Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:58

Алтынбек Муралиев 22 жылга эркинен ажыратылды


Алтынбек Муралиев.
Алтынбек Муралиев.

Кыргыз өкмөтүнүн аппаратынын мурдагы бөлүм башчысы, мамлекетке чыккынчылык кылган деп айыпталган Алтынбек Муралиев 22 жылга эркинен ажыратылды. Бул тууралуу Жогорку Соттун басма сөз катчысы Айнура Токтошева “Азаттык” радиосуна билдирди:

- Бишкек шаардык сотунун жазык иштери боюнча соттук коллегиясы 2-сентябрда бул ишти карап, Кылмыш-жаза кодексинин эки беренеси менен күнөөлүү деп тапты. 304-берене - Кызмат абалынан кыянат пайдалануу, 298-берене - мамлекетке чыккынчылык. Мүлкү конфискацияланып, жаза мөөнөтүн күчөтүлгөн тартипте өтөйт.

Быйыл майда Биринчи Май райондук соту Муралиевди 12 жылга эркинен ажыраткан эле.

Муралиев 2014-жылы Кыргызстанга чыккынчылык кылган деген айып менен кармалган. Бирок кайсыл мамлекеттин пайдасына иштегени ачык айтылган эмес.

Алтынбек Муралиев Кыргызстандын мурдагы премьер-министри Амангелди Муралиевдин уулу.

XS
SM
MD
LG