Линктер

шаршемби, 23-октябрь, 2019 Бишкек убактысы 10:46

Өмүр бою соттолгондордун өкүтү


Иллюстрациялык сүрөт.

Учурда Кыргызстанда өмүрүнүн аягына чейин түрмөгө кесилген 340ка жакын киши жазасын өтөп отурат. Алардын айрымдары жаңы кодекстер иштей баштагандан бери укуктары бузулуп, өздөрүнө чыккан өкүмдү өзгөртчү жеңилдиктерден ажырап калганын айтып жатышат.

Мурда алар жаза мөөнөтүн өтөп жатып тартипти бузбаса, башка кылмыштарга аралашпаса өкүмү өзгөрүп, эркиндикке чыгууга үмүт артышкан. Кандайдыр бир жакшы нерсеге, оңолууга жетелеген, өчпөгөн илгери үмүтү бар болчу. Өмүрүнүн аягына чейин түрмөгө кесилгендердин айрымдары жаңы кодекстер күчүнө киргенден тартып маанайы бузулуп, мындай өзгөрүүлөргө нааразылыгын билдирүүдө.

Жакында өмүрүнүн аягына чейин соттолгон 62 жаштагы Рахматулло Туранов түрмөдө ачкачылык кармай баштаганы кабарланган. Акыйкатчы институту ал жаңы кодекстерге нааразылык иретинде ушундай кадамга барып жатканын билдирген. Бул адам канча бир убакыт түрмөдө жаза мөөнөтүн өтөгөндөн кийин шарттуу түрдө же мөөнөтүнөн мурда эркиндикке чыгуу мүмкүнчүлүктөрү жаңы кодекстерде каралбай калганына нааразылык билдирип арызданган. Бирок бул маалыматты Жаза аткаруу боюнча мамлекеттик кызмат (ЖАМК) төгүндөгөн.

Кыргызстандын жараны Рахматулла Туранов 2003-жылы Бишкекте «үч аялды өлтүрүүгө буйрутма берген» деп айыпталып, өмүр бою эркинен ажыратылган. Ал 16 жылдан бери түрмөдө отурат. Буга чейин да кылмыш иштери толук иликтенбегенин айтып, ишти кайрадан иликтөөнү талап кылып келген.

Акыйкатчы институту өмүр бою эркинен ажыратылган жарандардын абалы, укугу боюнча талдоо жүргүзү, Башкы прокуратурага, Саламаттык сактоо министрлигине жана ЖАМКка сунуштарды иштеп чыгууну көздөп жатат. Башкы укук коргоо мекемесинин бөлүм башчысы Альберт Колопов буга чейин өмүрүнүн аягына чейин соттолгон жарандар кайсы бир убакта өкүмдү өзгөртүүгө же шарттуу түрдө эркиндикке чыгууга үмүт артып келишсе, жаңы кодекстерде ушул мүмкүнчүлүк таптакыр эле алынып салынганын баса белгилейт.

Кыргызстандын Баш мыйзамындагы өлүм жазасы жөнүндөгү жобого 1998-жылдан баштап мораторий жарыяланып, 2005-жылы Конституциядан алынып салынган. Анын ордуна өмүр бою абакка кесүү жобосу киргизилген. Аны ишке ашыруу мыйзамы 2007-жылы кабыл алынган. Ушуну менен Кыргызстан эл аралык милдеттенмелерди аткарды деп эсептелгени менен мамлекет ага даяр эмес экенин көрсөткөн. Альберт Колоповдун айтымында, мындан кийин соттолгондорду багуу, кайтаруу, эл аралык стандарттарга шайкеш келүүчү шарттарды түзүү деген сыяктуу маселелер келип чыккан.

Альберт Колопов.
Альберт Колопов.

- Анын айынан соттолгон адамдар дагы көп кыйынчылыктарды башынан кечиришти, - деди Акыйкатчынын өкүлү. - Кээ бирөө колонияда, айрымдары убактылуу тергөө жайында эч жакка чыкпаган караңгы камераларда отурушат. Айрымдары кургак учук болушту, кай бири ар кандай оорудан улам каза болгон. Андан башка дагы бир топ маселе көтөрүлүп жатат. Мисалы, соттордун мыйзамсыз аракеттеринен же коомчулукка резонанс жараткан иштер болсо ошонун шары менен эле өкүм чыгып калган учурлар болуп калат. Мурдагы, эски Жаза аткаруу кодексинде «өзүн жакшы алып жүрсө же күнөөсүн мойнуна алып, өкүнсө 30 жылдан кийин шарттуу түрдө бошогонго мүмкүнчүлүгү бар» деген үмүт бар болчу да. Азыр жаңы кодекстерде «алар үчүн эч нерсе жок, баары бүттү, дегендей катаал шарт болуп калды» деп айтып жатышат...

Быйыл 1-январдан тартып жаңы Жазык кодекси, Жазык-процессуалдык кодекс, Жазык-аткаруу кодекси, Жоруктар тууралуу кодекс жана Тартип бузуу жөнүндө кодекс күчүнө кирген. Андан тышкары «Пробация жөнүндө» жана «Мунапыс жөнүндө» мыйзамдар иштей баштаган. Айрымдарына оңдоп-түзөө, өзгөртүүлөр киргизилип жатат.

Учурда Кыргызстандын түрмөлөрүндө өмүрүнүн аягына чейин эркинен ажыратылган 340ка жакын адам бар. Жаңы-Жер айылында атайын өмүр бою эркинен ажыратылгандар үчүн эки жыл мурда ачылган түрмөдө 150дөй соттолуучу отурат.

Акыйкатчынын быйыл парламентке берилчү отчётунун бир бөлүгү ушул өмүр бою түрмөгө кесилгендердин абалы менен укуктарына арналмакчы.

Учурда адвокаттар өмүр бою соттолгондордун ишин кайра карап чыгууну сунуш кылып жатышат. Мындай өтүнүч менен Акыйкатчы институтуна кайрылгандар да бар. Алардын бири адвокат Арман Кыйгырова соттун же тергөөнүн туура эмес аракетинен улам тагдыры талкаланып калган учурлар да бар экенин билдирүүдө:

Арман Кыйгырова.
Арман Кыйгырова.

- Европа өлкөлөрүндө өмүр бою соттолгондордун кылмыш ишин кайра кароо боюнча өкмөт өзү демилге көтөрөт. Алардын өкмөтү соттун катасы деген нерсе болорун билет. Аны ушундай жол менен жоюуга аракет кылышат. Кыргызстанда биз буга эч эле жетише албай жатабыз. Бизде сот реформасы дагы эле жасалган жок, өкүмдүн сапатынан, адилет болгонунан жарандар күмөн санашат. Ошондуктан өмүр бою эркинен ажыратылган бир топ жарандар жаңы ачылган жагдайлар боюнча ишти кайра кароого аракет кылып кайрылышат. Биз Виталий Ивженко менен Александр Зюзиндин иши боюнча беш жылдан бери аракет кылып келе жатабыз. Алар жасалма кылмыш ишинин негизинде, мыйзамсыз кесилген. Алар кыйноого кабылган.

Адвокат айткан эки жаран тогуз жаштагы кызды зордуктап, өлтүргөн деп 2006-жылы айтыпталган.

Кыргызстандын Жазык кодексинин 71-беренесине ылайык, өмүр бою эркинен ажыратуу аялдарга, 18 жашка чейинки курактагы кылмышкерлерге, кылмыш кылган учурда 60 жашка чыккан же андан ашкан эркектерге дайындалбайт. Ошондой эле өмүр бою эркинен ажыратуу ырайым кылуу тартибинде 20 жылдык мөөнөткө эркинен ажыратуу менен алмаштырылышы мүмкүн.

Ал эми Жазык кодексинин 92-беренесинде каралгандай, өмүр бою эркинен ажыратууга кесилген адамга айыптоо өкүмүнүн эскиришин колдонуу сот тарабынан чечилет. Эгерде сот эскирүүнү колдонуу мүмкүндүгүн таппаса, өмүр бою эркинен ажыратуу 15 жылдан 20 жылга чейинки мөөнөткө эркинен ажыратуу менен алмаштырылат.

Тынчтыкка жана адамзат коопсуздугуна каршы кылмыштарга же аскердик кылмыштарга, жашы жете электердин жыныстык кол тийбестигине жана жыныстык эркиндигине каршы кылмыштарга, ошондой эле кыйноого, коррупцияга, террористтик актыга, экстремисттик уюм түзүүгө карата айыптоо өкүмүнүн эскиришин колдонуу эрежеси колдонулбайт.

Жогоруда аты аталган соттолгондор соттун өздөрүнө чыгарылган өкүмүнө, аларга коюлган айыпка макул эмес болгондуктан ырайым суроодон баш тартып келатышат. Акыркы жылдары 10 чакты киши президенттин ырайымын алган. Абактагылардын укугун чагылдырып жүргөн журналист Жаркын Темирбаева өмүр бою соттолгон кишинин кайра акталып же өкүмүн өзгөртүшү өтө кыйын деп эсептейт.

Жаркын Темирбаева.
Жаркын Темирбаева.

- Кана эми, өлүм жазасына кесилгендердин иштерин кайра карап чыкса... Эч нерсе жасабагандар ырайым сурабайт экен, - деди ал. – «Кылмыш кылбасам эмнеге кечирим сурайм?» деп. Көрсө биздин мыйзамдар карапайым адамдарга каршы жазылыптыр да. «Сен өлтүрдүң, кылмышкерсиң» деп соттоп алдыкпы, ал сөзсүз «кылмышкермин» демейинче ага эч нерсе берилбейт экен. Мыйзамдын бышпаган, кайдыгер көрүнүшү ушунда жатат.

Жогорку Кеңештин депутаты Исхак Масалиев соттолгон адам жасаган кылмышына жараша соттун өкүмүн алып жатканын белгиледи. Ошол эле кезде ал тартипти бузбаганы үчүн өкүмдү өзгөртүү же жазаны жеңилдеттүү принципке туура келбейт деп эсептейт.

Исхак Масалиев.
Исхак Масалиев.

- Албетте, адвокаттар башкача айтат же камактагы киши башкача айтпайт, - деди депутат. - Алардын «менин түрмөдө отурганым туура» деп айтканын уктуңуз беле? Ошондуктан бул турмуш да. Кайрадан кароо дегенде, жалпы принципти караш керек. Андай да бар, бирок «бул түрмөдө жүрүш-турушу жакшы отурат, ишин кайра карап көрөлү» деген принцип туура эмес. Оор кылмыш менен отургандарга ушундайга жол берсек, жеңилирээк кылмыштарды жылда караш керек болот да. Бул татаал маселе. Мамлекет, Конституция аларга ырайым жана мунапыс аркылуу мүмкүнчүлүк берип жатат.

2016-жылкы маалыматтарга караганда, өмүр бою эркинен ажыратылгандардын санын башка өлкөлөргө салыштырмалуу эсептей келгенде Кыргызстанда 100 миң адамга бешөө, Орусияда бирөө, ал эми Казакстан менен Тажикстанда - 0,7 киши туура келет экен. Ал эми «Википедиядагы» маалыматка ишенсек, Казакстанда ушундай өкүм чыгып түрмөдө отурган 120дай адам бар. Алар өлүм жазасына тартылгандардын өкүмүн жеңилдетип аткаргандан кийинки сан экени айтылат.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Пикирлерди көрүңүз (4)

XS
SM
MD
LG