңилдик берилет?

Кулбаев: - Чоң жеңилдик берилет. Маселен, жазасы 15 жылга чейин көрсөтүлгөн болсо, бирок кылмыштын бетин ачууга, далил топтоого жардам берсе айып пул менен чектелиши мүмкүн. Бирок муну сот жана прокурор чечет.

«Азаттык»: - Тергөө менен кызматташуу деген «күнөөм жок» деген кеп эмес да?

Кулбаев: - «Күнөөм бар, кылмыш кылгам, бирок мени менен чогуу жасагандардын бетин ачам» деген кызматташтык түзүлөт. Ал бир эле көрсөтмө же сөз эмес, далилдер менен бекитилиши керек. Буга чейин баңгизат менен кармалган байкуш бир ортомчу соттолуп кетчү. Азыр анын уюштуруучуларын табууга жакшы мүмкүнчүлүк түзүлдү. Бул дүйнөлүк тажрыйбада колдонулуп келген.

«Азаттык»: - Шектүү «тергөө менен кызматташам» деп жалган маалымат берген учурда кандай болот?

Кулбаев: - Буга жол бербеш үчүн тергөөчү менен прокурор бар. Алар кылдат текшериши керек. Ал эми жалган маалымат экени аныкталса, иш кайра башынан тергелип чыгат.

«Азаттык»: - Кылмыштин бетин ачуудагы бул механизм эмнеден улам келип чыкты?

Кулбаев: - Бул АКШда, Батыш өлкөлөрүндө пайдаланылып келген. Мыйзам чегинде жок болсо да бизде тажрыйбада колдонулчу. Укук коргоо органдары шектүүгө «мен сенин жазаңды жеңилдетем» деп алдап кеткен учурлар болгон. Азыр мыйзам менен шектүүнүн, прокурордун укуктары аныкталып берилди. Кепилдиктер бар.

«Азаттык»: - Учурда бул берене саясий кызыкчылыктарга пайдаланылып жаткан жокпу?

Кулбаев: - Жер-жерлерде оор кылмыштарга колдонула баштаптыр. Жакшы көрүнүштөр бар экенин жактоочулар, прокурорлор айтып жатышат. Бирок кызматташуу менен бөгөт чара беренесин аралаштырбаш керек. «Кызматташууга барса бөгөт чарасын өзгөрттү» деген туура эмес. Мындай маалыматтарды угуп жатабыз. Биз эми ал иштин мазмунун билбегенибиз үчүн эч нерсе айта албайбыз. Берене ошондой болуп колдонулуп жатса бул туура эмес экенин айта алам. Азыр тажрыйбада бир аз түшүнбөстүк болуп жатат. Эми бара-бара жолго салынат.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Токтосун Шамбетов

    "Азаттык" радиосунун журналисти. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу. 2012-2014-жылдары "Азаттыктын» Нарын облусундагы кабарчысы болуп иштеген. Нарын мамлекеттик университетинин техникалык факультетин аяктаган. "Мыкты жаш журналист 2013" наамынын ээси. Твиттерде: @Tokojan  

XS
SM
MD
LG