Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:42

Абековго жаңы кодекстин жарыгы тийди


Алмаз Абеков.
Алмаз Абеков.

“Альфа Телекомдун” "мамлекетке ири зыян келтирди" деп соттолгон мурдагы жетекчиси Алмаз Абековдун жаза мөөнөтү он жылга, ал эми тыңчылык үчүн камалган Алтынбек Муралиевдики жети жылга кыскарды.

Кыргызстанда айрым чуулгандуу иштер боюнча узакка эркинен ажыратылган адамдардын абактагы мөөнөтү кыскартылды.

“Мегаком” соода маркасы менен таанымал “Альфа Телеком” уюк компаниясынын мурдагы жетекчиси Алмаз Абековдун жаза мөөнөтү он жылга, ал эми тыңчылык үчүн соттолгон Алтынбек Муралиевдики жети жылга кыскарды.

Жогорку соттун маалыматына караганда, Алмаз Абековдун адвокатынын “ишти жаңы ачылган жагдайлар боюнча кайра карап чыгуу тууралуу” арызынын негизинде бул соттук орган өзүнүн 2017-жылдагы токтомун өзгөртүп, жаза мөөнөтүн 15 жыл деп аныктады. Буга чейин Абеков Бишкек шаардык сотунда 25 жылга кесилип, бул өкүмдү Жогорку cот да күчүндө калтырган.

2010-жылдагы саясий окуялардан кийин мамлекеттин карамагына өткөрүлгөн “Альфа Телеком” ишканасынын Абековдон тышкары дагы эки жетекчисине 2012-жылы кылмыш иши козголуп, камакка алынышкан.

Аларга ишканага 142 миллион сомдон ашык суммада зыян келтирди деген айып тагылган. Абеков жаза мөөнөтүн Чүйдүн Петровка айылындагы №8 колонияда өтөп жатат. Ал айыбы жок экенин башынан бери айтып келген.

Ал арада Бишкек шаардык сотунда коомчулукта резонанс жараткан дагы бир иш боюнча айыпталган адам – Алтынбек Муралиевдин да жаза мөөнөтү кыскарды. Өкмөттүн мурдагы кызматкеринин атасы, Кыргызстандын экс-премьер-министри Амангелди Муралиев мындай чечим шаардык сотто кабыл алынганын айтууда:

Амангелди Муралиев.
Амангелди Муралиев.

- Жаңы кодекстер ишке кирип, айрымдар боюнча ушинтип гуманизация болуп жатат. 22 жылдан 15 жылга түштү. Чечим Бишкек шаардык сотунда кабыл алынды. Туура чечим. Эми Жогорку Сотко да кайрылабыз.

Кыргыз өкмөтүнүн Эл аралык кызматташтык бөлүмүнүн мурдагы башчысы Алтынбек Муралиев 2014-жылы “башка өлкөнүн пайдасына тыңчылык кылган” деп кармалып, тергөө иши эки жылга чукул созулган. 2016-жылы Биринчи Май райондук соту аны 12 жылга, ал эми Бишкек шаардык соту жазаны катаалдатып, 22 жылга күчөтүлгөн тартипте жаза мөөнөтүн өтөө өкүмүн чыгарган. Соттун өкүмүнөн кийин Амангелди Муралиев уулуна байланыштуу бул иште “күмөн жагдайлар бар” деген пикирин ортого салган.

Быйылкы жылдан тартып Кыргызстанда мыйзамдарды гумандаштыруу жараяны башталып, кылмыш жасаган адамдардын жазасын кайра карап чыгууга жол ачылды.

Жаза аткаруу кызматынын басма сөз катчысы Элеонора Сабатарованын белгилешинче, Муралиев, Абеков сыяктуу эле дээрлик бардык соттолгондордун иши кайра каралат. Болгону, өтө оор кылмыш жасап, өмүрүнүн аягына чейин эркинен ажыратылгандар бул тизмеге кирбейт.

- Бул адамдар “башы көрүнүп калгандар” болгондуктан алар тууралуу жалпыга маалымдоо каражаттарына жазылып жатат. Бизде отурган адамдардын баарынын эле иши каралып чыгат. Мисалы, биринчи жолу камалгандар бар. Улам түрмөгө кирип-чыга берген “рецидивист” деп коебуз, бирок алардын арасында бирөөнү сабап койгон же бир нерсени уурдап кеткендер бар. Алар мыйзамда эки-үч жолу соттолгон деп каралат, бирок күнөөсү оор эмес. Ар кандайлар бар. Мисалы “Барар жерим жок" деп люк уурдап, “мени соттогула” деп өздөрү келген “сезондук кардар” дегендерибиз да бар. Көбүнүкү кыскарат.

Жаза мөөнөтүн кайра карап чыгуу тууралуу өтүнүчтөрдү абакта жаткандардын атынан Жаза аткаруу кызматы өзү жазып, алгачкы соттук териштирүүсү кайсы жерде өтсө, ошол инстанцияга жөнөтүп жатат.

Сабатарова буга өкмөт үч айлык мөөнөт бергенин, дээрлик жарымынан көбүнүн атынан арыз сотторго жөнөтүлгөнүн кошумчалады.

Икрамидин Айткулов
Икрамидин Айткулов

Адвокат Икрамидин Айткулов мыйзамдар гумандаштырыла баштаганын жакшы көрүнүш деп эсептейт, бирок кийин дагы өзгөртүүлөрдү киргизүү зарыл дейт:

- Көп иштер боюнча жумшартылууда. Кээ бирлери боюнча, тескерисинче, катуулатып жатышат. Кылмыштын жазасы жаңы кодекстерде күчөтүлгөн болсо, мыйзам артка иштебейт. Ал эми жумшартуу каралган болсо, кайра териштирүүгө уруксат бар. Жалпысынан, менин оюнча, гумандаштыруу жараяны башталганы жакшы. Бирок айрым кемчиликтер да бар. Алар да бара-бара оңдолот го.

Быйыл 1-январдан тартып жаңы Кылмыш-жаза кодекси, Жазык-процессуалдык кодекс, Жазык-аткаруу кодекси, Жоруктар тууралуу кодекс жана Бузуу тууралуу кодекс күчүнө кирди. Андан тышкары «Пробация жөнүндө» жана «Мунапыс жөнүндө» мыйзамдар иштей баштады.

Расмий маалыматка караганда, Кыргызстанда 11 жабык жай бар, аларда кармалып жаткандардын саны 10 миңдин тегерегинде. Аялдардын жалгыз абагында отургандар 300гө жакын.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG