Линктер

шаршемби, 17-июль, 2019 Бишкек убактысы 14:23

«Атамбаев да, бийлик да мыйзамга баш ийиши керек»


Сания Токтогазиева.

Алмазбек Атамбаев экинчи жолу Ички иштер министрлигинин Тергөө кызматына суракка барбай койду. Анын адвокаттары экс-президенттин кол тийбестигин алуунун жол-жобосун караган депутаттык комиссия боюнча Конституциялык палатага кайрылды.

Венгриядагы Борбордук Европа университетинин докторанты, конституциялык укук боюнча адис Сания Токтогазиева «Азаттыктагы» маегинде мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин кол тийбестиги алынгандан кийин келип чыккан укуктук маселелерге токтолду.

«Азаттык»: - Мурдагы президент Атамбаев 2017-жылы өзүнөн кийин шайланган Сооронбай Жээнбековду «легитимсиз президент» деп сындап, Жээнбековдун бийлигинин тушунда «сотко барбайм» деп кескин баш тартып жатат. Мындай жагдайга кандай укуктук баа бересиз?

Сания Токтогазиева: Эгерде экс-президент Алмазбек Атамбаев Жээнбековду «легитимсиз президент» деп жатса, бул кандайдыр бир деңгээлде 2017-жылы өткөн президенттик шайлоонун легитимдүүлүгүнө шек келтирбейби деген суроону пайда кылат.

Атамбаев ушул жол менен бара турган болсо, шайлоого жооптуу бардык адамдардын үстүнөн Жазык кодекси боюнча иш козголорун түшүнүшү керек. Бул баягы эле Атамбаев, Исаков, Догоев жана башка жооптуу аткаминерлер. Кылмыш иши жөн эле «Жарандардын шайлоо укуктарына тоскоолдук кылуу» же «Шайлоону бурмалоо» беренелери эмес, олуттуу айып менен козголушу мүмкүн. Бул «Кызматынан кыянат пайдалануу» сыяктуу оор беренелерге жатат.

Андан сырткары, шайлоого эл аралык уюмдар «ачык жана демократиялык шартта өттү» деген баа беришкен. Өлкөнүн өзүндө да шайлоо мыйзам чегинде өттү деп таанылган. Ал эми шайлоо маалында журналисттер менен активисттер шектүү «Самарагейтти» көтөрүп чыкканда Алмазбек Атамбаев өзү аны четке кагып, «муну иликтебейбиз, бул фейк» деген эле.

Эми азыр болсо шайлоону «легитимсиз» деп жатса, анда бул иликтөөдө экс-президент өзү башкы фигура болуп калат деп ойлойм. Ошондуктан бул сөздөрдү мен орусча айтканда «ооздун жели» катары баалайм.

Конституциялык палатанын ролу

«Азаттык»: - Эгер Конституциялык палата Атамбаевден кол тийбестикти алуу маселесин караган депутаттык комиссиянын түзүлүшүн мыйзамсыз деп тапса, анда жагдай кандай болот?

Атамбаев тараптын арызын кабыл алса, анда Конституциялык палата парламенттин куугунтугуна даяр болушу керек. Эгер ошол жүктү тартууга киришсе, биз эл катары да, коом катары да Конститутуциялык палатаны коргоого аракеттенишибиз абзел.

Сания Токтогазиева: - Азыркы процесс Конституциялык палатанын тарыхында чоң прецедент жаратышы мүмкүн. Эмне себептен? Эгерде Конституциялык палата Атамбаевдин кайрылуусун өндүрүшкө кабыл алса, анда Жогорку Кеңештин бул маселеге байланыштуу бардык токтомдору Баш мыйзамга шайкеш келерин же келбесин кароого шарт түзөт.

Өзүңөр көрүп жаткандай эле башкача айтканда, бул иш Кыргызстанда «Марбери-Мэдисан» сыяктуу прецедентке айланып калышы мүмкүн. Башкача айтканда, Конституциялык палатанын ыйгарым укуктарын кеңейтүүгө алып келиши мүмкүн.

Бул жерде Конституциялык палатанын эки түрлүү чечим чыгарууга шарты бар. Биринчи - «бийлик бутактарынын ортосундагы тең салмактуулукту сактагыбыз келет жана Жогорку Кеңештин ички ишине эч кандай тиешебиз жок» деп, Атамбаевдин адвокаттарынын арызын карабай коюшу мүмкүн. Эгерде жакшылап укуктук негиздеме берсе, мындай чечим деле туура болот.

Экинчи – Атамбаев тараптын арызын кабыл алса, анда Конституциялык палата парламенттин куугунтугуна даяр болушу керек. Эгер ошол жүктү тартууга киришсе, биз эл катары да, коом катары да Конститутуциялык палатаны коргоого аракеттенишибиз абзел. Ошол себептен Конституциялык палата бардык нерсени таразалап, тең салмактап, азыркы болгон саясий жана укуктук кырдаалды, процессти эске алып, мыйзамдуулукту орнотууга жана конституционализмди бекемдөөгө салым кошо турган чечим кабыл алат деп ойлойм.

Азыр Атамбаевдин маселеси укуктук талаадан чыгып, саясий процесске өтүп кетти. Эгерде Конституциялык палата Жогорку Кеңештин токтомун Конституцияга туура келбейт деп эсептесе, анда бул процессти кайта башынан баштоого шарт түзөт.

«Азаттык»: - Башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов парламенттик комиссия Атамбаевге койгон алты дооматтын бешөө негиздүү деп табылганын парламентте туруп билдирди. Бирок адистер ушул жерде мыйзамдык бир чалкештик пайда болгонун белгилешет. Анткени Атамбаев бийликте турганда эски кодекстер иштесе, быйылкы жылдын январынан бери жаңы кодекстер күчүнө кирди. Мындай шартта укуктук-нормативдик принцип кандай болууга тийиш?

Сания Токтогазиева: - Эң негизги чалкештик – мыйзамда «ретроактивность нормы» деп коёт, башкача айтканда, «мыйзам артка иштебейт» деген принципке барып такалат. Атамбаев тарабынан Конституциялык палатага ушул негизде арыз келип түшкөн. Бул укуктук негизде кызуу талаш-тартыш жараткан маселе да. Анткени көпчүлүк эл аралык трибуналарда жана ар кайсы өлкөлөрдүн Конституциялык жана Жогорку сотторунда тигил же бул норманын ретроактивдүүлүгү боюнча «мыйзам артка иштебейт» деген негизде суроолор келип чыккан.

"Конституциялык палата бийлик бутактарынын ортосундагы тең салмактуулукту сактайбыз жана Жогорку Кеңештин ички ишине эч кандай тиешебиз жок деп, Атамбаевдин адвокаттарынын арызын карабай коюшу мүмкүн. Эгерде жакшылап укуктук негиздеме берсе, мындай чечим туура болот"

Ошол эле маалда эл аралык укуктук системада бардык ченемдерди бириктирүүчү бир орток пикир бар. Ал норма формалдуу түрдө ретроактивдүү болгону менен мазмуну жана материалдык түрдө ретроактивдүү эмес деп айтылат. Биз да ошол негизге таянабыз.

Башкача айтканда, экс-президент Атамбаевге коюлуп жаткан айыптар биздин Жазык кодексинде эгемендик жылдарынан бери эле каралып келген. Бул кылмыштар 2019-жылы эле пайда болгон жок, андыктан мазмуну боюнча норма ретроактивдүү эмес.

Ошол 2019-жылы кабыл алынган жаңы кодекстерде ал нормалар гуманизация принцибине ылайык жумшартылып, жазасы жеңилдетилген. Ушул эле логиканы пайдаланып Конституциялык палата чечим чыгарышы керек деп ойлойм. Бул формалдуу түрдө ретроактивдүү, бирок мазмуну жана материалдык жактан ретроактивдүү эмес болуп саналат.

Укуктук процесстин саясий жараянга айланышы

«Азаттык»: - Жогорку Кеңеш Атамбаевдин кол тийбестигин алды. Муну бирөөлөр парламенттин мыйзамдуулукту орнотуу аракети десе, башкалар бийликтин саясий өч алуусу катары баалап жатышат. Ал эми сиздин көз карашыңыз кандай?

Сания Токтогазиева: - Эгерде парламент ошончолук эле эркин көрсөтсөм десе импичмент процессин Алмазбек Атамбаев президент болуп турганда башташы керек болчу.

Бул жерде бийлик абдан чоң ката кетирди, башынан эле шашылыш түрдө мыйзам процессин бузуу менен Атамбаевдин кол тийбестигин алып салышты. Негизи эле белгилүү саясатчыга, болгондо да экс-президентке каршы процесс баштаганда өтө кылдаттык менен иш жүргүзүү абзел. Анткени кыпындай эле укук бузуу болсо, мыйзам процесси дароо саясий жараянга айланып кетиши мүмкүн.

Жогорку Кеңештин чукул чечиминен улам азыр биз ушундай кырдаалга келип такалдык. Бул кырдаалдан чыгуу үчүн эки тарап тең, Атамбаев да, бийлик да мыйзамга баш ийиши керек.

«Азаттык»: - Сиз өз сөзүңүздө парламенттин ишмердигине бир топ сын айтып атасыз. Атамбаевдин тиешеси бар деп кеп болгон Бишкек ЖЭБин модернизациялоо жөнүндө келишимди ошол эле Жогорку Кеңеш ратификация кылган, ошондой эле мамлекетке насыя алынып жатканда эл аралык келишимдердин бардыгы тең парламент жактырбаса өтпөйт. Ошол эле Конституцияга өзгөртүүлөрдү киргизүүнү да парламенттин 80 депутаты колдогон, мына ушуларды эске алганда парламенттин жалпы жоопкерчилиги кандай?

Атамбаев эртеби-кечпи соттун алдына келет, анан сот процессинде кээ бир депутаттардын аттары чыга баштаса, ошол эл өкүлдөрүнө иш козголушу мүмкүн.

Сания Токтогазиева: - Албетте, туура айтасыз. Бизде мыйзам боюнча бир дагы насыя келишими же эл аралык келишим Жогорку Кеңештин ратификациясы болбосо өтпөйт, конституциялык реформа дагы парламенттин колдоосу болбосо ишке ашмак эмес.

Жогорку Кеңештин депутаттары берген добушу үчүн жоопко тартылбайт. Анткени мунун да өз логикасы бар. Ар бир добуш бергени үчүн эле депутаттарды жоопко тарта берсек анда саясий плюрализм өлүккө айланып, парламентаризм эч качан орнобойт.

Андыктан Жогорку Кеңештин депутаттарынын ишмердигине баа бергибиз келсе, келаткан шайлоодо ошол партияларга добуш бербей коюшубуз керек. Мына ушул процессти өкүлчүлүктүү демократия деп коёт. Бирок экс-президент Атамбаев эртеби-кечпи соттун алдына келет, анан сот процессинде кээ бир депутаттардын аттары чыга баштаса, ошол эл өкүлдөрүнө иш козголушу мүмкүн. Бирок иш козголсо, бул алардын Жогорку Кеңештеги добуш бергени үчүн эмес, алардын коррупциялык схемаларга катышканы үчүн болушу мүмкүн.

Эл аралык аудит жана бийликти люстрациялоо

«Азаттык»: - Кыргызстанда коррупциялык башкаруу системасынан арылуу үчүн эл аралык аудит түзүү, бийликти люстрациялаш үчүн эл аралык трибунал түзүү зарыл деген сунушту сиз көп айтып жатасыз. Бул Кыргызстан үчүн өтө радикалдуу сунуш эмеспи?

Сания Токтогазиева: - Ооба, туура айтасыз, кайcы гана иш болбосун алардын баары кынтыксыз далилдениши керек. Аны жүзөгө ашыра турган сот системасы ачык-айкын болушу шарт. Эки тарапка тең сот тарабынан бирдей мамиле жасалышы зарыл.

Бирок учурда Өмүрбек Текебаевден баштап, Сапар Исаковдун жана башка саясатчылардын иштеринде абдан көп процессуалдык мыйзам бузуу фактыларын көрүп жатабыз. Ошондуктан алар сот процессин «саясий куугунтук» деп айтып чыгышты. Алар Бириккен Улуттар Уюмунун Адам укуктары боюнча комитетине даттанышы мүмкүн.

Женевадагы комитет процессуалдык мыйзам бузулган учурларды карап чыгып, Кыргызстан ратификацияланган эл аралык келишимдерди чындап бузду деген бүтүм чыгарышы мүмкүн. Бул өлкө үчүн терс көрүнүш.

Мындайга жол бербеш үчүн биздин сот системабыз ачык-айкын, адилет болушу абзел. Аны жүзөгө ашыруу үчүн эл аралык аудит жана люстрация керек. Биз өзүбүздүн күчүбүз менен аны ишке ашыра албайбыз го деп ойлойм.

«Азаттык»: - Эл аралык аудит чакыруу, эл аралык трибунал институтун түзүүнүн өзү Кыргызстандын саясий турмушунда канчалык реалдуу?

Чындап эле өзгөрүүнү кааласак, анда күзүндө парламент чогулары менен оболу шайлоо мыйзамдарына ушул өзгөрүүлөрдү киргизүүнү талап кылышыбыз керек.

Сания Токтогазиева: - Ооба, бул радикалдуу кадам. Ансыз биз азыркы коррупциялык системадан арыла албайбыз. Мен азыркы саясатчылардан же саясий партиялардан ошондой эркти көрө албайм.

Убактылуу өкмөт бийликке келгенде андай тарыхый мүмкүнчүлүк түзүлгөн эле. Анда дароо эле «өткөөл сот адилеттиги», же орусча айтканда «переходное правосудие» деген процессти баштоого шарт өзүнөн өзү түзүлүп калган.

Менин билишимче, кээ бир бейөкмөт уюмдардан мындай сунуш түшкөн, бирок убактылуу өкмөт аны четке кагып салган. Убактылуу бийликтин тушунда көптөгөн мыйзам бузулду. Жаңы шайланган бийлик келгенден кийин ошол эле эски мыйзамдын үстүнө жаңыларын кабыл алып, үстү үстүнө үйө беришти. Жаңы бийлик мурдагысын куугунтуктай баштады, эгерде биз муну токтотпосок, ал кайталана берет.

Анда бизден инвесторлор качып, эч кандай өнүгүү болбойт. Аны токтотуш үчүн бир гана эл аралык аудит жүргүзүп, бийликти люстрациялаш үчүн эл аралык трибунал түзүш керек. Аны кантип түзөбүз? Эгерде бизде сынчыл көз караштагы катмар пайда болуп, саясий партия түзүлсө, «биз парламентке келсек, эл аралык аудит жүргүзүүнү жана люстрация жасоону талап кылабыз» деп чыкса, жер-жерлерге барып түшүндүрсөк, эл колдоп бермек да.

Эгер биз чындап эле өзгөрүүнү кааласак, анда күзүндө парламент чогулары менен оболу шайлоо мыйзамдарына ушул өзгөрүүлөрдү киргизүүнү талап кылышыбыз керек. Антпесе юрист катары келечекте өзгөрүү болорунан деле үмүтүм жок.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Гүлайым Ашакеева

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист. Кыргыз улуттук университетин, Коста Рикадагы Улуттар Уюмунун университетин аяктаган.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG