Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-ноябрь, 2020 ишемби, Бишкек убактысы 08:31

Жаңы тергөө соту жана эски ыкма


Соттук отурумдардын бири. Иллюстрациялык сүрөт.

Жогорку соттун пленуму беш ай мурда түзүлгөн тергөө сотунун чечимдерин жаңы мыйзам-кодекстерге шайкеш келтирүүнү талдады. Жаңы жылдан тартып өлкөдө 56 тергөө соту иштей баштаган жана алар сотко чейинки өндүрүштөрдү карашмак.

Бирок тергөөчүлөр алардын штатынын жетишсиздигине даттанса, адвокаттар соттордун кабыл алган чечимдерин сынга алышууда.

Беш айлык ишти талдоо

Жогорку соттун пленумунун 24-майдагы отурумунда тергөө соттору жыл башынан бери кабыл алып жаткан чечимдерге талдоо салган жазык коллегиясы баяндама жасады. Анда аталган штаттагы соттордун актылары, аны кабыл алуунун жолдору жана алардын жаңы мыйзамдарга, кодекстерге шайкеш келиши талданды.

Жогорку соттун төрайымынын кылмыш иштери боюнча орун басары, судья Каныбек Бокоев алардын тобу тергөө сотторунун ишинде кемчиликтерди аныктаганын айтып, бирок алар кайсы кемчиликтер экенин атаган жок:

Каныбек Бокоев.
Каныбек Бокоев.

«​Жаңыдан түзүлгөн 56 штатка жакындан баштап кайра тандоо жүрөт. Бирок ал орундарга буга чейин иштеп келген судьялар бөлүнүп, 1-январдан бери тергөө судьясы катары иштеп жатышат. Ошолордун иш-аракетинде чыккан кээ бир мүчүлүштүктөр боюнча, жаңы мыйзамды колдонуу жана башка көптөгөн маселелерди өздөрүнө түшүндүрүү максатында биз эки долбоорду пленумга алып чыктык. Анын бири - тергөө судьяларынын иши жөнүндө, экинчиси - соттук өкүм жөнүндөгү токтом. Бул алардын ишине жеңилдик, түшүндүрмө берүүнү көздөйт, колдонмо сыяктуу болуп калат. Пленум кабыл алган бул токтомдорду тергөө соттору аткарууга милдеттүү болуп саналат».

Тергөө судьясы деген түшүнүк Бокоев белгилегендей, 2019-жылдын башынан тартып кирди.

1-январда иштей баштаган жаңы Жазык-процессуалдык кодексте тергөө судьясы – “шектүүнүн, айыпталуучунун укуктарын жана эркиндигин чектөөчү чараларды колдонуучу, процесстик иш-аракеттердин жана алгачкы текшерүү органынын ыйгарым укуктуу кызмат адамынын, тергөөчүнүн, тергөө бөлүмүнүн жетекчисинин, прокурордун чечимдеринин мыйзамдуулугу үчүн соттук контролду жүзөгө ашыруучу судья” деп белгиленген.

Жөнөкөй тил менен айтканда, тергөө судьясы соттук жараян башталганга чейин шектүүнү кармоо, камакка алуу-албоо, үй камагына чыгаруу же психиатриялык стационарга киргизүү маселелерин карайт. Айыпталуучуну кызматынан убактылуу четтетүү, мүлктү жана акча каражаттарын камакка алуу, тинтүүгө уруксат берүүнү да ушулар чечет.

Жогорку сот.
Жогорку сот.

Жаңы институт азырынча атайын квалификация же адистик менен деле байланган эмес. Жогоруда айтылгандай, тергөө сотторунун милдетин кадимки эле соттор аткарып жатат. Анткени алар мурда деле ушундай иштерди карап келишкен.

Бишкек шаарынын Ленин райондук сотунун тергөө судьясы Бакыт Сагынбаев иши менен тааныштыра кетти:

«Мурда бардык тергөө аракеттерине соттун уруксаты алынчу эмес. Биз бөгөт чарасын карачубуз, көбүнчө тергөө органдары өздөрү жүргүзө беришчү. Эгер шектүүлөрдү кармоо учурунда же башка учурларда мыйзамсыз аракеттер болсо, ал боюнча тергөө судьясы ага чара көрүү, кайталанбоосу үчүн жай аныктама кабыл алып, тиешелүү райондогу прокурорго тапшырылат. Мунун баары мыйзамда так көрсөтүлгөн».

Жогорку соттун өкүлү да, тиешелүү сот да тергөө сотторунун иштери жетиштүү эле деңгээлде, мыйзамда аныкталган мөөнөттөн кечиктирилбеген жагдайда кабыл алынып жатканына ишендиргиси келет. Бирок тергөөчүлөрдүн жүйөсү мындан башкача. Алар биринчи кезекте аймактарга жана райондорго бөлүнгөн тергөө сотторунун аздыгына нааразы.

Ички иштер министрлигинин Тергөө кызматынын бөлүм башчысы Султан Макилов “Азаттыкка” буларды билдирди:

«Тинтүүгө, бөгөт чарасы бардыгы тергөө соту аркылуу болуп калбадыбы. Ал эми аларда штат аябай аз болуп жатат. Мисалы, Бишкекте бир районго эки тергөө соту туура келип жатат. Анан ага бир эле ИИМ алып барбайт да, Финполиция, УКМК, прокуратура же башка органдар да иштерди алып барышат. Ошондо тергөө судьясы жетишпей, күч келип жатат. Ар ар бир тергөө амалы үчүн сот процесс болушу керек, ага тергөөчү, прокурор сөзсүз барышы керек. Прокурордун да убактысы болбой, башка жумушу менен кетип калганда, аны күтөбүз. Ошентип жатып тергөөчү соттон жөн эле уруксат алыш үчүн бир күн чуркап калып жатат. Анын айынан кечиккен сайын элдин нааразылыгына кабылып жатабыз. Мурда тергөө чараларын бардык судья карай берчү да, бири жетишпесе экинчисине тапшырып койчу. Ошон үчүн тергөө судьяларынын штатын көбөйтүү зарылчылыгы турат. Биз бул боюнча сунуштарды Жогорку сотко да, өкмөткө да берип жатабыз».

Макилов ошол эле учурда учурда коомчулукта көбөйүп жаткан телефон уурулукту ачуу татаалдашканын, бул да аталган маселеге байланыштуу экенин танбайт.

Маселен мурда тергөөчүлөр уюк компанияларына чыгып, сүйлөшүүлөрдүн жазмаларын алып жүрүшкөн. Азыр жаңы мыйзамда 10 миң сомго чейин буюмдарды уурдоо жорук деп саналып, ага тиешелүү кылмышкерлердин телефондогу сүйлөшүүсүн алууга уруксат берилбейт. Ал эми андан ашканына сот уруксат берет, ал болсо кайра тигинтип убарагерчиликке, кечеңдөөгө туш болот.

Тергөө соттору дооматты азайткан жок

Ошол эле учурда укуктук иштердеги үчүнчү тарап - адвокаттар да жаңы институттун жемишин байкай элек. Кээ бирлер ал тургай тергөөнү тескеген соттор мурдагыдай эле өзүм билемдикке, алешемдиктерге жол берип жатканын сынга алышууда. Адвокат Майрамбек Жумабеков мындай дейт:

Майрамбек Жумабеков.
Майрамбек Жумабеков.

«Адатта тергөөчү же прокурор кармаган адамына эле оор беренени коюп, биринчи кезекте “камаш керек” деген маселени коет. Эптеп эле камап салгысы келет. Ошону судья берене туура же туура эмес коюлганын карап, шектүүнүн үй-бүлөлүк жагдайын, абалын карап адилет чечим чыгарышы керек да. Мурда көбүнчө соттор деле, ошо тергөөчүлөр кошулуп алып эле четинен камай берчү. Тергөө соту түзүлгөндөн кийин ошол жакшырабы деген үмүт болду эле, тилекке каршы ошол боюнча эле калды. Анан биз жактоочулар иштин жагдайын кийин соттук отурумда караган учурда койгон айыбы да, башкасы да туура эмес болуп чыгып калып жатпайбы. Далилденбей калууда. Жеңилдик болсун, иш жакшыраак жүрсүн деп жаңы кодекстерге киргизип, ушул инстутту түзүшкөн да, туурабы? Бирок эч өзгөрүү жок».

Адистердин айтымында, тергөө соту деген институт эл аралык практикада да кеңири колдонулат. Жакынкылардан эле Балтика боюндагы өлкөлөрдө, Грузияда, Украинада же коңшу Казакстанда да бар.

Аны Кыргызстанда киргизүү демилгеси мурдаарак айтылып жүргөн менен соңку-бир эки жылда керектүү аракеттер көрүлдү. Жазык-процессуалдык кодекстин жаңы редакциясын иштеп чыгуу боюнча былтыр 7-июнда вице-премьер Жеңиш Разаков баштаган өкмөттүн, соттордун жана эксперттик чөйрөнүн катышуусунда өткөн жыйында да бул сунуш колдоо тапкан.

Сотторго каршы митингдердин бири. Бишкек, 2018-жыл.
Сотторго каршы митингдердин бири. Бишкек, 2018-жыл.

Кийин аталган кодекс Жазык кодекси, Жазык-аткаруу кодекси, Жоруктар тууралуу кодекс жана Тартип бузуу жөнүндө кодекс менен чогуу парламентте кабыл алынган. Бул кодекстер жана "Пробация жөнүндө", "Мунапыс жөнүндө" мыйзамдар быйыл 1-январдан тартып күчүнө кирген.

Бирок адистер бул мыйзамдарда кирген өзгөртүүлөр, ошол эле тергөө соту сыяктуу жаңычыл саамалыктар өзүн актабай жатканын айтышууда. Экс-депутат Асия Сасыкбаева жалпы соттук система реформаланбаса кайсы бир бөлүктү оңдоо аракетинен майнап чыкпай турганын билдирди:

Асия Сасыкбаева митингдердин биринде.
Асия Сасыкбаева митингдердин биринде.

«Башка мамлекеттерде, мына Арменияда, Грузияда, Украинада сот системасын түбүнөн алып өзгөртүп, кандай гана жакшы кылып оңдоп коюшту. Бизде жалпы, баары алынбай эле мындай “косметикалык оңдоо” сыяктуу эле болуп калып жатат. Бирдемелерди киргизимиш болушат, ал же иштебейт, же жакшыртпайт, кээде тескери натыйжа берет. Мындай аз-аздан киргизилген өзгөртүүлөр жыйынтык бербейт. Чыныгы реформаны жасаш үчүн саясий эрк керек. Биздики эки жылдан бери соттук реформа кылабыз деп жатып, кайра мурдагыдан да начар иштеп калышты. Саясий буйруктарды аткармай, бийликтин көзүн карамай дагы эле өкүм сүрүүдө. Күнөөсүз же кичинекей бир кылмыш кылган адамды эле камап салмай күч алды. Ошентип түрмөлөр толуп кетти. Муну тез арада оңдош керек».

Кыргызстандагы тергөө сотунун ишин талдаган Жогорку соттун пленуму аталган органдын бир бутагы болуп саналат. Ага Жогорку соттун төрага-төрайымы, орун басарлары жана судьялары кирет.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Эрнист Нурматов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кабарчысы. 2010-жылдан 2017-жылга чейин Ош облусунда кабарчы болуп иштеген. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

Пикирлерди көрүңүз (14)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
XS
SM
MD
LG