Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:47

Абактагы Абеков дагы ачкачылык жарыялады


Алмазбек Абеков
Алмазбек Абеков

"Альфа Телеком" компаниясындагы коррупциялык иштер боюнча айыпталып, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин тергөө абагында төрт жылдан бери отурган Алмазбек Абеков шаардык соттун эки судьясын жоопко тартууну Башкы прокуратурадан талап кылып, ачкачылык жарыялады.

Анын адвокаты Абаз Мамбетакуновдун айтымында, Абеков 4-октябрдагы парламенттик шайлоодо добуш берүүгө катышуу үчүн биометрикалык маалымат тапшыруу өтүнүчү менен Бишкек шаардык сотуна кайрылып, бирок жооп алган эмес. Укугу бузулуп жатканын айтып Абеков Башкы прокуратурага кайрылган болчу. Бирок прокуратура соттордун күнөөсү бар экенин белгилеген гана жооп кайтарган.

- Башкы прокуратура жөнөкөй суроо-талап жөнөткөн сыяктуу жооп жазып, Бишкек шаардык прокуратурасын көзөмөлдөөгө буюруп койгон. Бизге жообунда болсо “ооба, судьялардын күнөөсү бар, Соттор кеңешине кайрылгыла” деди. Чындыгында кылмыш иш козгоо боюнча башкы прокурор өзү гана чечим чыгара алат да. Башка эч кимдин укугу жок.

Адвокат Абаз Мамбетакунов Башкы прокуратура кылмыш ишин козгоп же андан баш тартуу боюнча чечим чыгарганга чейин Абеков ачкачылыгын уланта берерин кошумчалады.

3-ноябрда Алмазбек Абеков коопсуздугу үчүн жоопкерчиликти башкы прокурор Индира Жолдубаевага жүктөп, Кыргызстандын күч органдарынын жетекчилерине, Эл аралык Кызыл чырым жана Европа коопсуздук жана кызматташтык уюмуна да кайрылуу кат жолдоду.

Башкы прокуратура Абековдун 1-октябрдагы арызынан башка эч кандай кат келбегенин “Азаттыкка” маалымдап, эгер кошумча дагы дооматтары болсо жаңы арыз менен кайрылууга болорун билдирди. Прокуратуранын маалымат бөлүмүнүн атын атагысы келбеген өкүлү мунун себебин жарандардан түшкөн арыз бир эле жолу каралып, кайрадан суроо жаралса, жаңы арыз менен кайрылуу зарыл деп түшүндүрдү:

- Эгер ал киши биздин берген жоопко канааттанбаса кайрадан кайрылышы керек. Бизде иш кагаздары бир жолу каралат. Жооп берилди, кийинкиси карала берет. Эми бизге “мындай пункттары калып кетти” деп кайра кайрылса болот.

Абековдун дагы бир жактоочусу Икрамидин Айткулов Башкы прокуратурага бир нече жолу кайрылуу болгонуна карабастан ооз учу менен жооп берип, адам укугуна кол шилтенип жатат деп эсептейт.

- Маалыматы жок, уккан эмес болсо, түшүнбөсө анда такташ керек болчу. Башкы прокуратура билбесе ким билет? Менимче, баш прокурордун өзүндө да маалымат жок. Ушуну жеткирип, ишке ашыра турган аткаруучулар маалымат берип турушу керек эле. Тескерисинче, алар кайрадан ишти токтотуп, чаташтырып отурат, бюрократиялык ишке көмүлүп. Бул үчүн алар жооп бериши керек. Ошон үчүн башкы прокурор тез арада чара көрүшү керек, аткаруучуларды жазалап, шаардык соттун судяларына карата кылмыш ишин козгоо боюнча ишти баштоо керек.

Алмазбек Абековдун иши жалпы коомчулукта талкууга алынууда. Кармоочу жайлардагы, абактардагы дагы башка кагаз иштеринин айынан добуш берүү укугунан ажыраган жөнөкөй жарандардын саны өтө көп болгонун укук коргоочу Токтойым Үмөталиева айтууда. Ал Абековдун талабын Башкы прокуратура аткарарына көзү жетпей турганын кошумчалады:

- Абактагы адам ачкачылык жарыялагандан башка айласы жок. Ушул эле укугу бар. Эми прокуратура адилет карап, тергеп бериш керек. Бирок биздин өлкөдө ишеним калбады. Албетте Абеков шайлоого катыша албай калды. Ал укугун кайтара албасың. Бирок ошондой болсо да принципке туруп, бул ишти аягына чыгаруу керек деген адамды коомчулук колдоого алышы керек.

Абеков буга чейин да 2013-жылы 7-мартта Биринчи май райондук сотунун камакта калтырган чечимине нааразылыгын билдирип, ачкачылык жарыялаган.

УКМК “Альфа Телекомдун” башкы директорунун кеңешчиси Алмазбек Абеков менен бирге ишкананын ошол кездеги башкы директору Азамат Мурзалиевди, жоопкерчилиги чектелген “Новострой сервис” коомунун башчысы Кенжебек Аман уулун 2012-жылдын январь айында камакка алган. Аларга жарым үлүшү мамлекетке караган «Альфа Телеком» ишканаcына 142 миллион сомдон ашык зыян келтирди деген айып коюлган.

Кийинчерээк Мурзалиев менен Аман уулу үй камагына чыгарылып, Абеков тергөө абагында калган. Аны быйыл 29-майда Биринчи Май райондук соту баш коргоо чарасын өзгөртүп, үй камагына чыгарган. Үч ай өтүп-өтпөй Бишкек шаардык соту шаардык прокуратуранын арызы менен анын баш коргоо чарасын карап, Абеков кайрадан камакка алынган.

  • 16x9 Image

    Сабыр Абдумомунов

    "Данисте" телеберүүсүнүн алып баруучусу. Бир нече радионун түптөлүшүнө салым кошкон. Мульти-медиалык журналистика боюнча тренер.

XS
SM
MD
LG