Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:11

Президент айткан генералдардын "таасири"


12Aug2012
12Aug2012

Президент Алмазбек Атамбаев жетекчилери камакка алынган оппозициялык “Элдик парламент” кыймылынын артындагы күчтөр тууралуу билдирди.

Алмазбек Атамбаев 1916-жылдагы өлкөнүн түндүгүндөгү кыргынды жана Ош менен Жалал-Абаддагы 2010-жылы июнь айындагы этникалык кагылышты чет элдик атайын кызматтын генералдары уюштурган деп билдирди.

Талдоочулар президенттин бул айтканын орусиялык атайын кызматтын изи катары чечмелешүүдө.

Атайын кызмат ачык айтылган жок

Мамлекет башчысы Алмазбек Атамбаев 15-майда энелерди майрамы менен куттуктоо учурунда оппозициянын артындагы көмүскө күчтөр тууралуу билдирүү жасады. Ал мурдагы президенттер Аскар Акаев менен Курманбек Бакиевдин жакын адамдары кандуу төңкөрүшкө даярданганын айтып, андайга азыр эч качан жол берилбестигин белгиледи.

Мамлекет башчысы Атамбаев алардын айрым чет элдик атайын кызматтардын генералдары менен байланышын баса белгилеп, муну улутка чыккынчылык деп жар салды. Бирок кайсы мамлекеттин атайын кызматы экени ачык айтылган жок.

Президент Алмазбек Атамбаев буга чейинки кандуу окуяларды уюштурууга да алардын түздөн түз салымы болгонун мисал келтирди:

Адахан Мадумаров
Адахан Мадумаров

- Чет элдик генералдар биздин элибизге эч качан жакшылык кылган эмес. Биз муну 1916-жылкы окуяларда падышалык генералдардын ишинен билебиз. Анда Кыргызстандын түндүгүнүн жарымына жакыны кыргынга учуратылган. Ошондой эле биз төрт жүздөн ашуун жараныбыз каза болгон 2010-жылы июнь окуясында Ош менен Жалал-Абадагы чет элдик атайын кызматтардын генералдарынын ишмердигин дагы билебиз.

Президенттин бул айтканын талдоочулар мында орусиялык атайын кызматтардын Кыргызстанга тиешеси бар генералдары тууралуу сөз болгонун боолголошууда. Анткени Атамбаев 2011-жылы жаңыдан президент болгондо да Орусиянын президентине кайсы бир генералдардын мамилесине карата даттанган эле. Мына ошондуктан аталган билдирүүнү азыркы бийликтин Кремл менен мамилесинин жыйынтыгы катары карагандар да жок эмес.

Айтылган сөз – атылган ок

“Бүтүн Кыргызстан” саясий партиясынын төрагасы Адахан Мадумаров президенттин бул жолку дооматы эми далилдер менен коштолушу керектигин айтты:- Ар ким оозуна келгенди айта бериши мүмкүн. Бирок мамлекет башчысынын айтканы бир тең. Эми президент бул айткан дооматын мамлекет башчысы катары далилдеп бериши керек. Бул эки мамлекеттин ортосундагы мамилеге чоң бир кесепетин тийгизиши мүмкүн. Энелерди куттуктап жатканда 16-жылды эскерүүнүн эмне кажети бар эле? Бул өзүнчө бир чоң маселе. Президент эгерде 2010-жылы июнь окуясында кимдер кантип иштегенин билген болсо, анда алты жылдан бери аны эмнеге сары майдай сактап отурат? Анда ким күнөөлүү экенин ачык айтпайбы. Мына ошол кандуу окуяга тиешеси бар деген генералдардын аттарын аташы керек эле.

Чочуткан генералдар чоочун эмес

Буга чейин “Элдик парламент” кыймылынын жетекчилеринин бири Бекболот Талгарбеков аларды түбү кыргызстандык Москвадагы орус генералдары колдорун айткан болчу. Анда Орусиянын Федералдык кызматынын директорунун мурдагы орун басары Вячеслав Ушаков жана Федералдык коопсуздук кеңешинин мурдагы башкы кеңешчиси Бахтияр Алиев тууралуу айтылган эле.

Бахтияр Алиев Кыргызстанда алгач жолу милиция органдарын негиздеген генерал Эргеш Алиевдин небереси. Ал Орусиядан билим алып, анан ал жакта атайын кызматтарда жетекчилик кызматтарда иштеп жүрүп, кийин бошогон. Мындан сырткары Кыргызстанда окуп, иштеп жүрүп кийин Орусиянын Федералдык кызматына которулуп кеткен өзгөндүк Вячеслав Ушаков атайын кызматтын жетекчисинин орун басарлык кызматына чейин көтөрүлгөн. Бирок ал 2010-жылы күзүндө кызматынан кеткен болчу.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин мурдагы төрага орун басары Марат Иманкулов соңку мезгилде бийликке нааразы топтор сырттан колдоо издеген жагдай бар экенин айтып, бирок аталган генералдар абалга таасир эте албашын белгиледи:

Марат Иманкулов
Марат Иманкулов

- Кооптондурганы - мына ошого окшогон ар кандай топтор соңку мезгилде көбөйө баштады. Мунун бардыгы мамлекетте “иш” жакшы эмес экенинен кабар берет. Ушаков деген учурунда Бакиевдерди колдоп, ошолорго кеп-кеңештерин берип жүргөнүн көп уккам. Менин угушума караганда анын азыр Орусияда эч кандай деле таасири жок. Аны чекисттик этикага туура келбеген иштери үчүн атайын кызматтан айдап салышкан. Ошондой жол менен кызматтан кеткен адамдар анан кантип мамлекеттин атынан тапшырма алып, Кыргызстанда аба ырайын жасай алышы мүмкүн? Мен буга ишенбейм. Аны президент Атамбаев деле билип турат. Ошондуктан ооз көптүрүп сүйлөп жатканы.

Алмазбек Атамбаевдин “сөзсүз кызматтан кетишин”, андан кийин “парламент менен сүйлөшүп жаңы өкмөт түзүлүшүн” убада кылып жаткан “Элдик парламент” кыймылынын жетекчилери жакында камакка алынган. Бирок алардын тарапкерлери нааразылык акциясына чыккан жок. Мына ошондуктан алар убада кылган бийликке каршы 60 миң киши катышкан митинг жөнүндөгү сөздөр негизсиз экени байкалып калды. Бирок ага карабай президент баш болуп бул кыймылдын “курч билдирүүлөрүнө” жооп кылганына караганда “Элдик парламент” бийликти катуу чочуткан сыяктуу.

XS
SM
MD
LG