Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:31

Экс-премьердин уулу чыккынчылык үчүн кесилди


Алтынбек Муралиев
Алтынбек Муралиев

Мурунку өкмөт башчы Амангелди Муралиевдин уулу Алтынбек Муралиев 12 жылга эркинен ажыратылды. Ал мындан эки жыл мурун Кыргызстанга чыккынчылык кылган деген айып менен кармалган.

17-майда Бишкектин Биринчи май райондук соту өкмөт аппаратынын эл аралык кызматташтык бөлүмүнүн мурунку башчысы Алтынбек Муралиевди мамлекетке чыккынчылык кылды деп тапты. "Муралиев кызматтык жашыруун сырды чет өлкөгө берген" деген Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин доосун сот далилденди деп корутунду чыгарып, аны 12 жылга эркинен ажыратты. Жогорку соттун маалымат катчысы Айнура Токтошева:

- Муралиев Кыргыз Республикасынын Кылмыш кодексинин 292-беренеси (мамлекеттик чыккынчылык) боюнча айыпталып, 12 жылга кесилди. Мүлкү конфискацияланат. Жаза өтөө мөөнөтү күчөтүлгөн режимде өтөт.

- Муралиев башкарган бөлүм тышкы иштер министирлигин көзөмөлдөйт. Ага башка министрликтерден да маалыматтар түшүп турат. Ошолордун баарын алып, иргеп, керектүү анализден кийин өкмөткө тиешелүү чечимдерди даярдашат да.
Марат Иманкулов

Өкмөт аппаратында эмгектенген Алтынбек Муралиевдин кайсыл чет мамлекет менен кызматташканы азыркыга чейин ачык айтылган жок. Анткени тергөө жана сот иштери башынан аягына чейин жашыруун жана жабык болгон. Ошондуктан эки жылдан бери УКМКнын абагында жаткан чиновниктин кайсы мамлекеттин пайдасына тыңчылык кылганы, ал канчалык деңгээлде мамлекеттик сырлар менен тааныш болгону, андан мамлекет канча зыян тартканы коомчулукка белгисиз бойдон калууда. Алтынбек Муралиевдин атасы, мурунку өкмөт башчы Амангелди Муралиев да уулуна кайсы иши үчүн айып коюлуп жатканын ачыкка чыгарган жок:

- Бул тууралуу азыр эч нерсе айта албайм. Балким кийин айтып беришим мүмкүн.

УКМКнын мурдагы төрага орун басары Марат Иманкулов ири мамлекеттик ишмердин уулу чыккынчылыкка айыпталганы акылга сыйбастыгын айтат. Буга чейин өкмөттүк аппараттын бөлүм башчысынын кайсы мамлекеттик сырга колу жетет деген суроолор айтылып келген. Бирок Марат Иманкулов Алтынбек Муралиев ээлеген кызмат көптөгөн мамлекеттик сырларга ээлик кылат деп эсептейт:

Марат Иманкулов
Марат Иманкулов

- Муралиев башкарган бөлүм тышкы иштер министирлигин көзөмөлдөйт. Ага башка министрликтерден да маалыматтар түшүп турат. Ошолордун баарын алып, иргеп, керектүү анализден кийин өкмөткө тиешелүү чечимдерди даярдашат да. Ошондуктан ал жерде мамлекеттик сырлар болушу мүмкүн. Анткени ар бир мамлекеттин тышкы саясатты жүргүзүүдө кайсы бир мөөнөткө чейин жашыруун сактала турган сырлары болот. Мында мени өкүндүргөн жана ойлонткон жагдай: бул ири мамлекеттик ишмердин уулунун ошол ишке кабылышы болуп жатат. Муну кабыл алуу эки эсе оор.

Муралиев кызматтык сыр катары сактала турган маалыматтарды башка өлкөгө берген деп шектелип, 2014-жылдын 1-ноябрында кармалган. Алтынбек Муралиев 2013-жылы өкмөт башчы кызматын ээлеген Жантөрө Сатыбалдиевдин буйругу менен өкмөттүн тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы болуп дайындалган. Ага чейин ал аталган бөлүмдө адис катары эмгектенип келген.

XS
SM
MD
LG