Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:31

Тыңчылык иштин таржымалы жарыяланды


Алтынбек Муралиев
Алтынбек Муралиев

Мамлекеттик чыккынчылык үчүн 22 жылга соттолгон Алтынбек Муралиев чет элдик чалгын борборуна төрт жүздөй жашыруун документ жибергенге үлгүргөн деген маалыматтар айтылды.

Анын кылмыш ишинин таржымалын “Дело №” басылмасы жазып чыкты.

Бирок өкмөттүн эл аралык кызматташтык бөлүмүнүн мурдагы башчысы Алтынбек Муралиевдин атасы, мурдагы премьер-министр Амангелди Муралиев бул иште күмөндүү жагдайлар бар экенин билдирди.

Ошондой эле Алтынбек Муралиевдин чет элдик чалгын менен байланышы төрт жыл мурун байкалып, бирок алдын ала чара көрүлбөгөнү, натыйжада мамлекеттин кызыкчылыгына олуттуу зыян келтирилгени боюнча айыптоо дагы шек жаратары белгиленди. УКМК болсо аталган басылмага расмий жарыяланган Алтынбек Муралиевдин тыңчылык таржымалына комментарий берүүдөн баш тартты.

Көп жагдайлар көмүскө бойдон калдыбы?

“Дело №” гезити Алтынбек Муралиев өкмөттө жооптуу кызматта жүрүп, чет элдик чалгын кызматын төрт жүзгө чукул жашыруун документ менен камсыздаганын баяндады. “Жашыруун” жана “өтө жашыруун” деген гриф коюлган документтердин көпчүлүгү Кыргызстандын тышкы саясатына тиешелүү болгон. Анын арасында коңшу өлкөлөр менен болгон татаал мамилеге байланыштуу маалыматтар дагы камтылган. Мунун натыйжасында мамлекетке олуттуу зыян келтирилгени көрсөтүлгөн. Сырлар ачылып калып, сүйлөшүүлөр ийгиликсиз аяктаган учурлар мисалга алынган. Башында Алтынбек Муралиевге жеңилирээк жаза мөөнөтүн караган “кызматтык сырларды ташыган” деген айып коюлуп, бирок кийин ал "мамлекеттик чыккынчылык" деген оор беренеге которулган. Мурдагы өкмөт башчы Амангелди Муралиев уулуна коюлган айыптоодо күмөндүү жагдайлар бар экенин айтты:

- Менин уулум иштеп жаткан учурда ошол жерде бир саясий оюндар болгон экен. Бул жанагы топтордун ортосунда тебеленип кеткен менин уулум болду окшойт. Башында кармаганда эле тергөөчүлөр “биздин сценарий боюнча көрсөтмө берсең сага жеңил болот” деп анын башын айландырышкан экен. Алгач кармаганда ага “бала-чакаңа, аялыңа зыяны тийет” деп псхиологиялык басым жасалыптыр. Ошондуктан тергөөгө мен жалдаган адвокаттарды дагы бир айдан ашуун жолотушкан жок. Анан калса тергөө амалдарын жүргүзүүдө психотроптук каражаттарды колдонгон окшойт, уулум башы айланып, алар эмнени кааласа, ошондой кылып видео тасмага сүйлөп бериптир. Бирок иште түздөн-түз далилдеген кандайдыр бир материалдар жок. Акча алганы деле тастыкталган эмес. Банктын кутучасынан алынган акча ал уулумдун апасынын, анан үй-бүлөсүнүн чогулткан каражаты экен. Анан бул жерде атайын кызмат өзүнүн ишин көрсөтүш үчүн эле ага "мамлекетке чыккынчылык кылды" дегенди илип жатат.

Иштин башы эмнеден башталган?

Бирок тергөөнүн материалдарына таянган басылманын таржымалында Алтынбек Муралиев кайсы мамлекеттин пайдасына иштегени аталган эмес. Басылма Алтынбек Муралиев 1999-2004-жылдары Түркияда окуп жүргөн учурда чет элдик атайын кызматтын көзүнө илингенин белгилеген. Бирок анын “эски тааныштары” он жылдан ашуун убакыттан кийин гана ага байланышка чыгып, кызматташууну сунушташкан. Ошентип анын тыңчылык иши 2010-жылы төңкөрүштүн астында кырдаалды чет элдик чалгынчыга кабарландырып туруудан башталган. Алтынбек Муралиев жашыруун маалыматтарды атайын жабык программалык камсыздоо аркылуу чет элдик чалгын борборуна жөнөтүп турганы айтылган. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик кызматтын расмий өкүлү Рахат Сулайманов басылма келтирген кылмыш ишинин таржымалына комментарий берүүдөн баш тартты:

- Биз ал жагдайларга эч кандай расмий комментарий бере албайбыз. Муну эми азыр соттон сурашыңар керек болот. Анткени тергөө бүтүп, соттук териштирүүлөр аяктап сотттун өкүмү чыкты. Мына ошондуктан биз ага карата кандайдыр бир комментарий бергенибиз азыр туура болбойт.

Зыяндын өлчөмү канчалык?

Таржымалда Кыргызстандын атайын кызматы Алтынбек Муралиевдин чет элдик чалгын менен байланышын 2010-жылы эле байкаганы көрсөтүлгөн. Анын чет элдик чалгынчылар менен жашыруун батирлерде жолугушуп, жаңы тапшырмаларды алып турганы кылмыш ишинде белгиленген. Бирок бул жагдайды эмнеге атайын кызмат алдын алган эмес деген суроо таржымалда жоопсуз калган. Анткени төрт жылда чыгып кеткен жашыруун сырлардын айынан мамлекет канча зыян тартканы эмнегедир айтылган эмес. Бирок УКМКнын мурда төрага орун басары Токон Мамытов бул жагдайды төмөндөгүчө түшүндүрдү:

- Бул жерде эмне анын артынан төрт жыл сая түшүп, анан кармады дегенди туура түшүнүү керек. Анткени буга окшогон операцияларды жүргүзүү үчүн көп убакыт талап кылынат. Анын кандайдыр бир байланыштары жаңы байкалган учурда эле, ал толук далилденгенге чейин эле тыңчылыкка айыптап, баса калып кармаганга мыйзам жол бербейт. Азыр баягы 37-жыл эмес да. Ошондуктан чекисттер бул ишти кылдат иликтеп чыгып, анын чынында эле тыңчылык менен алектенип жатканын далилдей турган илинчектер чогултулгандан кийин гана кармашкан. Бул ишти ачуу үчүн өзгөчө талаптар жана өзгөчө ыкмалар зарыл. Бул жагын эске алыш керек.

Таржымалда 2010-жылдан тарта жооптуу аткаминердин тыңчылык акысы айына миң доллардан болуп, кийин кызматтык тепкич менен жогорулаган сайын анын “гонорары” эки миң АКШ долларына чейин көтөрүлгөнү көрсөтүлгөн. Алтынбек Муралиев 2014-жылы кармалып, анын тергөө иши эки жылга чукул созулду. Быйыл жыл башында Биринчи-Май райондук соту Алтынбек Муралиевди 12 жылга кескен. Жакында Бишкек шаардык соту ал жазаны катаалдатып, 22 жылга күчөтүлгөн тартипте жаза мөөнөтүн өтөө өкүмүн чыгарды.

XS
SM
MD
LG